Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Борбор Азияны чочуткан экстремизм


Казакстан -- Тараз шаарындагы жардыруудан кийин полиция ошол жердеги унааны текшерүүдө, 12-ноябрь, 2011.

Казакстан -- Тараз шаарындагы жардыруудан кийин полиция ошол жердеги унааны текшерүүдө, 12-ноябрь, 2011.

Казакстан менен Тажикстанда экстремизмдин жандануусу Кыргызстанга да таасири тийээри кооптондурууда.

Казакстан менен Тажикстанда экстремизмдин жандануусу Кыргызстанга да таасир этерин Бишкекте өткөн жыйында Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Көлбай Мусаев белгиледи. Ошондуктан ал терроризмге каршы күрөшүү КМШнын антитеррордук борбору менен биргеликте жүрүшү зарыл деп эсептейт.


Террорчулар эми Кыргызстанга оойбу?

Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги террористтик уюмдар дагы келе баштады бизге. Буларды биздин адистер жакшы таанып биле албайт...
Орозбек Молдалиев

Өткөн апта соңунда КМШнын коопсуздук жана атайын кызматынын өкүлдөрү, экстремизм, терроризм маселелери боюнча эксперттер дал ушул маселелелерди сүйлөшүү үчүн Бишкекке чогулушкан. Аталган борбор төрагасынын орун басары, Казакстандын өкүлү Молдияр Орозалиев терракт жана экстремизм макамы бар кылмыштардын баарын кылдат иликтөө зарылдыгын белгилөөдө. Ал коркунуч жаратуучу террористтик уюмдардардын катарына “Халифат жоокерлери” жана “Хизб-ут-Тахрирди” кошкон. Ошону менен бирге Борбор Азиядагы кырдаал кооптуу деген пикирлерге кошуларын “Азаттыкка” билдирди.

Тараздагы жардыруу болгон жер, 12-ноябрь.

Тараздагы жардыруу болгон жер, 12-ноябрь.


- Эгер экстремизм Өзбекстанда күчөсө Кыргызстан, Казакстанга да таасирин тийгизет. Анткени биз бир аймакта турабыз, чек аралар да жакын. Ошондуктан бул күтүлгөн эле нерсе. Деги эле Борбор Азия аймагында, ошол эле Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда эмнелер болуп жатат, кандай коркунучтар бар, аларга кантип каршы турушубуз керек, канткенде бул багытта мамлекет аралык жана атайын кызматтардын биргелешип иштөөсүн жакшырта алабыз деген маселелерди сүйлөштүк. Ал үчүн биргелешкен чараларды иштеп чыгыш керек.

Өткөн ноябрь айынын ортосунда Тараз шаарында болгон жардырууда жана аткылашууларда жети адам, анын катарында беш полициячы курман болгон. Расмий бийликтер кандуу калабаны "жихадизмдин үмөтү" уюштурганын билдирип, бул окуяны “террорчулук” деп мүнөздөшкөн. Май айында болсо Казакстандын түндүк-батышындагы Ак-Төбө шаарында коопсуздук кызматынын кеңсесине, октябрда Каспий жээгиндеги Атырауда өкмөттүк имаратка бомба чабуулдары жасалган. Бул эки окуяда тең жанкечтилер өздөрүн жардырып жиберишкен. Ал эми жылдын башында Тажикстандын Рашт өрөөнүндө куралчандарды жок кылуу операциялары болуп, анда кыйла адам мерт болгон.

Ушул окуялардан соң бул өлкөлөр экстремисттик топторго каршы күрөштү күчөтсө, ал агымдар Кыргызстанга ооп келиши ыктымалдыгы айтыла баштады.

Президенттик аппараттын анализдөө бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Орозбек Молдалиев Борбор Азияда ар кандай террористтик уюмдардын өкүлдөрү пайда болуп, алардын ишмердиги көзөмөлгө алынбай келатканын айтууда:

- Өзбекстанда “хизбуттахрирчилерди” тескей баштаганда акырын гана Кыргызстанга келип отурукташып, бул жакта жайылып кетти. Ошондуктан бардыгыбызга тиешеси бар дегендин негизи бар. "Ислам жихаты" союзунун террористтери пайда болду, Жакынкы Чыгыш мамлекеттериндеги террористтик уюмдар дагы келе баштады бизге. Мурда “Аль-Каида”, Өзбекстан ислам кыймылы десек азыр ар канадй уюмдун өкүлдөрү көбөйүп кетти региондо. Буларды биздин адистер жакшы таанып биле албайт. Азыр ошондой кыйынчылыктар болуп атат.


Диний чөйрөнү кантип тартипке салабыз?


Ал эми УКМКнын полковниги жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Талант Разаковдун айтымында, 2014-жылы АКШнын Ооганстандан аскерлерин алып чыгышы да Борбор Азиядагы кырдаалга таасир бериши ыктымал.


- Ошого байланыштуу Ооганстанда талибдер менен тил табышып алуу процесси жүрүп жатат. Андай болсо албетте алар өздөрүнүн шарттарын, кызыкчылыктарын коёт. Бул Орто Азия аймагына таасирин тийгизбей койбойт. Мисалы Казакстанда болуп аткан окуялар дагы биздин өз ара биргелешип иштешпегенибиздин кесепети. Мисалы террористтер өз ара биргелешип, маалымат алмашып турушат. Ал эми бизде атайын кызматтардын маалымат алмашуусу тилекке каршы начар деңгээлде экени билинип калды.

Анткен менен терроризмге каршы күрөшүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардыгында эле чабал жүрүүдө дешет эксперттер. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан динге көбүрөөк эркиндик берген өлкө катары саналып келет.
Террористтер өз ара биргелешип, маалымат алмашып турушат. Ал эми бизде атайын кызматтардын маалымат алмашуусу тилекке каршы начар деңгээлде экени билинип калды.
Талант Разаков

Бирок Орозбек Молдалиев Кыргызстанда диний багытка көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгилөөдө.

- Бул жагынан өзүбүз жакшылап иштеп, аналиктикалык топторду жакшылап иштетиш керек. Анан диний багытка жакшы көңүл бурбай жатабыз. Ушул чөйрөнү тартипке салып туруп иштебесек, молодекелер экстремизм багытында элге, коомчулукка жакшы жардам бере албай жатканын көрүп атабыз. Көбүнесе өзүнүн иштери менен алек болуп жатышат. Болбосо исламды жаманатты кылган топтор менен исламдын аалымдары да күрөшүш керек.

Кыргызстанда расмий террористтик жана экстремисттик деп табылган 8 диний уюм бар. Алардын ичинен Кыргызстанда “Хизб-ут Тахрир” диний партиясынын мүчөлөрүнүн саны арбын экендиги айтылып келатат. Эксперт, серепчилер болсо жаштар арасында экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштап келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG