Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Жаңы жыл – убадалар убарасы


Дүйнө элдеринин Жаңы Жылдагы азилдери.



Жеп-жеңил убадалар

Көптөгөн өлкөлөрдө Жаңы Жыл алдында убада берүү салты бар. Саат басып, убада аткарылбай калган учурлар көп эмеспи.

Ошондуктан турмушка ашырууга мүмкүн болгон төмөнкү убаданы берсең, жыл айланганда “сөзүмө тура албай калдым” деген ой сизди эч мыжыгып кыйнабайт:

“Чылым таштайм” деген ойду эгерим жуутпайм.

Ишке караганда той-тороподо көбүрөөк жүрөм.

Мүмкүн болушунча азыраак окуйм.

Ансыз да болук денемдин андан ары салмак артышы үчүн кам көрөм.

Дене тарбия аракеттеринен жаа бою качам.

Ичем, жейм, ичем, жейм.

Мурдагыдан да жайбаракат жүрөм.

Ырым-жырымчылыгымды күчөтөм.

Үй тапшырманы аткарбоого тырышам.

* * * * * * *

Жакшы башталыш

- Досум, мага бир тамеки берип койчу!
- А сен “Жаңы жылда чылым чегүүнү токтотом” деп убада кылбадың беле?
- Ооба. Мен азыр ошол убаданы аткаруунун биринчи баскычына көтөрүлдүм.
- Ал эмне баскыч экен?
- Оболу тамеки сатып алууну токтотуп атам.


* * * * * * *

Жаңы жыл жана Обама

- Жаңы Жыл майрамы Обаманын Нобел сыйлыгындай эле бар.
- Неге антип ойлойсуң?
- Чынында да жаңы жылдагы ишиңди такыр баштай элексиң, бирок үй-бүлөң менен досторуңдун сый-урматына алдын-ала ээ болосуң.

* * * * * * *

Оңдоп бериңиз

- Урматтуу адис, менин “тилибезеримди” оңдоп берсеңиз.
- Эмне болуп кетти?
- Билбейм, быйылкы жыл башталаарына 5 мүнөт калганда да жомокчу бир тууган Гриммдердин бири Кремлдин балатысынын жанына келе калды да, сыналгыдан эски жомогун айтып кирди: “Өткөн жыл саал-паал начар болду, быйылкы жылы сөзсүз жыргайсыңар” деп...

* * * * * * *

Кош кат

Ванька Жуков эми чоң атасына эмес, премьер Путинге жана Аяз Атага кат жазды.
Биринчисине нагыз суроосун жолдосо, экинчисине – бул каттагы маселеге жооп алууга колдоо кылып кой деген өтүнүчүн жолдоду.

* * * * * * *

Интернет майрамы

- Жаңы жылды интернетте тостук.
- Ал кандай болот экен?
- Тост көтөрүп убара болбостон, жыл көрсөткүчүн жаңыртып койдук.

* * * * * * *

Сөзүндө турбагандын тилеги

- О. Кудай! Биздин түйшүктөрүбүздү Жаңы жылдык убадаларыбыздын өмүрүнөн кыска кыла көр!

* * * * * * *

Дарска баратам

Жаңы жыл тоскон соң караңгы түндө Жон пивоканадан үйүн көздөй илең-салаң илкип келатса, алдынан полициячы торойт.
- Түнкү саат экиде эмне кылып жүрөсүз?
- Дарс укканы баратам.
- Ушул саатта ким сага дарс окусун?
- Аялым...

* * * * * * *
XS
SM
MD
LG