Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Сен дегенде сегиз болом го!


Мурдагы Советтер Биримдигинде 8-март күнүнө карата чыгарылган орусча ураан. 1932-жыл.
Мурдагы Советтер Биримдигинде 8-март күнүнө карата чыгарылган орусча ураан. 1932-жыл.

8-март - эл аралык аялдар күнү - Кыргызстанда жаз маанайы сезилген, калайыкты жайдары кылган майрамдардын бири. Бул майрам да калайыкта эч качан азили жок белгиленген эмес. Эмесе, 8-март майрамы тууралуу анекдоттордон жаңы шиңгил.

* * * * * * *

"8-март" деген эң татынакай майрам тууралуу кабары жок эриме алдыңкы күнү айтып калдым: :
- Жаным, эртең чоң майрам болот! Майрамдын майрамы!
- Дагы майрам болобу? Эми кайсынысы келип калды?
- Аялдардын эл аралык күнү!!!
- Оме-ей?! Анда мен эмне кылышым керек?
- Көп деле нерсе эмес. Мага гүлдесте анан кичинеке-ей бир жаркыраган нерсе сатып берсең болду! :)
- Болуптур, байбиче! Сага алып бербегенде, кимге!..
“Ай-ий, менин күйөөм алтын эле да!” деп ичимден ыраазы болдум.
Эртеси кечинде үйгө келсем, столдо гүлдесте турат. Жанында чакан кутуча да бар экен.
Ичимден кымылдап калдым.
“Алтыным ий, алтыным! Айтканымды калтырбайт ко, жаным!” деп алеп-желеп болуп сүйүнүп кеттим. Сыртымдан сыр бербедим.
- Ыракмат, жаным!
- Эми маалкатпай ачпайсыңбы, кутуну! – деди чыдамсызданган эрим дагы.
Ачтым эле... чын эле кип-кичинекей бир күмүштөй жалтыраган нерсе турат...
Сөйкө же шуруга эч окшобойт.
Акыры анын балык уулоого алып барчу нерсе... кайырмакка кошо илинчү азгырма жем экени башыма жетти...
Күйөөм болсо корстон болуп:
- Сен айткан “кичинеке-ей бир жаркыраган нерсең” ушул. Тааптырмынбы?!.


* * * * * * *

Депутат жаңы мыйзам долбоору менен тааныштырууда:
- Мен, урматтуу кесиптештер, 8-март майрамын таптакыр жоюуга каршымын, тек гана бул майрамды 29-февралга которуп салууну сунуштайм!..

* * * * * * *

Эмгек жамаатындагы эркектер тизилип кол чаап жатышты. Алардын “тамадасы” жамаатта иштеген ар бир айымга гүлдестелер жана белек-бечкектер таркатып жатты.
- Мына, урматтуу айымдар! Силерге белек-бечкек тапшыруу аземибиз да аяктады.
Андан кийин ал кесиптеш айымдардын улуусуна конверт тапшырды:
- Муну да алып коюңуздар. Бул акча – Сиздер 23-февралда берген белектер менен азыр бизден алган белектериңиздердин наркынын айырмасы.

* * * * * * *

Деги 8-мартта сүйгөн селкиңе эмне белек берсең болот?
Гүлдесте берсең, ал бат эле соолуп калат.
Уюкфон сатып берсең, ал балакет бат эле сынып калат экен.
Таптакыр сынбай турган эң мыкты белек – домкрат, автоунаага керек болчу кошумча темир аспап. Анын үстүнө кокус үйлөнүп калсаңар, ал аспап кайра өзүңө эле келет да!

* * * * * * *

Кулактандыруу:
“Бардык кайненелерди 8-март майрамы менен куттуктап, биздин театрыбыз ушул күнү кечинде аларды “Келиндер козголоңу”оюнун көрүүгө чакырат!”

* * * * * * *

Мурдагы СССРде көп жылдар бою айымдар кордук көрүп келишкен: 8-мартта белек-бечкек алыш үчүн алар 23-февралда эркектерге белекке деп жок дегенде "ырым кылып" бир бет аарчы алышы керек болгон.
Эми капиталисттик Батыш биздин аялдарга жардамга келди: эркектерге өз айымдарына 14-февралда да айрыкча белек берүү керектигин аңдатты.

* * * * * * *

- 23-февралды майрамдоонун кандай пайдасы бар?
- Эмгиче билбейсиңби? Дал ошол күнү 8-мартка карата кайсы айымдарга белек берээриң аныкталат эмеспи!

* * * * * * *

8-марттын алдында тарых сабагы өтүп жатат.
- Үй тапшырманы аткардыңарбы? Кана, Бектен, айтчы, 8-март майрамын ким ойлоп тапкан?
Ары жактан классташтары шыбырайт: «Клара... Клара... Цеткин... Цеткин...»
- Бул майрамды Клара Цветкин... Цеткин ойлоп тапкан!..
- Эмнеге?
- Билбейм. Балким, ал гүл саткан дүкөндүн ээси болсо керек...

* * * * * * *

8-март майрамынын алдында гүл саткан жерде опур-топур. Гүл саткан киши тим эле каадаланып калган кез.
– Байчечекейиңиз канчадан?
– Беш даанасы үч жүз сом.
– Кымбат ко. Саал түшүрсөңчү?
– Болуптур, сиз үчүн жети даанасы үч жүз сомдон…


* * * * * * *

Кулактандыруу:
“Биздин дүкөндөн 8-мартка аялына кулактуу казанча сатып алган ар бир эркекке темир туулга жана сынбас калкан белекке берилет!”

* * * * * * *


8-мартта гүл дүкөнүнө келген жигит сатуучуга кайрылды:
- Саламатсыздарбы! Сиздерде “Балакет болду” деген кооз гүлдесте барбы?
- Ооба. Байчечекейден турат, ага башка да кооз чөп-чар кошулат. Аласызбы?
- Кызык экен. Эмнеге антип аталат?
- Билбейт экенмин. Айтор, кыздардын баарына жагат экен го!..
- Анда сонун турбайбы! Бир гүлдестенин баасы канча турат?
- Миң сом.
- Эми... балакет болду го!

* * * * * * *

- Жаным, 8-март майрамына кандай белек тартууласам, сага?
- Магабы?.. Мага алма алып берсең... Жаңы уюкфондун артында… оюп тиштелген алманын сүрөтү...

* * * * * * *

5-8-март күндөрү – бул гүл сатуучулардын эл аралык майрам күндөрү!

* * * * * * *


(Ар кыл интернет булактардан жыйналды. TT).
XS
SM
MD
LG