Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Борбордук азиялыктар жылмайышат


“Таза акчанын” артында булайган апийим. Кимбайке. 23.7.2011.
“Таза акчанын” артында булайган апийим. Кимбайке. 23.7.2011.

“Күлкү кербендин” кезектеги коногу – борбордук азиялык элдерге таандык жаңы жана жаңыртылган азилдер, шакабалар.

* * * * * * *

Борбордук азиялык өлкөлөрдүн биринин “улут башчысы” мекендештерине көгүлтүр экрандан кайрылууда:

- Алтын баштуу кишилерибиз бүт Америкага кетип калды, колу алтындар Орусияда жүрөт. Эми силер менен кандай тирилик кылабыз, урматтуу алтын тиштүүлөр?!

* * * * * * *

Казакстанда жаңы конок үй курууну чечишти.

Дароо Түркиядан ишкер келди:

- Мага макул болсоңуздар, 3 миллион долларга баары бүтөт.

Финляндиядан бир курулуш компаниясынын кожоюну келди:

- Мага бул долбоорду берсеңиз. 6 миллионго бүтүрөм.

Министрдин таанышы келди:

- Мен 9 миллионго койкойтом.

- Кантип? Өтө эле чоң сурап атасың го?

- Анын 3 миллиону сага, 3 миллиону мага тийет?

- Анан?..

- Калганын түрк ишкерге беребиз. Ал жакшылап курсун да!

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG