Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

(Юмордук аңгеме)



Кечээ өспүрүм уулум менен ушул чоочун шаарга саякат кылып келгем.
Анан уулум айтып калса болобу: “Ата, ушу шаардын футбол стадиону жакшы дешет. Ошого бир барып көрбөйлүбү?”

Мейли, уулумдун көңүлүн суутпайын дедим да, белет сатчу жайына жөнөдүк.

- Акыркы эки белет калды, силер кайсы клубдун күйөрманысыңар? – деди белет сатуучу шектүү көзү менен карап.

- Бизге баары бир, экөөнө тең калыспыз. Иши кылып жакшы оюн болсо болду.

Тигинин белет берип жатып ийнин куушурганына таң калып койдум.
“Тоо-бо, соодасы өткөнүнө сүйүнбөйбү!” – деп ичимден ойлодум.

Жергиликтүү футбол клубунун аты “Ак-Терек” болсо, анын башка шаардан конокко келген атаандашы “Көк-Терек” экен.

“Экөө тең “жыгач” болсо болуптур да, оболу беркисинин стадионун көрүп койолучу”, - деп уулума куудулданымыш эттим. Чынында да жаңы стадион дурус курулган экен.

Анан таймаш башталды.

Таймаш менен кошо биздин шумдуктуу окуябыз да башталды.

“Эки жагына тең калыс болобуз, кимиси жакшы ойносо, ошонусун кубаттап турабыз”, - деп уулум менен макулдашып алган жаным, бир маалда “көк-теректиктер” беркилердин дарбазасына таамай топ киргизгенде ордуман тура калып кыйкырып жиберген экенмин:

- Го-о-ол!

Анан байкасам тегерегибиздеги орундар суюла түшүптүр.

Жанымдагылар мени жаман көзү менен айоосуз аткылап, дүрбөп нарыраак жакка жылып атканын таң кала карасам, уулум шыбырады:

- Ата, биз жалаң “ак-теректик” күйөрмандар отурган жайга келип алган турбайбызбы!

- Анын эмнеси бар экен?

- А Сиз “Көк-Теректи” колдоп кыйкырып жатпайсызбы!

Ошондо гана башка мүшкүл түшкөнүн аңдадым.

“Катыгүн, эми эмне болоор экен?”

Бир маалда жаныбызга топурап полициячылар жүгүрүп келишти да, уулум экөөбүздүн тегерегибизге ок өтпөс тунук желимден калканч куту орнотуп киришти. Бул калканч бизге футболду көрүүгө толук мүмкүндүк берет, бирок жаныбыздагы эч ким менен кол сунуп учураша албайбыз.

- Айланайындар, мен тынч эле жүргөн кишимин. “Ак-теректиктерге” эч тийбейм! – дедим жанымдагы калканчты орноткон полициячыга.

- Жарыктык, Сизден эмес, Сизди алардан коруп жатабыз.

- Балаага кабылганбыз го! Баса, менин бул жакта уулум менен чогуу “коркунучтуу аралда” калганыбызды кайдан биле койдуңар?

- “Ак-теректик” тентек күйөрмандар Фейсбук менен Твиттерге жаза салыптыр, “түкүнчөнчү катарда отурган “көк-теректиктер” эми дагы бир жолу кыйкырышса, сазайын беребиз” деп. Ошондон билдик.

Капысынан алды жагымда дагы дүрбөлөң боло түштү.

Карасам, кайдан-жайдан келгени белгисиз, сыналгы, үналгы, гезит, интернет кабарчылары топтоло калып, бизди сүрөткө, тасмага тартып, түз ободо биздин акыбалыбызды баяндай башташыптыр.

Ары жакта тез жардам көрсөтүүгө шымаланган ак кийимчен дарыгерлер пайда болду. Өлүкканасынан келгендери да бар окшойт, чагымда.

Футболду көрбөй эле, кыйла убакытка ошолорду көрүп калдык, уулубуз экөөбүз.

- Ата, карате боюнча машыгайын десем болбой койдуңуз эле! – деп уулум көзүнүн төбөсү менен мурчуйа карады.

Күнөөкөр боло футбол талаасын карасам, “ак-теректиктер” кайра чабуулга өткөн экен.

- Го-о-ол! – деп жанымдан дүрбөп оолактагандар ары жактан кыйкырышты.

Мен да топту кооз ыкма менен дарбазага эбин таап киргизген азаматтарга шаттана кол чаап жиберсем, берки мени кайтарган полициячы кабагын бүркөп:

- Эми принципти сактабайсызбы, аксакал! Аягына чейин “Көк-Теректи” колдоңуз да, баштагандан кийин, - десе болобу. – Биз, эмне, Сиздин жаныңызда оюнчук ирээтинде же каргаларды чочуткан талаа каракчысы болуп турабызбы!

Саал ыңгайсыз акыбалда калдым.

Анан бир маалда “тарса-турс” боло түштү.

Тээ алыстан бизди көздөй ыргытылган бөтөлкөлөр тунук калканчка тийип, бырын-чырыны чыкты.

- Бул – башталышы гана! – деп полициячы шыбырады. – Бирок эч коркпогула, чалгын кызматынын кабардашынча, аларда бомба жок!

- Чоң энем ушундай учурда “келме келтиргиле, Теңирге жалынгыла” дечү, - уулум мага кайрылды.

“Чоң энеңе жакшы. Ошентип кутулуп кетет. А мен атеистмин да” деп ичимден үшкүрүнүп ойлодум.

Бир убакта стадиондогу чо-оң экрандан бизге тилектештик билдирген жазуулар пайда боло баштады.

Арасында Кыргыз спорт уюму, ФИФА, ЮНЕСКО, БУУ, КМШ, ЕБ, Араб Лигасы, ШКУ, АБВГД жетекчилиги, атүгүл Антарктидадагы пингвиндерди коргоо уюмунан бери биздин күйөрмандык укугубузду жана эркиндигибизди колдоп жиберишкен билдирүүлөр чыга баштады.

Бир убакта уюкфонума СМС келгендей болду.

Алып карасам, бири - Эл аралык космос бекетиндеги астронавттардын колдоо каты экен.

“Улам бир бөтөлкө сыныгынан коргонгон Сиздердин оор акыбалыңыздарга салыштырмалуу кайсы-бир космос чаңынан, астероидден же мурдагы космос бекеттеринин сыныктарынан улам буйтап өтүп жадаган бизде тим эле бейиш турбайбы!” – делиптир бул катта.

Экинчиси – “Көк-Терек” клубунун жетекчилигинен болуп чыкты. Көрсө, уулум экөөбүз алардын ардактуу күйөрманы болгону калыптырбыз, тек гана ысымдарыбызды анча тактай албай жатышыптыр.

- Уулум, ушул жерден аман-эсен чыгалычы, анан мен анык футбол күйөрманы болом! – деп шыбырадым.

- Менин клубум буга чейин эле бар болчу, “Дордой” деген, аны билесиз да, ата! Мага “Көк-Теректин” эч кереги жок, - деди уулум. – Бул шаардын стадионун көрүп чыгалы деп эле кирбедик беле.

Көк желкем жактан бир коңур үн чыкты:

- Жок дегенде атаң “Көк-Теректи” колдосун, болбосо дүйнө коомчулугу түшүнбөй калат. Силерге жолугуу үчүн абдан көп чет элдик туристтер өлкөбүзгө сапарга чыгууга камынып атышыптыр.

“Бу ким болду экен?” деп артыма кылчайсам, өлкөнүн туризм министри тунук калканчтын ичине кирип алган экен.

- “Көк-Теректин” оюнчуларынын аттары кандай эле, мага СМС менен тизмесин жиберип койгулачы, байболгурлар! – деп алиги министрге шыбырадым.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG