Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

“Made in...” (“Баланча өлкөдө жасалган”) сөзүнүн азабы тууралуу азил аңгеме..


Ушунун баары тээ 1990-жылдардын башында Советтер Биримдиги кулап, капысынан Кытай чек арасы ачылып, Торук-Арт (Торугарт) ашуусунун күнү тууй баштаганда учук алды окшойт.

Оң жагыңан да, сол жагыңан да дүкөндөр, жайма базарлар жайнап калды.

Өнүккөн социализмдин талондорунан тукулжурап калган калайык “Адидас”-“Мадидастарга” марып эле жатып калды. Аялым да кудуңдап, күнүнө бир “Адидас” алып келип, бала-чакага таркатып эдиреңдеп жүрдү. Ушунчалык кооз, анан ап-арзан болушат экен.

Анан саат башталды...

Уулубуз кийген “Адидастын” бут кийими үчүнчү күнү айрылып калды. Анын чоң атасы маашырлана кийген “Адидас” спорт кийими эки аптада сөгүлдү. Аялым кийген кытайлык бийик шиштака бирөөлөр чакырган той-тороподо бийлеп аткан маалында сынып, аялым жанындагы кишилерди өзү менен кошо жерге жыкты.

Ошондон соң аялым англисче айрым стратегиялык сөздөрдү өз алдынча жиликтеп ажыратып үйрөнүп кирди. Бири – “Мейд ин...” болсо, экинчиси – “Чайна” сөзү эле.

Булардын биринчиси аялымды анча чоң түйшүккө салган жок, тек гана “Мейд ин...” сөзүн окуур замат бир аз калтырак басып, “андан ары кайсы сөздү окуйм” деген жүрөк заадалыктан улам кан басымы көтөрүлчү болду.

Ал эми беркисичи, берки сөзү... Тим эле киши көргүлүк кылсын!

“Чайна” десе эле аялым чалкасынан кетчү болду. Жанында арбап Кашпировский турса да, Сибирден келген табып турса да карабайт. Кетет да, кетет, чалкасынан...

Өзүм да далай психологдордун кеңеши менен ага оң таасир бергенге аракет кылып жүрдүм.

Маселен, Кытай – адамзат цивилизациясынын башатында турган чөлкөмдөргө кирээрин, жибек, кагаз, дүрмөт, фарфор, ал түгүл ажаткананын кагазы да Кытайдан чыкканын айттым.

“Эми анын баары унутта калчу карт тарых да, башты оорутпачы!”

“Ой то-обо, азыр да Кытай космоско жасалма жандоочу, астронавттарды аттандырып жатат. Анын ноу-хаусу жана социалисттик кымтыкейлиги менен Батышта 5 миң доллар болчу технологиялык товарлар бизге жүз долларга келип жатат”, - десем да болбойт.

Акыры бир ыгын таптым.

Дүкөнгө келем да, буйум-тайым сатып алаарда “Мейд ин...” дегенин калтырып, берки “Чайна” деген сөздүн ордуна Мексикадан Малайзияга чейинки өлкөлөрдүн кайсы биринин атын жаздырып алам. Мындан ары “Жаңы Зеландия” деп жаздырбайм, дүкөнчүлөр ката кетире беришет экен.

Бир ирет кайсы бир кытай товарын “Мейд ин Тайванланд” деген ката жарсөзү менен алып келсем, кудай жалгап үйдөгү “башкы бажычы” байкабай калды.

“Соода-сатык пири өзү кечирсин!” деп ар жолу ичимден күбүрөп койом.

Бир жолу сатуучуга калпыс түшүндүрүп койгон экем, бир муздаткычты сатып алып келсем, дүкөндөгү чунак бала туура эмес сөз жабыштырып салыптыр.

Аялым окуса эле “Мейд ин Торугарт” деп турат.

“А-а, бу да Кытайдан келген турбайбы! Торугарт деген Кытайга бараткандагы чек ара бекети да!” – жубайым дагы чалкасынан кетээринде жөлөп-таяп калдым.

“О кокуй оо-ой, бу деген “Торугарт” деген атактуу фирма. Ал мурдагы эл чарбасынын жетишкендиги көргөзмөсүндө... тетиги береки... эркин аймакта жайгашкан компания да. Сенин таякеңдин кудасы деле “Кан-Теңир” деген фирманы жетектейт ко. А киши Кан-Теңир чокусу түгүл, Бедел ашуусун деле көрбөсө керек. Бу деле ошондой фирма.

Ө-өх, бул жолу эптеп жайгардым. Эми кытай товарларын саткан алиги дүкөнгө жарым кадам да жакындабайм. Башкалары деле азайып жаткан жок.

Чынында, байкуш Кытай кийинчерээк товарларынын сапатын кыйла оңдоду. Кайда барсаң да, жапондук “Сони” болобу, Американыкы болобу, башкасы болобу, дал ушу Кытайда ишкана ачып өндүргөн сапаттуу, арзан товарларга урунам.

Мурдатан Кытайдын цивилизациядагы ролуна адилет караган жаным өмүрлүк жарымдын өткөн кылымдын акырынан калган терс пикирин буруу үчүн аны Кытайга да саякатка алып бардым.

Баары жакшы болду, өз көзү менен көрүп, “булар деле сапаттуу жасашат тура” деп өзү деле кобурай баштады.

Анан эле өзүмдөн өзүм тилимден таптым окшойт.

Кытайдын бир жайма базарына бара коюп, эне тилибизди түшүнгөн бир кытай соодагерге кабылып калып жатпайбызбы.

Эгемендик доорунда тээ Ыстамбул, Дубай, Магадан, Кызыл-Жардан (Красноярдан) бери соода кыла баштаган кыргыздар Кытайга да каттай берип, алиги ханзу соодагер эне тилибизди үйрөнүп алган тура.

- И-и, каркыбарым! Чыныңызды айтсаңыз, бу сатып аткан сырты алда немедей кооз жүзүм – чоочун кардарлар үчүн да, ээ? А өзүңүз үчүн делгени башка кампада да, туурабы?

- Муну жеп мен өлөйүн деп жүрөт бекем? Албетте, өзүмдүкү башка, - деп тиги агынан жарылды.

Чалкасынан кеткен жубайыма кытай дарыгерлери шашылыш дары берип эсине келтирүү үчүн алпурушуп жатышты.

А мен алардын колундагы дарылардын кутусун ала коюп, “Мейд ин...” дегенден кийинки сөздү өчүрүп, өз колум менен “Кыргызстан” деп жазууга үлгүрүп жаттым.

Ал түгүл аркы үстөлдөгү “Мейд ин Кыргызстан” деп өзү эле жазылып турган бир момия дарынын кутусун ала коюп, андагы өлкө атынын үстүнөн дагы бир жолу бадырайтып “Кыргызстан” деп ийри-муйру кылып жаза салганымды кийин гана аңдадым.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG