Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Жоокерлердин күлкүсү


Батыш-Чыгыштагы аскердик азилдерден.


* * * * *

Башка кандай аргабыз бар эле?

Лос-Анжелестен Сан-Франциского учак каттамына түшкөн бир киши учак конуп жатканда стюардессадан сурайт:
- Эмне үчүн учак көтөрүлгөндөн конгонго чейин «куруңарды бекем байланып, ордуңардан жылбай отургула» деп буйрук берип жаттыңар, эч кандай коркунуч деле болгон жок го?
- Коркунуч бар болчу. Алдыңкы катарларда 17 студент кыз отурган. Эң арткы катарларда болсо эс алууга жаңы чыккан 25 деңизчи жоокер келаткан!


* * * * *

Бул эми Сиздин ачкычыңыз

Аскердик машыгуу маалында бир лейтенант тайгак жолдон эптеп айдан келатып, баткакка белчесинен тыгылган унаанын ичинде ачуусу келип отурган бир полковникке жолугат.
- Унааңыз тыгылып калган турбайбы, урматтуу полковник!
- Жо-ок, бул унаа эми сиздики болуп калды! – деп тиги ачкычты сунуптур.

* * * * *

Акыркы сөз

1945-жылдын жазы. Кезектеги камикадзеге жапон генералы кайрылат.
- Сакэ ичип алдыңбы? Жакшы. Эми өлүм сапары алдында акыркы сөзүңдү айтып кал, баатырым!
- Ушу сапарга туш кылган сиз акмаксыз, урматтуу генерал!


* * * * *

Аскерде кызыл сыя жок

Бир жигит аскерге жөнөп жатса, энеси жалбарынып жатып айтат:-
- Катка болгон чындыкты жаз, секетиң болойун!
- Аскердегилердин катын текшерип туруп гана кетиришет, чындыкта аяктан эч жаза албайсың, - дейт мурда кызмат өтөп кагылып келген таякеси.
- Андай болсо баары жакшы болсо кара же көк сыя менен кат жаз. Кокус ыдык көрсөң эле кызыл сыя менен кат жаз. Тигилердин көргүлүгүн көрсөтмөккө жетип барам, - дейт энеси.
Бир күнү аскерден кат келет:
- Апаке, быякта баары эле жакшы экен, бирок кат жазганга кызыл сыялуу калем жок экен.


* * * * *

- Катардагы жоокер, Сизде бир долларды майдалагандай тыйын барбы?
- Э досум, сурап калыпсың, «жок» демек белем!
- Катардагы жоокер, офицерге мындай кайрылбайт!
- Кечиресиз, сэр!
- «Бир доллардык майда тыйын барбы?» деп сурап жатам.
- Жок, сэр!


* * * * *

Ушул болчу!

Бир күнү аскерин кыдырып жүргөн генерал таң каларлык жүрүм-туруму байкалган жоокерди көрүп калат.
Ал улам бир кагазды алып, башын чайкап «бул эмес» деп ыргыта берет экен.
Жоокерди дарыгерге алып келет.
Психолог дарыгер болсо генералдын сөзүн угаар замат тигинин диагнозун түшүнүп: «Бул жигит аскерге жарабайт» деген кагазды жазып, алиги мандемдүү жоокердин колуна карматат.
«Ушул болчу, ушул болчу!» деп тиги жоокер кыйкырып жиберген экен.

* * * * *

(«Жаңы Агым» гезитинен жана ар кыл интернет булактардан алынды).
XS
SM
MD
LG