Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Каңырыш уккандан эмес, ката которгондон улам...


U.K. -- ''BBC'' radio, logo
U.K. -- ''BBC'' radio, logo

Башка кесип ээлериндей эле, кабарчылардын да өндүрүш маалында топтогон арбын азилдери бар эмеспи. Ошондой тамашалуу окуялардын бирин жакында Би-Би-Синин өзбек кызматынын башчысы, жазуучу Хамид Исмайил мырза жарыялаган экен. Сиздерде да ушул сыяктуу кызыктуу жана күлкүлүү окуялар болгон болсо, ортого салыңыздар!


Тээ 1990-жылдардын башында Би-Би-Сиде Борбордук Азия жана Кавказ кызматы алгач түптөлө баштаган чакта болгон окуя.

Кайсы бир азери кесиптеш англисче анча дурус өздөштүрө элек чагында бир жаңылыкты англисчеден орус тилине которуп калат.

Адатта, Би-Би-Сиде англисче жаңылык жазганда кабардын биринчи сүйлөмүндө кишинин аты-жөнү көрсөтүлбөстөн, кызматы эле жазылат. Маселен, “Орусиянын президенти АКШнын президенти менен жолугушту” деп эле коюлат (Медведев менен Обаманын толук аты-жөнү кийинки саптарга калтырылат).

Алиги азери кабарчы түнкү нөөмөткө жалгыз чыгат. Адатта, ага күндүз алдын-ала көмөк көрсөтчү редакторлор уктап жаткан маалда, ал өзүнө өзү редакторлук кылышы керек эмеспи (чын-чынында “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем” деген кептегидей эле болот).

Кабарчыга “A member of the Kyrgyz Parliament - Jogorgu Kenesh has died today at the age of 48” (“Кыргыз парламентинин – Жогорку Кеңештин - депутаты бүгүн 48 жашында дүйнөдөн кайтты”) деген сүйлөмдү англисчеден которуу керек болот.

Андан ары алиги маркум депутаттын аты-жөнү, буга чейин кылган иш-аракети учкай баяндалат.

Кавказдан келген берки жаш журналист болсо “Борбордук Азияны, анын ичинде Кыргызстанды азербайжандык жакшы билбегенде, жаңылыктар бөлүмүнүн англисче кабар жазган лондондук өкүлү дурус билмек беле?” дегенчелик кылып, кабарды өз бетинче оңдоп, орус тилине мындайча которгон экен:

“Кыргызстандын парламентинин депутаты – Жогорку Кеңеш бүгүн 48 жашында дүйнөдөн кайтты. Жогорку Кеңеш Бишкек шаарында унаа кырсыгынан улам кайтыш болгону кабардалды. Бул маркум депутат мурда түкүнчө иштер менен да алектенген”.

Ошентип, оюнда эч жамандыгы жок журналист бүтүндөй бир парламентти байкоостон “тиги дүйнөгө жөнөтүп” алган эле.

(Азилдин англисче түп нускасы ушул шилтемеде).

Т.Ч.
XS
SM
MD
LG