Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Шайлоо жана Азыткы


Бечара шайлоочуларды “мынча талапкер кишинин кайсынысын тандайм?” деп бушайманга салып, улам сүрдөтүп, улам алдыдан торой жакындаган, айрымдарын жаңы оюн көрүп, улам жаңы талапкердин өкүлүнүн “итбекер” суусундугун ичип, устуканына карк болуп, шапар тебе тургандай маанайга кептеп, ой-да бир кудуңдаткан президенттик шайлоо өнөктүгү менен байланыштуу азил.


Өлкөдө элдин баары дүрбөп президентикке аттанып жатканын кулагы чалып калып, Азыткы алда кайдан түшүп келиптир (же түпкүрдөн жогору чыгып келдиби, айтор, Ала-Тоого жетиптир).

Азыткы оболу талапкер Байкембаевден сураптыр:
- Эмне үчүн шайлоого катышып атасың?
- Партиям талап кылды, арга жок, катышуум керек.
- Максатың эмне?
- Эл-жеримди байытып жыргап-куунап калуу.

Ары жактан айланып өтүп бараткан талапкер Маралбаевден да Азыткы сураптыр.
- Эмне үчүн шайлоого аттанып жатасың?
- Партиям талап кылды, катыш деди, эми катышуум керек ко.
- Мүдөөң эмне?
- Демократиянын туу чокусуна калкымды күргүштөтүп айдап барып жеткирсем дейм.

Азыткы жолун улап, талапкер катары сөзүн кайра-кайра жаттап аткан Куурчаккуловду сөзгө тартыптыр.
- Эмне үчүн талапкердигиңди коюп жатасың?
- Мурдагы “алгачылар” менен “акжолчулар” сүрөөн кылып...
- Кандай долбоорлоруң бар?
- Мурдагы “ажолорду” алып келсем дейм. Алардын аттырганы – Каддафиникине жетпейт, жегени – Мубарактыкына караандабайт. Айланайындарым, тим эле бөөдө жерден качып кеткен периштелер турбайбы!

Андан соң Азыткы өзүн талапкерлердин татыктуусунун татыктуусу көргөн Даарыгановго келиптир:
- Эмне үчүн талапкердигиңди коюп жатасың, мырза?
- Эркекмин да, ошон үчүн.
- Максатың эмне?
- Эрдик кылсаң сүрө кыл дейт. Ушуну аялдарыма далилдегим келет.

Ары басып барып, Азыткы "мыкчегер" талапкер атыккан Дардаңбаевди таап алыптыр:
- Эмне үчүн президенттик шайлоого аттанып атасың?
- Эл деле чыгып атат, эмнем кем экен!
- Тилегиң эмне?
- Эптеп бул кызматка илээшип, миллиард доллар топтоп алсам, бул дүйнөдө армансыз өтөөрмүн дейм да.

Азыткы чымын куюн болуп барып Тайманбас кызына да жолугуптур.
- Эмне үчүн шайлоого катышып атасыз?
- Эмне, аялдардын өкүлү чыкпаса болбойт бекен?
- Ой-максатың эмне?
- Максатымды эмне кыласыз, андан көрө айтсаңыз, сиздин жынысыңыз ким өзү? Силер жакта гендер саясаты болобу деги?

“Ко-окуй” деп андан Азыткы кача жөнөп, анан ойлонуп туруп кайра Дардаңбаевге жетип келиптир.
- Мен өтө талдап көрүп, сенин талапкердигиңди колдоону чечтим.
- Саал кечигип калбадыңбы.
- И, эмне болуп кетти?
- Шериктеш бир кубаттуу өлкөдөн мага эки миллиард доллар келатат. Акысына алар кез-кезде колдоп сүйлөп турушумду каалашат экен. Мага эмне, колдоп койом да. Кез-кезде... Оозум башка темалардан бош боло калганда!
- Жо-ок, жок, жок! Алардан акча алгыча менден ал.
- Канча?
- Менде беш миллиард доллар каражат бар. Эки миллиардын артка кайтарылчу алиги акчанын ордуна аласың, бир миллиарды болсо – шайлоо чыгымдары, бир миллиарды – жеке өзүң чаалыкканда “чай ичип” койгонго...
- Дагы бир миллиардчы?
- Анысы – сендей азаматты тапканым үчүн мага мээнет акы катары калат да!

(Алар өз ара келиштиби-жокпу, ким билсин?!. Саат басып сөз этегин уга албай калганына калем ээси күнү-бүгүнкүгө чейин чындап арман кылып келет).
XS
SM
MD
LG