Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Айрым аталардын жоруктары тууралуу азилдерден.




Жубайы кызматтык сапарда жүргөн чакпы, же тим эле төркүлөп кеткендеби, айтор, эркек тананын башына иш түшүптүр. Баланы ойготуп, тамагын берип, жетчү жерине жеткирип коюу керек болуптур.

Анан ал баласын ойготуп, шаштырып тамагын берип алып, жетчү жерин издеп жөнөптүр.

Шаардагы балдар бакчаларынын бирине келсе, андагы тарбиячылар:

- Мындай бала бизге жазылган эмес? – дешиптир.

Башкасына барса да «уулуңуз биздин бакчада эмес» деп эч жакын жуутпай коюшуптур.

«Бир-эки күнгө эле ала тургула, апасы келгенче» десе да кашайып көнбөгөндөрүн кантесиң!

Дагы бир бала бакчага барып, алапайын таппай калган атасына берки бала бир оокумда мындай деп айтып турбаспы:

- Ата, эми дагы бир бакчага айдачу болсоңуз, анда бүгүн мектептеги сабагымдан таптакыр кечигип калам.

* * * * * *

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG