Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 11:49

Суу алдындагы кораллдардын саны кескин кыскарып, дүйнөлүк океандагы жашоо ыргагы бузулуп жатканын окумуштуулар бир нече жылдан бери эскертүүдө. Ал эми белгилүү француз деңиз изилдөөчүсү муркум Жак Ив Кустонун небереси Фабьен Кусто суу астында үзгүлтүксүз 31 күн изилдөө өткөрдү.

Кариб деңизиндеги коралл рифи алдыдагы 20 жылда толугу менен жоголуп кетиши ыктымал. Бул тууралуу Жаратылышты сактоо эл аралык бирикмеси (IUCN) коңгуроо какты. Дээрлик 40 жылдан ашуун убакыт бою өткөрүлгөн 35 миңдей иликтөөнүн жыйынтыгында Кариб ойдуңундагы кораллдар байырлаган аймактар эки эсеге азайган.

Кораллдар – суу алдында жашаган, омурткасыз майда организмдер. Аялдардын маржан шурулары менен көз жоосун алган кооз нерселер дал ушул кораллдардан жасалат.

Деңиз биологдору ченемсиз балык улоого байланышкан ар түрдүү илдеттер буга себепкер экенин айтышат. Эгер кораллдарды коргоо боюнча чара көрүлбөсө, Кариб деңизи таптакыр кораллдарсыз калат. Коралл рифтерин толугу менен жоготуу деңизге гана эмес, Кариб ойдуңундагы бардык өлкөлөргө чоң зыян тийгизет.

Өңү өчкөн кораллдар, Австралия.

Өңү өчкөн кораллдар, Австралия.

"Коралл рифтери чөлкөмдүн бир нече өлкөсүнүн калкы үчүн кирешенин булагы", – деген окумуштуу Карл Густав Лундин "Саякатчылыр дал ушул коралл рифтерин көрүүгө келет. Туризм – чоң киреше алып келген тармак. Ошондуктан кораллдар бул аймактагы элдин турмушу үчүн өтө маанилүү. Албетте, кораллдар өзгөчө кооз жана көздүн жоосун алган сырдуу жандыктар экенин эстен чыгарбасак".

Аталган изилдөө маалында 1970-жылдан 2012-жылга чейин кораллдар байырлаган 90 аймак иликтенген. Бул иштин жыйынтыгы окумуштууларды таң калтырды. Кариб деңизиндеги кораллдар чоң өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Кээ бирлери өңү-түсүн жоготсо, айрымдарын балыр муунтуп толугу менен жок болгон.

Улуу маржан рифи, Австралия.

Улуу маржан рифи, Австралия.

Рифтерде жашаган башка майда жандыктар дагы кораллдар сымал жоголуу коркунучунда. Панама каналынан 1980-жылдары тараган белгисиз илдет деңиз кирпичечендерин кырган. Тотукуш-балыкты көп уулоо дагы рифтерге терс таасирин тийгизген. Бул балыктар рифтерде тамак-аш таап жейт жана кораллдарды балырлардан коргоп турат.

Мындан сырткары кораллдарга килкилдек, омурткасыз майда суу жандыктары (моллюск) жана деңиз мителери коркунуч туудурат. Алар кораллдар менен азыктанат.

Сонку кезде суу алдындагы системага адамдын тийгизген терс таасиринен улам, кораллдарды балыр каптап, жок кыла баштаган. Профессор Лундин "эгер азыр эч кандай чаралар көрүлбөсө, биз коралл рифтери эмес, балыр рифтерин мурастап калабыз. Деңиздеги көп түрдүү жашоо жоголот" деп эскертет.

Жоголуп бараткан кораллдарды сактоо жана ар кандай илдеттерден арылтуу чаралары оң таасир берген учурлар да бар. Деңиз биологдору глобалдык алкакта жоголуп бараткан кораллдарды сактап калууга болот деп ишендиришет.

Кораллдар температурасы 20 градустан ашкан тайыз сууларда гана кездешет. Кариб деңизинде гана эмес, дүйнөлүк океанда кораллдардын саны кескин кыскарып, суудагы жашоонун ырааты бузулуп жатканы тууралуу окумуштуулар көптөн бери айтып келишет. Кораллдар күндүн нуру менен жылуулугун өзүнө сиңирип алып, деңиз муздаганда суунун температурасын бир калыпта кармап турган касиети менен белгилүү.

Суу астындагы жалгыз лаборатория

Маркум Жак Ив Кусто, 1972-жыл.

Маркум Жак Ив Кусто, 1972-жыл.

Дүйнөгө атагы чыккан белгилүү француз деңиз изилдөөчү, маркум Жак Ив Кустонун небереси суу астында үзгүлтүксүз 31 күн өткөрдү. Фабьен Кусто чоң атасынын 30 күндүк рекордунан бир күн ашык деңиздин алдында болду. Дүйнө жүзүндө бир гана деңиз астындагы лаборатория бар. Дал ошол Аквариус лабораториясында Фабьен Кусто көптөгөн илимий эксперименттерди өткөрдү.

Флорида-Кис архипелагынын жээгиндеги лабораториянын узундугу 14, туурасы үч метр. Анда иштеген окумуштуулар тоңдурулган тамакты жеп, зымсыз интернет аркылуу илимий табылгаларын дүйнө коомчулугу менен бөлүшүп турат.

Фабьен Кустонун айтымында, деңизге күндө кирип-чыгып изилдөө өткөргөн менен суу астында жашап, анын күнүмдүк жашоосуна байкоо салган таптакыр башка. Фабьен чогулткан мурда белгисиз маалыматтар жаңы 10 ири илимий иштин өзөгүн түзөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG