Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

АЗИЛ СҮРӨТТӨР ЖАҢЖАЛЫН АНКАРА БАСАБЫ?


Мусулман өлкөлөрүндө Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган азил сүрөттөргө каршы акциялар уланууда. Өлкө башчылары кагылышууларды токтотуп, тынч болууга үндөштү, бирок Перс булуңу бул сүрөттөргө каршы албууттанган динчил фанаттар менен сөз эркиндигин коргогон ишмерлерге бөлүнө түшкөнсүдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс шаршембиде Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында бул азил сүрөттөрдүн тегерегиндеги кагылышууларды токтотууга үндөгөн ырасмий өкүлдөргө үн кошту.

- Көптөгөн бейкүнөө адамдарды жарадар кылган кагылышууларды эч кандай себеп актай албайт. Кайсыл жерде болбосун дипломатиялык мекеме-жабдыктарга өрт коюп, аларга коркунуч келтирүүгө эч кандай актоо жок. Ушу тапта баарыбыз тынчтыкка үндөй турган мезгил бышып жетти.

Кондолиза Райс андан ары Иран менен Сириянын бийликтерин бул азил сүрөттөрдүн артынан өз өлкөсүндө Батышты жек көрүү сезимин көкүтүп алды деп айыптады.

- Айрым өкмөттөр бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кагылышууларга шыкак болуп берди. Мен Сириядагы албууттанган акцияларга Сириянын өкмөтү, Ирандагы окуяларга ырасмий Тегеран үлүш кошконунан шек санабайм, алар бул аракетин жашырган деле жок жана элдин диний сезимин өз кызыкчылыгында пайдаланды.

Ирандын вице-президенти Исфандияр Рахим Машае Кондолиза Райстын бул айткандарын карандай калп деп комментарийледи.

Бул карикатуралардын тегерегиндеги окуяларды талдаган “Нью-Йорк таймс” күндөлүгү Жакынкы Чыгыш боюнча эксперттердин айтканына таянып, декабрь айында Меккеде өткөн Ислам конференциясы уюмунун жыйыны Европалык гезиттерде жарыяланган азил сүрөттөргө каршы нааразычылыктын күчөшүнө дем берген деп жазып чыкты. Дал ошол саммиттин аягында ага катышкан 57 мусулман өлкөнүн башчылары “Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирген айрым өлкөлөрдөгү маалымат каражаттарын айыптаган” билдирүүгө кол коюшкан. Ага удаа бир катар арап өлкөлөрү бул сүрөттөрдү эң алгач жарыялаган Данияда өндүрүлгөн товарларга бойкот жарыялаган.

Алардын артында окуялар көбүрүп-жабырып отуруп, акыркы күндөрү кол салуулар менен коштолгон акциялар бир аз басаңдай түшкөнсүдү, бирок биротоло токтогон жок. Бейшембиде Индонезияда Даниянын элчилиги алдында топтолгон студенттер карикатураларды жарыялаган гезиттин башкы редактору жазаланышын талап кылышты. Бул акциянын уюштуруучусу, Жакарталык студенттердин өкүлү Абдул Рахим алар койгон талаптарга мындайча токтолду.

- Биз бүгүнкү демонстрациябыз аркылуу Дания өкмөтүнөн Мухаммед пайгамбарды мазактап, мусулман коомчулугун кордогон сүрөттөрдү басып чыгарган гезиттин жетекчилерин жазалоону талап кылып жатабыз, - дейт Жакартадагы нааразылык акциясынын уюштуруучусу.

Ооганстандан “Франс пресс” агенттигине телефон аркылуу интервью берип, өзүн талиптердин командири деп тааныштырган Дадулла молдо ушу тапта 100 жанкечти даярдалып, бул карикатураларга каршы кандуу кол салууларга камбыл турганын кабарлады. Ошондой эле ал бул сүрөттөргө тиешеси бар кишини өлтүргөн ар бир адамга 100 кг алтын тартууланат деп жарыялады.

Ал тапта Даниянын премьер-министри Андерс Расмуссен улуту боюнча түрк даниялык депутат менен жолугушуп, Түркиянын өкүлдөрүн жаңжалды басууда ортомчулук кылып берүүсүн өтүнгөнү жатат деген кабарлар тарады. Түркияда төрөлгөн Дания парламентинин мүчөсү Хусейн Арак мурдараак премьерге кат менен кайрылып, Түркия бул жаңжалды басууда Дания менен мусулман өлкөлөрү ортосунда арачылык кылып берет деп сунуш кылган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG