Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Кытай: Үрүмчүдөгү казактардын убарасы


Үрүмчүдөгү Казакстандын паспорттук-виза кызматы
Үрүмчүдөгү Казакстандын паспорттук-виза кызматы

Кытайдын Шиңжаң Уйгур автоном аймагында жашаган казактар тарыхый журтуна баруу үчүн виза алуу түйшүгү жеңилдебей, жай маалында визага кезекке тургандар көбөйгөнүнө нааразы.

Үрүмчүдө жашаган Акытбек он жылдан бери Казакстанга виза алуунун түйшүгү жеңилдебей койгонун айтат. Ал өзү быйыл тарыхый мекенине барып келүүгө эртелеп камынып, Үрүмчүдөгү Казакстандын паспорттук-виза бөлүмүнө документтерин бир нече ай мурун тапшырган. Адатта май айынан тарта Казакстанга барчулардын саны арбыйт дагы Үрүмчүдөгү паспорттук-виза кызматында кымгуут кезек башталат.

«Үрүмчүдөгү виза берген жерде эки-үч эле киши иштейт. Жайы-кышы дебей ошолор эле тейлейт. Ал жерде иш туура эмес уюштурулган. Жергиликтүү этностук казактар алдын-ала визага камынууну жадымынан чыгарып койот дагы, убагы келгенде тызылдап чуркап калышат», - деген Акатбек 15 күндө даяр болот деген виза бери дегенде 1айдан өтүп 2 айга чукулдап барып колго тийерин айтат.

Үрүмчүнүн дагы бир тургуну, өзүн Онал деп тааныштырган киши виза алууда айрыкча алыстан келгендер өтө кыйналып калаарын ортого салды:

- Менин туугандарым Алтай округунан келишет. Үрүмчү менен Алтайдын аралыгы 600 чакырым. Алыстан келип кээде жумалап ушул жерде визаны күтүп жатышат. Ага кошумча виза берген жердеги кызматкерлер келген-кеткендерге орой мамиле кылышат. Кээде бирдеме түшүндүрөйүн десең, «чыгып кетиңиз» деп, ал тургай күзөтчүнү чакырат. Казакстанда биздин туугандар, дос жакындар жашайт. Кээде тойго, кээде жаманчылыкка барууга туура келет. Бирок тез визаны алуу үчүн дагы бир ай талап кылынат, – деген Онал Кытайда жашаган 1 жарым миллиондой казак улутундагыларга тарыхый мекенине каттап турууга узак мөөнөттүк виза берилсе деген тилегин айтат.

Кытайлык казактар Шиңжаң Уйгур автоном аймагынын административдик борбору Үрүмчүдөн сырткары Алтай, Кулжа шаарларында виза берчү пункттарды ачууну өтүнүшөт. Этностук казактардын басымдуу бөлүгү Карамайда жана Или-Казак автоном округундагы Кулжа менен Алтай шаарларында жашайт.

«Азаттыктын» казак кызматы Казакстандын Үрүмчү шаарындагы паспорттук-виза кызматы менен байланышканда «арыз түшкөндөн кийин 15 күн аралыгында виза даяр болот. Арыз берген киши дарегин калтырып кетет, биз болсо визаны почта аркылуу салып жиберебиз» деп жооп берди ысымын атагысы келбеген кызматкер.

Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Нуржан Айтмаханов кытайлык казактарга виза берүүнү жеңилдетүүнүн жолдору каралып жатканын «Азаттыкка» билдирди:

- Мындай көйгөй бар. Жай айларында андай кыйынчылыктарга кытайлык казактар гана эмес, Кытайга камынган Казакстандын жарандары дагы кабылат. Муну чечүү үчүн эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин, консулдук кызматтарынын бир катар жолугушуулары өткөн, алдыда дагы болот. Маселени чечүүнүн жолдору табылмайынча аракеттене беребиз. Былтыртан тарта Үрүмчүдө кабыл алуу күндөрү кошулду. Мурда үч күн болсо эми төрт күн кабыл алышат. Кызматкерлердин саны дагы бешке жетти. Мурда эки гана терезе документтерди кабыл алса, азыр кошумча бир терезе ачылды.

Кытайдагы Алтай жана Кулжа шаарларында паспорттук-виза бөлүмдөрүн ачуу жагы каралып жатабы деген суроону Казакстандын тышкы иштер мекемесинин өкүлү жоопсуз калтырды.

Буга чейин дагы Үрүмчүдөгү Казакстандын паспорттук-виза кызматынын дарегине бир топ доомат коюлган. Шиңжаңда жашаган казактар виза берүүдө коррупциялык системалар түзүлүп, башаламандык жаралганын айтып чыгышкан. Үч жыл мурун визалык коррупция жөнүндө маалымат Казакстандын маалымат каражаттарына чыгып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. Андан соң Астана Үрүмчүгө бир дипломатты кошумча жиберген.

Нуртай ЛАХАНУЛЫ

"Азаттыктын" казак кызматы

XS
SM
MD
LG