Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Алматыны дүрбөткөн атышуу


Аккенттеги атайын операция
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

"Аккенттеги" атайын операция

30-июлда Алматынын “Аккент” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде полиция атайын операция өткөрдү. 6 киши набыт болду.

Бул күнү Алматынын “Аккент” кичи районундагы көп кабаттуу тамдардын биринде полиция күчтөрү атайын операция өткөрдү. Ал учурда турак үйдүн 132 тургуну шашылыш сыртка чыгарылып, анын тегереги камоого алынды.

Үйдүн кайсы бир батиринде ишемби күнү полициянын эки кызматкерине кол салды деп шектелген куралчандар жашырынып жатканы, операциянын жүрүшүндө алты кылмышкер жок кылынганы айтылууда.

Алматынын “Аккент” кичи районунда дүйшөмбү күнү бешимден мурдараак куралдын үнү жаңырып, элди дүрбөлөңгө түшүрдү. Шаардын Ахмед Яссауи көчөсү менен Райымбек проспектиндеги көп кабаттуу үйдү ар тараптан полиция курчап, ичкериге бир да адамды өткөрбөй турганына “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Мады Бекмаканбетов күбө болду:

- “Аккент” кичи районундагы операция аяктады. Мен барганда кичи райондун айрым тургундары үйлөрүнөн сыртка чыгышып, операциянын жүрүшүнө байкоо салып турушту. Бирок операция жүрүп жаткан жакка эч кимди өткөрбөдү. Тургундар менен сүйлөшсөм, эртең мененки саат 10дон тарта атышуу менен жардыруу болгонун, ал жерде жашаган адамдар үйлөрүнө барып, балдарынан кабар ала албай жатканын айтышты.

“Интерфакс-Казакстан” агенттиги Алматыдагы операция маалында “экстремисттик топтун алты мүчөсү жок кылынганын” кабарлады.

28-июлда Алматынын Түрксиб районунда эки полициячыга кол салып, куралдарын уурдап кетти деп шектелген кылмышкерлерге каршы операцияны шаардык полиция менен “Шумкар”(казакча- Сункар) атайын бөлүгүнүн аскерлери өткөрдү. Кайгуулдагы “Буран-170” экипажына жасалган чабуулда полициянын улук лейтенанты Эржан Кайракбаев башына тийген октон көз жумган. Оор жарадар болгон лейтенант Эрназ Кожахметов алиге чейин эс учуна келе элек.

“Аккент” кичи районунун тургундары полиция атайын операция өткөргөн үйдүн батиринде “сакалчан исламчылар” жашаганын, алар күнүгө өзүнчө көнүгүү жасап жүрүшкөнүн көргөндөрүн “Азаттыктын" кабарчысына айтышкан:

- Кээ бир тургундардын айтымында, алар күнүнө эртең менен көп кабаттуу үйдүн короосунда динзарларча ак кийинген “сакалдуулардын” машыгып жүргөнүн көрүшчү экен. Алар төртүнчү кабаттагы батирлердин биринде ижарага жашашчу дешти.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалымдашынча, полицияга кол салган уюшкан кылмыш топтун мүчөлөрү багынып берүүдөн баш тартып, ок чыгарышкандан кийин баары жок кылынган. Ал окуя болгон жерден курал жарак табылган. Маалыматта алар мурда оор кылмыш жасап, абакта отуруп чыккандары белгиленет.

Акыркы бир-эки жылда Казакстанда полицияга кол салуу, аскерлердин өз ара атышуусу көп катталчу болду. Майдын аягында казак-кытай чек арасындагы “Арканкерген” заставасында 14 аскер белгисиз жагдайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Былтыр ноябрда Жамбул шаарында жихадчылардын кол салуусунан беш полициячы, андан бир аптадай мурда Атырау шаарында жанкечти бомба жардырган.

Бул окуялардын себеби тууралуу алматылык серепчи Жашарал Куанышалин мындай дейт:

- Бул азыркы саясаттын начар жагын ачып көрсөтөт. Казакстан жакшы өнүгүп бараткан мамлекет катары көрсөтүлүп жатканы менен акыркы кезде экономикалык жагдай начарлап, кымбатчылык канат жайууда. Айрыкча үч диктатор лидерлер: Беларус, Орусия, Казакстан бирдиктүү экономикалык аймак түзөбүз дегенден бери абал өтө начарлап кетти. Муну калк сезүүдө.

Серепчи ошондой эле бийлик проблемаларды чечүүнүн ордуна күч колдонуп, элдин нааразылыгын күчөтүп жатканын айтат. Анын айкын далили - өз талабын айтып, тынч демонстрацияга чыккан жаңыөзөндүк мунайчыларга каршы полиция ачкан октон 16 адамдын каны төгүлгөнүн Жашарал Куанышалин белгиледи.

XS
SM
MD
LG