Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:51

Жекшембиде Алматыда өткөн митингде бийликтин дарегине ачуу сөздөр жана орус тилинин Баш мыйзамдагы макамын төмөндөтүү талабы айтылды.

Коңшу өлкөдө тил маселесинин күздө кайрадан козголуп жаткан жүйөөсү эмнеде?

Кыргызстандагыдай эле Казакстанда орус тилинин расмий макамы Баш мыйзамда бекитилген. Анын бул макамын төмөндөтүп, орус тилин жөн эле улут аралык жана эл аралык байланыштын тили катары эсептөө чакырыктары "Казакстандын Мамлекеттик тил кыймылы" тарабынан Алматыда өткөн митинг учурунда айтылды.

Казакстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, белгилүү акын Мухтар Шахановдун сөзүнө караганда, “казак тилин урматтабагандар орус тилинин колдонулушун Баш мыйзамда расмий тил макамга ээ экендиги менен негиздеп келишет, андыктан мындай көрүнүштү өзгөртүү керек”.

Алматыдагы митинге улуттук тилге күйүп -бышкан активисттерден тышкары, саясий оппозициянын лидерлери да катышты. Алардын бири “Азат” социал-демократиялык партиясынын теңтөрагасы Болат Абилов акыркы жыйырма жылдагы тил саясаты үчүн жоопкерчиликти президентке жана анын “Нур Отан” партиясына жүктөдү:



-Жыйырма жылда тил маселеси чечилбегенине ким күнөөлүү? Президент күнөөлүүбү?
- Күнөөлүү.
Бийлик күнөөлүүбү?
- Күнөөлүү.
“Нур Отан” күнөөлүүбү?
- Күнөөлүү.




Ал эми казак тилчиси Турсунбек Какишев митингдеги сөзүндө президент Нурсултан Назарбаевди парламентке кайрылуу жасаган кезинде башын казакча баштап, аягын орусча бүтүрбөстөн толугу менен казакча сүйлөөгө чакырса, жазуучу Кабдеш Жумадилов тил саясатын казак калкы өзү аныктоосу керектигине токтолду:

-Казак улуту ким? Казак улуту казак мамлекетинин ээси, кожоюну. Казак улуту өзү кайсыл тилде сүйлөрүн, урпагы кайсыл тилде сүйлөрүн өзү тандап, өзү чечүүсү керек. Муну башка бирөөлөр чечпеши абзел.

Уюштуруучулардын айтымында, Алматыдагы митинге үч жарым, төрт миңдей киши катышты.

Казак жазуучуларынын дагы бири Дуулат Исабековдун “Азаттыктын” казак кызматына айтканына караганда, митингдин артында кандайдыр бир саясат жок. Болгону казак тилинин “аянычтуу” абалы ага күйгөндөрдү көчөгө чыгарды:

-Болгону казак жеринде казак тилин коргой турган кыймылга айрымдардын күмөнү бар сыяктуу. Саясий түс алып кетет деп чоочулашабы. Көчөгө чыгуу, албетте, башкы максат эмес. Бирок тилиң таман астында тапталып жатканынын, көз карандысыздыктын жыйырма жылында жыйырма кадам алдыга жылбаганынын өзү казак тилдүүлөрдү митинге чыгууга мажбурлады.

Митингдин соңунан кабыл алынган резолюцияда казак бийлигинин дарегине Баш мыйзамдын орус тилинин макамына арналган беренесин өзгөртүү сунушу жолдонду. Дал ушундай эле сунуш өткөн айда казак жазуучулары, интеллектуалдары, саясатчылары жарыялаган ачык катта да айтылган. Бирок катка кол койду деген 138 адамдын айрымдары кийинчерээк ага кол койбогонун айтып чыгышкан.


Алматыда өткөн улуттук тилди коргоо акциясы, 2-октябр, 2011-жыл "Азаттыктын" казак кызматынын тасмасы

Коомдук ишмер жана укук коргоочу Розлана Таукина казак тили коргоого муктаж деген пикирлерге кошулат. Ал “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде белгилегендей, жекшебидеги митингди уюштурган активисттердин жана ага чогулгандардын арасында казак тили үчүн чындап күйүп-бышкандар бар. Бирок Розлана Таукинанын пикиринде, улуттук тил маселеси адатта Казакстанда кандайдыр бир саясий өнөктүк болор алдында саясий технологдордун кийлигишүүсү менен көтөрүлөт жана мунун натыйжасында кызматтагы бийлик гана утушка ээ болот:

-Улуттук маселе козголгондо, бул саясий максатта гана жасалышы мүмкүн. Эмне үчүн? Биринчиден, казак тили боюнча коркутуу орус тилдүү калкты бийлик партиясы, Назарбаев үчүн добуш берүүгө мажбурлайт. Анткени улутчул патриоттор чыгып жаткан, оппозиция кошулуп кеткен бул жагдайда бийлик утуп жатат. Анткени алар талкууга кошулбайт, унчугушпайт жана учурдагы кырдаалды колдошот. Андыктан орус тилдүү калк жогорудагы дебаттарга кошулбаган жана бүгүн бийликте тургандар үчүн добуш бере баштайт. Менимче тил проблемасы саясий технология катары көтөрүлүүдө. Ал азыр республика алдында биринчи кезекте турган жана эң зарыл маселе эмес.

Розлана Таукинанын болжолунда, келерки жылдын февралында Казакстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн. Азыр буга даярдыктын белгилери байкалууда. Ал эми Баш мыйзамга орус тилинин макамын ылдыйлаткан өзгөртүү киргизүү азырынча реалдуу эмес.

201-жылдын октябрындагы эл каттоонун жыйынтыктары Казакстанда 16 миллиондон ашуун калктын 10 миллондон көбү же 64% казактар түзөрүн көргөзгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG