Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Казакстан аял лидерди тандоого даярбы?


Нурсултан Назарбаевдин Европа иш сапарында кызында жанында жүрдү.
Нурсултан Назарбаевдин Европа иш сапарында кызында жанында жүрдү.

Казакстан президентинин тун кызы, вице-премьер-министр Дарига Назарбаева бир нече жылдык тыныгуудан соң саясий активдүүлүгүн кайрадан жандантты.

Астанада өткөн Евразиялык аялдардын IV саммитинде сүйлөгөн Дарига Назарбаева аялзатынын үй-бүлөдөгү, ишкердиктеги жана саясаттагы орду тууралуу баяндама жасады. Жыйынга конок болуп катышкан “Бирдиктүү Грузия демократиялык кыймылы” партиясынын лидери, грузин парламентинин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе аялзаты чоң саясатка аралашканда жоопкерчиликтүү чечимдер кабыл алына турганын айтып, Казакстандын саясат айдыңындагы аялдардын катышын жогору баалады.

Казакстан президентинин тун кызы Дарига Назарбаева Астанада өткөн аялдар саммитинде учурдагы казак коомчулугундагы аялзаты алектенген үч тармак боюнча кеп салды. Алгач ишкердиктеги аялдардын эмгегин белгилеген Дарига Назарбаева алар учурда бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн жүгүн тартып келатканын айтты. Андан соң үй-бүлөдөгү аялзатынын ордуна токтолгон премьер-министрдин орун басары аялдардын үй-бүлө очогун бекемдөөдөгү өзгөчө түйшүгүн баалады. Андан соң Дарига Назарбаева үчөөн тең салыштыра келип, саясаттагы аялзатынын ишмердигин төмөндөгүчө мүнөздөдү:

- Айымдар ишкердик менен алектенгенде андан кандайдыр бир жыйынтык чыгат. Насыялар төлөнүп, киреше түшүп, үй-бүлөнүн абалын жакшыртууга жана балдарды окутууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аялзаты үй-бүлөдө болгондо жубайына жана балдарына кам көрөт. Жубайынын карьерасынын өсүшүнө шарт түзүп берет. Мүмкүн акыбети кайткан бул иштер үчүн аларга кимдир бирөө акыры рахмат айтат. Ал эми саясатта аялзаты ким? Саясаттагы аялдардын жашоосунда 24 саат бою – бүтпөгөн сын-пикир, “бардыгы жакпайт, бардыгы андай эмес, мындай” деген менен жүрүп, аягында сага эч ким рахмат айтпайт. Ошондуктан мындай жашоо багытын тандоодон мурда жүз жолу ойлонуп көрүш керек.

Бурджанадзе: аялзаты аралашкан саясат жоопкерчиликтүү

Анткен менен Дарига Назарбаева саясат акыбети кайтпаган ишмердик болгон менен, ал да зарыл экенин жана аны менен дагы кимдир бирөөлөр алектениши керектигин айтты. Ошол эле кезде казак коомундагы аялзатынын орду башка чыгыш өлкөлөрүнөн кескин айырмаланарын айткан Дарига Назарбаева мында батыш менен чыгыштын жакшы жактарын ичине камтыган өзгөчө салт бар экенин белгиледи. Ал арада Дарига Назарбаева эл аралык уюмдар башкаруу органдарындагы жана саясаттагы аялзатынын саны тууралуу Казакстанга дайыма эскертүү берип келгенине токтолду. “Ошондой эскертүүлөрдүн болушу дагы бир четинен бул багытта алдыга кадам таштоого өбөлгө түздү”, – деди Дарига Назарбаева.

Евразиялык аялдар саммитине конок катары чакырылган грузин парламентинин мурдагы төрайымы Нино Бурджанадзе башкалардан айырмаланып, учурда Казакстан коомчулугу аялзатынын саясий лидерлигин таанууга жана колдоого даяр экенин белгиледи:

- Казакстанда аялзаты саясатта болобу же бизнестеби, олуттуу орундарды ээлегенин эске алганда сиздердин өлкө буга даяр. Мен аялдар дайыма саясатта болууга тийиш деп ойлойм. Канча көп болсо, ошончо жакшы. Анткени аялзаты саясатта көп болсо, ал өлкөдө тең салмактуу жана жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга өбөлгөлөр түзүлөт деген ишенимдемин.

Мураскерликке даярдыкпы?

Саммиттин жүрүшүндө Казакстан Борбор Азияда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө алдыда экени белгиленди. Чакан жана орто бизнести жетектегендердин 42 пайызын аялзаты түзө турганы көрсөтүлдү. Аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар ийгиликтүү иштеп, натыйжа берип жатканы айтылды.

Премьер-министрдин орун басары Дарига Назарбаева аялзатына кайрылып, учурдагы эл аралык абал, аскерий чатактар жана өлкөдөгү курч экономикалык кризис тууралуу жаңылыктарды жүрөккө жакын кабыл албоого чакырды. 90-жылдардагы оор учурду эске салган Дарига Назарбаева азыр ким эмне дебесин өлкө бир топ өнүгүп, бутуна турганын эч ким тана албастыгын айтты. Вице-премьер-министр ишкер аялдарды мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараянына активдүү катышууга чакырды. Айрыкча ал ишкер аялдардын социалдык тармакта мамлекет менен тыгыз кызматташуу маселесин көтөрдү.

Дарига Назарбаева жакынкы келечекте бала бакча, оорукана жана эмкана сыяктуу бир топ социалдык мекемелер менчиктештириле турганын биринчи жолу ушул жыйында белгиледи. 2004-2012-жылдары парламентке эки ирет депутат болуп шайланган Дарига Назарбаева быйыл күзүндө өкмөт башчысынын орун басарлыгына дайындалган. Дарига Назарбаеваны жакында атасы Нурсултан Назарбаев Батыш Европа мамлекеттерине болгон сапарында жанында алып жүргөнүн маалымат каражаттары чагылдырган. Дарига Назарбаеваны бир учурда эл аралык маалымат каражаттары жана казак медиасы атасынын президенттик тактысын алып калууга жөндөмдүү мураскер катары сыпаттап келишкен болчу.

Дарига Назарбаева Казакстандын бийлиги 2007-жылы оор кылмыштарга айыптаганда, Батыштан калканч издеп жүрүп Венада белгисиз жагдайда көз жумган Рахат Алиевдин жубайы болгон. Рахат Алиев оппозицияга ооп, өмүрүнүн соңку жылдарында кайнатасы Назарбаевдин ишмердигин сындаган китеп жазып чыгарган.

XS
SM
MD
LG