Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Казакстан: парламент үч партиялуу болот


Президент Назарбаев "Нур Отандын" жеңиштен кийинки форумунда. Астана,16.1.2012
Президент Назарбаев "Нур Отандын" жеңиштен кийинки форумунда. Астана,16.1.2012

Казакстанда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо күтүлгөндөй эле президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясынын жеңиши менен аяктады. Бирок бул ирет анын менен кошо парламентке талдоочулар бийликчил деп мүнөздөгөн эки партия да кирүүдө. ЕККУ уюмунун байкоочулары бул жолку казак парламенттик шайлоосун демократиялык эмес деп баалады.


Президент Нурсултан Назарбаев партиясынын жеңиши белгилүү болгон соң Астанада партиялаштары, “Нур Отандын” штаб мүчөлөрү менен жолугушууда бул жолку саясий өнөктүктү “болуп көрбөгөндөй айкын, ачык жана адилет” шайлоо деп атады.

​Назарбаевдин пикиринде, “Казакстан демократиялуу мамлекетти көздөй ургалдуу бара жатканын бүткүл дүйнө алдында дагы бир жолу көргөздү”. Казак президенти кошумчалагандай, “Нур Отандын” жеңиши “анын программасы, мурдагы иши эл тарабынан колдоо тапканын айтып турат”.



ЕККУ эски баасын берди

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандын бул жолку парламенттик шайлоосун дагы демократиялык эмес мүнөздөдү.

Уюмдун парламенттик ассамблеясынын төрагасы Жоао Соареш Астандагы басма сөз жыйында буларга токтолду:


-Өкмөттүн Казакстандагы демократиялык жараянды чыңдоо, шайлоону ЕККУ алдындагы милдеттемелерге ылайык өткөрүү боюнча айтылган мүдөөлөрүнө карабай, кечээги парламенттик шайлоо демократиялык шайлоонун фундаменталдык принциптерине жооп берген жок. Эгер казак бийликтери парламенттеги партиялардын санын көбөйтүү жөнүндөгү максаттарына олуттуу маани берсе, нукура оппозициячыл партиялардын шайлоого катышуусуна жол ачышы керек. Биз бул жагдай келечекте өзгөрөт деп үмүттөнөбүз.

Ал эми ЕККУнун шайлоолорго байкоо салуучу мекемеси – Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун узак мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын башчысы Миклос Харашти казак шайлоосунун терс көрүнүштөрү катары төмөнкүлөрдү атады:

-Тилекке каршы, биз жарандардын шайлоо укугу олуттуу чектелген өнөктүккө күбө болдук. Коомдук талкуулар чектелди. Массалык маалымат каражаттары, теле-радио каражаттары редакторлук тескөөдөн өтүп, өзүн-өзү цензуралоо деп мүнөздөлгөн чөйрөдө аракеттеништи. Шайлоонун жыйынтыгы – мамлекеттик партиядан тышкары эки партиянын болушу, уюштурулган шайлоо деп мүнөздөлө алат.

Бийликчил бир партиядан үч партияга

Ошентип, буга чейин бир партиялуу делген атка конгон казак парламентинин төмөнкү палатасы эми үч партиядан турмакчы. Азыркы шайлоо жыйынтыгынын мурдагыдан негизги айрымачылыгы да мына ушул факт.

Серепчилер “Нур Отан” менен кошо парламентке кирген “Акжол” жана Коммунисттик элдик партия өкмөтчүл саясий уюмдар экенин баса белгилешүүдө. Казакстанда коммунисттердин эки партиясы бар. Алардын оппозициячыл багыттагысынын ишине бийликтер шайлоо жарыялаанар алдында сот аркылуу тыюу салган.

БШКнын маалыматы боюнча жекшембидеги добуш берүүгө Казакстандын тизмедеги 9 миллион 300 миң шайлоочусунун 75% пайыздан бир аз ашууну катышты. Алардын 81 пайызга жакыны “Нур Отанды”, 7,5 пайызга жакыны “Акжол”, 7,2 пайызы Казакстан коммунисттик элдик партиясын колдоду. Калган үч партиянын добуштары 1 пайызга жеткен жок.

Оппозиция шайлоо жыйынтыгын тааныбайт

Жекшембидеги шайлоого катышкандар ичинен оппозициячыл катары саналган жалгыз саясий бирикме – “Азат” жалпы улуттук социал-демократтар партиясы БШКнын эсебинде, 1,6 пайызга бир аз жетпеген добуш топтогон. Шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деп эсептеген аталган партиянын тең төрагаларынын бири Болот Абилов “Азаттыкка” буларды айтты:


Оппозиционер саясатчы Болот Абилов
Оппозиционер саясатчы Болот Абилов
-Биз БШКнын сандарына ишенбейбиз. Эмне үчүн? Анткени шайлоо комиссиялардын ичинде биздин өкүлдөрүбүз жок. Казакстан боюнча тогуз жарым миң шайлоо комиссиянын курамында бир дагы адам [оппозициядан] жок. Андыктан комиссияда иштеген кишилер бурмалоолорду жасап, каруселди уюштуруп, бир адам участкаларды аралап, 10-20 ирет добуш берет. Андыктан биз ишенбейбиз. Шайлоо таза эле бурмалоо менен гана өттү.

Болот Абилов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде жалпы улуттук “Азат” социал-демократтар партиясы шейшембиде Алматыда шайлоо жыйынтыгына каршы нааразылык акциясын уюштурарын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG