Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Кыргызстан Борбор Азияга өрнөк болобу?


Кыргызстандын экс-президенти Р.Отунбаева жана жаңы президенти А.Атамбаев. 1.12.2011

Кыргызстандын экс-президенти Р.Отунбаева жана жаңы президенти А.Атамбаев. 1.12.2011

Кыргызстанда саясий бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү тажрыйбасы чөлкөмгө кандай таасир этет? Түрдүү пикирлер, ар кыл көз караштар.


Учурда Швецияда жашаган Түркмөнстан парламентинин мурдагы мүчөсү, Кызыл-Арбат шаарынын экс-мэри Халмурат Сүйүн Кыргызстандагы өзгөрүү Борбор Азиянын калган калкына үмүт чачат деген ишенимде:

Халмурат Сүйүн

Халмурат Сүйүн

​- Кыргызстанда бүгүн болуп жаткан окуялар Борбор Азия калкы үчүн чоң мааниге ээ. Төбөлсүздүктүн 20 жылында кыргыз эли демократиянын катаал жана машакаттуу жолун өттү. Кыргыз эли түрдүү кыйынчылыктардан жалтанбасын, өлкөдө эмне жасалбасын, анын баары элдин болочогуна багытталганын эл аралык коомчулукка далилдей алды. Бул коңшулаш өлкөлөргө, анын ичинде тоталитаризм үстөмдүк кылган Түркмөнстандын элине келечекке ишеним арттырат. Бир кезде бизди дагы бүгүн кыргыз эли жетишкен ийгилик ыроолойт деген үмүттү өчүрбөйт.

Баары бир пост-советтик республикалар, алардын катарында Орусия парламенттик системага өтөт деп ойлойм. Ошон үчүн Кыргызстандагы парламентаризмдин келечеги бар деп ишенем. Кыргызстан кичинекей өлкө, бирок Роза Отунбаеваны убактылуу болсо дагы президент шайлап, жалпы экс-советтик мейкиндикке өрнөк көрсөттү. Ага аял жана эне катары ызат, урмат-сый көрсөттү. Ал аял кыргыз элине дүйнөлүк коомчулук алдында чоң абийир, сый-урмат алып келди. Болочокто Түркмөнстанда жана башка Борбор Азия мамлекеттеринде Кыргызстандагыдай өзгөрүүлөр болсун!

Өзбекстан Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, “Бирлик” кыймылы жана “Эрк” партиясынын негиздөөчүсү, 1993-жылдан бери чет өлкөдө баш калкалаган акын Мухаммед Салих:

- Бул жакшы адат. Бирок али адат-салтка айлана элек бир асылзат аракет. Бийликтин мыйзамдуу негизде бир президенттен экинчи президентке өткөнү, жалпы элдик шайлоо жыйынтыгына ылайык бийликтин алмашуусу, албетте, демократиялык жараян. Бул жараян, арийне, Өзбекстандай диктатуралык мамлекеттерге үлгү болуусу керек. Кыргызстанда өлкө лидерин алмаштыруу жараяны ар тараптагы авторитардык өлкөлөргө өрнөк болот деп үмүт кылабыз.

Мухаммед Салих Кыргызстандын демократиялык жетекчилиги 2010-жылдагы июнь окуясынан катаал сабак алуусун белгилейт:

Мухаммед Салих

Мухаммед Салих

- Былтыр Кыргызстанда болгон кандуу окуялар, албетте, Борбор Азия, Өзбекстан, Кыргызстан үчүн дагы сыймыктанар иш болду деп айта албайбыз. Көп адамдардын каны төгүлдү, көп адамдар там-жайсыз калды, көп адамдар үй-жайын таштап кетти. Бул көрүнүш бүгүн да уланууда. Кыргызстандын жаңы президенти бул калпыстыкты токтотууга саясый лидер жана мамлекет башчы катары таасир этет деп үмүт кылабыз. Ошондой эле Өзбекстан-Кыргызстан алакалары жакшырып, адамгерчиликтүү негизде саясат жүрөт деп тилек кылабыз. Эки өлкө чыныгы коңшулардай жана бир туугандардай болот деп үмүт кылабыз.

Тажикстандын Социал - демократиялык партиясынын төрагасы Рахматулло Зоиров Кыргызстандагы эки ыңкылап тажик саясий күчтөрүн шыктандырганына токтолот:

- Кыргызстанда бүгүн эки президент душмандашпастан, зекишпестен мамлекеттик бийликти ишке ашыруу боюнча ыйгарым укукту биринен экинчисине эч көйгөйсүз өткөрүүсү аркылуу тарыхый кадам жасоодо. Менимче бул толеранттуулуктун Кыргызстандан Борбор Азиянын башка республикаларына салыштырмалуу кыйла эле алдыга кеткен жарандык коомунда эле эмес, саясий бийликте да башталганынын белгиси. Толеранттуулук мамлекеттик башкаруу системасына да келип жетти.

Рахматулло Зоиров

Рахматулло Зоиров

Рахматулло Зоиров Кыргызстан кадам таштаган парламенттик башкаруу системасы Борбор Азиянын калган элдеринин менталитетине жат эместигин, Кыргызстанда парламенттик демократиянын чыңдалуусуна алдыдагы бир-эки жыл чечүүчү рол ойноорун кошумчалайт:

- Кыргызстан бүгүн жарым жолдо. Башкысы бейстабилдүүлүктүн мезгили экинчи планга кеттип, тынч жол менен өнүгүү мезгили башталды. Эми алдыга жылуу үчүн кыска мөөнөт аралыгында, бир-эки жыл ичинде мунун укуктук, ага катар социалдык-экономикалык негиздерин бекемдөө керек.

Казакстандын жалпы улуттук "Азат" социал-демократтар партиясынын баш катчысы Амиржан Косанов демократиялык бийлик алмашуунун маанисин чечмелейт:

- Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Казакстан үчүн сабак, таалим ала турган өнүгүү экендигинде. Саясий системанын жаңылануусу Кыргызстандан башталып жатат деп эсептейбиз. Кыргызстанда бийлик башына келген президенттердин ысымдары Акаев, Бакиев, Отунбаева, эми Атамбаев деп алмашуусу Борбор Азиянын 10-20 жылдан бери бийликтеги лидерлерине жагат деп айта албайм. Алар субъективдүү көз-караштан улам буга терс кароосу мүмкүн. Бир гана тилек бар, башчылар арасындагы жеке көз-караш миңдеген жылдардан бери коңшу жашап келе жаткан казак менен кыргыздын достугуна, алардын туугандыгына терс таасир тийгизбөөсү абзел.

Амиржан Косанов

Амиржан Косанов

​Амиржан Косанов ошону менен катар эле Кыргызстандагы парламенттик демократиянын тобокелчиликтерин эскертет:

- Бул көбүнесе мамлекет башчылыгына келген жаңы президенттин саясий жигерине, эркине байланыштуу жана албетте, парламент менен коомдун өзүнө көз каранды. Менимче Кыргызстанда коом бийликке таасир эте алгыдай шарт түзүлгөн. Демократия абдан татаал, кыйын мектеп. Кыргызстандын калкы бул мектептен өттү деп ойлойм.

АКШ Конгрессинин алдындагы “Ачык коом лидерлери” борборунун директору, АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Жон О'Киф Кыргызстанда демократиялык жол менен бийлик алмашуунун чөлкөмдүк таасири тууралуу:

Элчи Жон О'Киф

Элчи Жон О'Киф

- Кыргызстанда бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү жалпы аймакка кандай таасир этүүсү мүмкүн деген собол - бир аз мөөнөтүнөн мурда берилген суроо деп айтаар элем.

Эң биринчи маанилүү суроо – бул өзгөрүү Кыргызстандын өзүнө кандай таасир этет?

Биринчиден, экономикалык өнүгүү кандай болот? Экинчинден, 2010-жылдагы кайгылуу окуядан кийинки кырдаалды оңдоо, анда жабыркаган адамдардын жай турмушка аралашуу жараяны кандай жүрүүдө?

Ал эми регионалдык аймакта ала турган болсок, бул ар бир өлкөнүн өзүнөн жана анын калкынан көз каранды. Алдыда эмне болушу мүмкүн? Бийликти өткөрүп берүү коңшу өлкөлөрдө дагы орун алат деген ишеним ар бирибизде бар. Анткени бул дүйнөгө түркүк болчу эч ким жок.

Маселе башкада – Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдө саясий бийлик алмашуу орун алганда, анын кесепеттери кандай болот? Ал өзгөрүүлөр тынч жол менен өтөбү жана жаңы келген бийликтер өз калкынын алдында жоопкерчилик алабы – муну келечек көрөсөтөт.

Алексей Малашенко

Алексей Малашенко

Москвадагы саясат таануучу Алексей Малашенко Кыргызстанды саясий кызыкчылыктардын ордосу катары баалап келет. Жаңы кызматка киришип жаткан Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземине Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкиндин күтүүсүздөн келбей коюшун "саясий табышмак" деп атады:

​- Менин байкашымча, бул жерде кандайдыр оюн жүрүп жаткандай. Менимче, Кремлден Бишкектеги инаугурацияга барам деп камданып аткандар ал жерде Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин жанында тургусу келген жок. Анын артында дагы бир сөздөр, милдеттенме келип чыкмак.

Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов Сергей Нарышкиндин Бишкекке келбей калганын Мамлекеттик Думага болчу шайлоого байланыштуу деп түшүндүрдү.

Президент А.Атамбаевдин ант берүү аземи. (КТРКнын тасмасы)
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG