Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Кыргызстандагы кырдаал кошуналардын көз кырында


Кыргыз парламентинин имараты.

Кыргыз парламентинин имараты.

Борборазиялык саясатчы-эксперттер Жогорку Кеңештеги коалиция ыдырашын кандай баалашат?

Кыргыз парламентиндеги башкаруучу коалиция ыдыраганга байланыштуу өлкө президенти Аламазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди. Бишкекте болгон Түрк тилдүү мамлекеттеринин саммитине не Өзбекстан президенти, не премьер-министри, не парламент төрагасы келбеди. Ушул окуялар жөнүндө коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясатчы-эксперттеринин пикирлери.

Тажикстандыктар Кыргызстанда туруктуулук болушуна кызыкдар

Кыргыз парламентиндеги төрт партиялуу “Биримдик” коалициясы бузулду. Ушундан улам жума күнү президент Атамбаев тогуз айлык өкмөттү отставкага айдады.

Дүйшөмбүлүк серепчи Косим Бекмухаммед Кыргызстандагы бул жана башка окуяларды Тажикстан калкынын активдүү бөлүгү кунт коюп байкап турганын айтат:

- Тажикстан Кыргызстан менен чектеш болгондуктан, Кыргызстанда эмне болбосун Тажикстанга, өзгөчө чек аралаш райондорго таасирин тийгизбей койбойт. Өзбекстан менен мамиле солгундап кеткендиктен, Тажикстан тыш дүйнөгө негизинен Кыргызстан аркылуу чыгат. Ошон үчүн тажикстандыктар Кыргызстанда туруктуулук болушуна кызыкдар. Кыргызстанды тажик саясатчылары, партиялары, окумуштуулары жана эксперттери да көңүл чордонунда кармашат. Анткени Кыргызстан эки революциядан кийин башкаруу системасын өзгөрттү. Жаңы саясый шартта иштөөдө.

Көпчүлүк тажикстандыктар эгер Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу формасы өзүн актаса, болочокто анын тажрыйбасы бизге да пайдалуу болот деп ойлошот. Ал үчүн Тажикстандын маалымат каражаттары, айрыкча экрин маалымат булактары Кыргызстанда акыркы болгон чоң саясий жараянга - парламенттик көпчүлүктү түзгөн коалиция кыйроосуна өтө олуттуу мамиле жасашууда.

Ал жөнүндө гезиттер менен жумалык басылмалар майда макалаларга удаа бир катар аналитикалык мүнөздөгү көлөмдүү материалдарды жарыялашты. Ошон үчүн Кыргызстандагы жагдайдан тажикстандыктардын тынчсыздануу себебин түшүнүү мүмкүн. Эгерде парламенттик-президенттик система непада Кыргызстанда өзүн актай албай калса, башка Борбор Азия мамлекеттерине, анын катарында Тажикстанга президенттик башкаруу ылайыктуу, элдин менталитетине жарашат деген түшүнүк узак жылдар өкүм сүрө берет деп тынчсызданышат, - деп аяктады сөзүн дүйшөмбүлүк талдоочу Косим Бекмухаммед.

Түркмөн саясатчысы: Кыргызстан көч башында

Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун айланасындагы карама-каршылыктуу кептердин натыйжасында Жогорку Кеңештеги фракциялар арасындагы ынтымактын ыдырап, өкмөттүн мөөнөтүнөн эрте таркатылышын Түркмөнстан парламентинин мурдакы мүчөсү Халмурад Сүйүн Батыштын демократиялуу өлкөлөрүндө боло жүрчү көрүнүш катары көрөт:

- Түркмөндөрдө Кыргызстандагы саясий жараяндарга бир кылка мамиле жок. Өлкө парламентине түрдүү партиялар кирип, коалициялык көпчүлүктүн чапанынын өңүрүн азчылыктагы оппозиция тепсеп турду. Алар кызыл чеке болуп, бири бирин сындап жатышты. Ушуга карай өлкөдө демократиялык башкаруунун бардык механизмдери иштөөдө деп айтса болот. Бул өңүттөн алганда, парламенттик коалиция кыйрап, премьердин отставкага кетиши Европа мамлекеттери үчүн чоң мааниге ээ эмес.

Бирок Кыргызстан Борбор Азияда экенин эске алуу керек. Тырыхтын буйругубу, айтор акыркы 20 жылда демократиялык өзгөрүүлөр жагынан Борбор Азиянын көч башында барат. Ошон үчүн Кыргызстандагы саясий окуялар жалпы регионго кызыктуу деп ишенем. Түркмөндөрдүн бир жааты Кыргызстандагы окуяларды жактырышса, экинчилери тескери кабыл алышууда. Бул турмушта болчу табигый көрүнүш. Бирок да Кыргызстан эки ыңкылапты өткөрдү. Айрыкча 2010-жылдын апрелиндеги кандуу бийлик алмашуудан кийин өлкөдө туруктуу өкмөт жана парламенттин болушун каалар элем.

Азыр оппозициядагы Халмурад Сүйүн өз сөзүн мындай деп бүткөрдү:

- Мен Кыргыз парламентиндеги соңку окуяны - парламенттик башкаруунун бир сабагы деп баалайм. Өлкөнү хаоско салып, бийликти шал кылган саясый кризис жок. Бирок башта бириккен саясый күчтөр азыр бири биринен алысташалы деп чечишти. Саясат ушундай да. Саясатчылар жеке кызыкчылыктары бир жерден чыкканда, чогуу аракеттенишет. Кызыкчылыктары төп келбегенде, партиялар жиктелип бөлүнөт жана утурумдук максаттары окшош, мунасага барчу күчтөр менен биригишет. Кыргызстанда ошол сыяктуу кадимки саясий оюндар ойнолууда. Бирок бул оюндар кыргыз коомуна түшүнүктүүбү? Бул албетте башка суроо, - деди Түркмөн парламентинин экс-депутаты.

Өзбек оппозиционери: Кыргыздар бир да диктаторго жол бербеди

Ал эми Биргелешкен өзбек оппозициясынын “Халк аракети” кыймылынын төрага орун басары Мухаммедсалых Абитов парламенттеги тирешүүлөр, өкмөттүн тез-тез алмашуусу Кыргызстандын жана өлкө калкынын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет деп санайт:

- Кыргыз мамлекетинин, Кыргызстан өкмөтүнүн, жалпы кыргыз элинин 20 жылда топтогон саясий тажрыйбасы - чоң ибарат, үлгү, өрнөк. Кыргыз эли СССР кулагандан кийин эч бир диктаторго жол бербеди. Бул бизди суктандырат. Бирок ар беш жылда революциянын болуп турганы нормалдуу көрүнүш эмес. Себеби эл жана экономика алдыга өнүгүшү зарыл. Бир өкмөт бийликке отурдубу, ал үч жылбы, же беш жылбы, бир мөөнөт отуруш керек. Өлкөдө чечилчү аябагандай көп проблемалары бар. А парламент иштебей жатат. Бул элдин өнүп-өскөнүнө тескери таасир этет.


Өзбек президенти Бишкектеги саммитке эмнеге келбеди?


23-августта Бишкекте өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин саммитине Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркиянын жетекчилери катышты. Саммитке Өзбекстан менен Түркмөнстандын башчылары келген жок.

Өзбек оппозиционери Мухаммедсалых Абитов президент Ислам Каримовдун мамлекет аралык жыйынга келбей коюшу - расмий Ташкендин туруктуу тышкы саясаты жоктугун көрсөтөт деген пикирде:

- Мен муну сындаймын. Ислам Каримов президент болгондон тарта, Өзбекстан эгеменсиз болгондон бери өзбек эли үчүн, анын улут катары өсүп-өнүгүүсү үчүн эмес, тескерисинче, анти-улутчул, динге каршы саясат жүргүздү. Бул жөнүндө жүздөгөн мисалдарды айтса болот.

Каримовдун Түрк тилдүү мамлекеттеринин Бишкектеги саммитине барбаганы - анын анти-улутчул саясатынын бир далили. Түркмөндардүн башчысынын саммитке барбаганын түшүнүү мүмкүн. Себеби алардын биринчи Түркмөнбашысы тышкы саясатта бейтараптуулук позициясын жарыялаган. Ага ылайык, өлкө тышкы саясатта эч кандай блокко, батыштык уюмдарга кошулбайт. Ошон үчүн азыркы Түркмөнбашы Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине кошулбай жатса керек. Ал эми Өзбекстанда туруктуу багыты жок. Бир туруп, Жамааттык коопсуздук келишими уюму- ЖККУга кошулат. Бир туруп ГУУАМга кошулат. Анан кайра чыгат. Бирде Орусияга жакындайт, бирде АКШ тарапка жакындайт. Ошентип Өзбекстандын бейорун, туруксуз, тышкы саясий багытын аныктай албаган мамлекет экени көрүнүп турат.

Каримовдун Түрк тилдүү мамлекеттеринин акыркы саммитине барбаганы - биринчиден, Түркия менен мамилеси начар. Себеби өзбек оппозициясынын лидери Мухаммад Салих Түркиядан баш паанек тапкан. Экинчи себеби, Каримовдун коңшулаш өлкөлөр: Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан - баары менен алкасы жакшы эмес. Чек араларга тосмолор орнотулуп, тикенек зымдар тартылган. Автомат көтөргөн аскерлер коюлган. Ары-бери катташуу жок. Миңдеген жылдар ынтымыкта жашаган эл өз ара барды-келди кыла албайт. Өзбек президентинин саясаты ушундай анти-улутчул, инсанга каршы саясат. Анын саммитке барбаганы - Түрк тилдүү элдердин өз ара интегарция болгонун да каалабайт жана өз калкынын башка элдер менен карым-катнашып турганын да каалабайт. Бул ал жүргүзгөн саясаттын уландысы, - дейт Биргелешкен өзбек оппозициясынын “Халк аракети” кыймылынын төрага орун басары Мухаммедсалых Абитов.
XS
SM
MD
LG