Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:35

Сирияга жөнөп, радикалдашып кетчүлөрдүн агымын токтотуу үчүн Тажикстанда мусулманчылык эрежелерин карманууга бир топ чектөөлөр киргизилүүдө.

Бул тыюуну расмий Дүйшөмбүнүн өз маалында жана максатка ылайык киргизген чарасы катары карагандар менен бирге эле мажбурлоо иштери диний чөйрөнүн арасындагы көмүскө радикалдашууга өбөлгө түзөт деп тынчсыздангандар да жок эмес.

Ошол эле кезде диний чөйрө муну мамлекеттин динге кийлигишүүсү катары караган учурлар да арбын.

Шарият менен мыйзамдын ортосундагы эки ачалык

Исламдын эрежелери менен кийинүүнү жөнгө салган мыйзамдар учурда тажик коомчулугун экиге бөлүп салды. Алардын бир мисалы бир тууган эже-сиңдилер - Парвана жана Сарвиноз. Алардын бири накта динчил болсо, экинчиси светтик жашоону жактырат. Ар кимиси ар башкача турмушта жашаганы менен алар адамдын эркиндиги деген маселеге келгенде көз караштары төп келет.

Парвана жана Сарвиноз (Видео англис тилинде)

Ондогон тажик жарандары Сирияга кетип жатат деген маселеден улам Дүйшөмбү шаарында динчилдердин үстүнөн көзөмөл күчөдү. Бирок бул чаралар Тажикстанда мындан жыйырма жыл мурунку жарандык согуштун алдындагыдай карама-каршылыкка алып келбейби деген кооптонуу бар. Мына ошондо дагы динчилдер менен секулярдык көз караштагылардын ортосундагы тирешүү чатакташууга алып келип, миңдеген адамдын каны төгүлгөнү маалым.

Тажикстанда чоңдугу боюнча экинчи шаар болгон Хоженттеги бир бөлмөлүү чач тарач салонунда Набижон күнүнө он саатка чукул иштейт. Анын кардарлары азайып кеткен күн боло элек. Үчүнчү муундан берки ата-теги чачтарач болгонун белгилеген Набижон анын иши мурда азыркы учурдагыдай жакшы жүрүшпөгөнүнө токтолду:

- Бул жакка мурда адамдар чачын кыскартканы эле келишчү. Азыр көпчүлүк кардарлар сакал-мурутун алдырганы келишет. Мурда мындай эмес эле. Кардарлар көбөйдү. Азыр сиздер көчөдөн узун сакалчандарды көрбөйсүздөр.

Тажик бийлиги радикалдык же башка бир экстремисттик топтордун кулач жайышына жол бербөө үчүн күрөштү салттуу эмес дин туткандардын сырткы кебетесинен баштады. Андыктан чүмкөнө оронгон аялдар менен узун сакалчан эркектер бийликтин көңүл борборунда болду. Эркектерди көчөдөн кармап, милиция бөлүмчөсүндө күч менен сакалын кырып жатышты. Ал эми президент Эмомали Рахмондун былтыр март майрамында Тажикстанда экстремисттик тренд иштеп чыккысы келгендер бөтөнчө кийинишет дегени эскертүү катары кабыл алынды. Мунун жыйынтыгында Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндөгү көрүнүш бачым эле өзгөрдү. Азыр расмий бекитилген жана салттуу тажик улуттук кийиминен башка кара хижап кийип, чүмкөнгөндөрдү көчөдөн кезиктирүү дээрлик мүмкүн эмес.

Тескери таасирдин темгилдери

Бирок өкмөттүн сырткы кебетеге карап чара көргөнү менен коомдогу секулярдык көз караштагылар менен консервативдүү динчилдердин ортосундагы айырмачылык тереңдеп кетпейби деген коркунуч бар. Анткени байкоочулар тажик мусулмандарынын сырткы кебетесин көзөмөлдөй берүү бара-бара тескери таасирин тийгизиши мүмкүн дешет. Атургай бул жагдай аларды коркунучтуу жолго түртүшү ыктымал деген күмөн саноолор бар. Эксетер университетинин Тажикстан боюнча эксперти Жон Хизершоу репрессивдик чаралардан чочулаган тараптын көмүскөгө кетип, ансайын радикалдашуу коркунучу бар экенин белгиледи. Анан да жыйырма жыл мурунку жарандык согуштун тактары али кете элек.

Тажикстанда радикалдашуу коркунучу жогору экени көрсөтүлгөн. Анткени аймактык бөлүнүү, саясий жана диний ажырым дагы эле ордуна келе элек. Буга 2010-жылы абактан качкан жоочулардын Рашт өрөөнүндө өкмөттүк күчтөр менен эки жумага жакын салгылашканы мисалга алынган. Беш жылга созулган жарандык согуштан кийинки жарашуудан соң бириккен тажик оппозициясынын өкүлдөрү дагы бийликке келген. Бирок кийин Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салып, анын мүчөлөрү камала баштаган. Бирок муну бул партиянын жактоочулары таптакыр ишмердигин жүргүзө албай калды дегендикке жатпайт дейт айрым эксперттер.

Тажикстандын ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын командири Гулмурод Халимов нааразылык иретинде кызматын таштап, Сириядагы жоочуларга кошулуп кеткени ачыкка чыккан. Андан соң быйыл күзүндө коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода баштаган куралдуу топтун өкмөттүк аскерлер менен салгылашы Тажикстанда абал ойдогудай эмес экенинен кабар берет дешет талдоочулар. Мына ушундай жагдайда Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндө ислам эрежелерине ылайык кийингендерге карата кескин мамилени мамлекеттин динге ашкере кийлигишүүсү катары караган катмар дагы бар. Мына ошондуктан Тажикстандагы диний жана саясий карама-каршылыктын аягы барып чоң жаңжалга алып келбейби деген тынчсыздануулар күчөдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG