Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Казактардын каршылык ыры


Жанат Эсентаев жаңы-өзөндүк мунай жумушчуларын колдоп ырдады, 23-декабрь, 2012-ж. Актау
Жанат Эсентаев жаңы-өзөндүк мунай жумушчуларын колдоп ырдады, 23-декабрь, 2012-ж. Актау

Казакстандын баш калаасында уюштурулган айтышта Жаңы-Өзөндөгү кан төгүү тууралуу бир да акын ооз ачкан жок, бул трагедия тууралуу элдик ырчылар ырдап чыгышууда.


Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Эзелтеден акындар кандын алдында да чындыкты айтуудан тайсалдаган эмес. Бирок 19-декабрдагы Астанада өткөн айтышта, үч күн мурунку Жана-Өзөндөги кыргынды эч ким эскерген жок.

Программаны толугу менен ушул жерден угуңуз:


please wait

No media source currently available

0:00 0:10:54 0:00
Түз линк


Жаңы-Өзөндө 16 киши набыт болгондун эртеси, бул шаарга жакын Шетпе айылында нааразы болгон демонстранттарга ок атуудан баш тарткан Төрөбек Төлөгөнөв окко учту. "Азаттыктын" кабарчысы барганда, маркумдун жетилигин өткөрүп жатышкан экен. Кара кийип зарлаган энени куран окутуп келген коңшусу коштоп отурду.

Астанадагы айтышта эмне үчүн акындар ушул энени, башка ондогон курмандыктарды ооз учунан болсо да эскерген жок? "Азаттыктын" бул суроосуна айтыштын уюштуруучусу Софы Сматаев «биз кимдин күнөөлүү экенин билген жокпуз» деди. Ошол эле мезгилде өзү Жаңы-Өзөндөгү, Шетпедеги окуяларды трагедия деп баалайт.

Кандуу окуя боюнча ачык жана калыс тергөө жүргүзүлөөрүнө ишеним жок болгондуктан, көксөөсү суубаган элдин көңүлүндөгүсүн элдик акындар ырдап чыгышууда.

Жанат Эсентаев Актау шаарынан. Жаңы-Өзөнгө жакын жайгашкан бул шаарда да мунай жумушчулары былтыр майдан бери иш таштап келишкен, бирок аларга борбордук бийликтен же парламенттен эч ким келип, ал-жайын сураган эмес. Жаңы-Өзөндөгү декабрдагы окуядан кийин ал жакка баруучу жолдор буулуп, телефон байланышы үзгүлтүккө учураган эле. Тыштан кабар ала албаган актаулыктар ошол күндөрү Жанат Эсентаевдин ырлары аркылуу өздөрүн сооротуп турушту.

Жаңы-Өзөндөгү окуя мындан чейрек кылым мурдагы Казакстандын тарыхына "Желтоксан" деп кирген казак жаштарынын козголоңу менен бир күнгө туура келди. СССРдин акыркы президенти Горбачев Казакстандын Компартиясын жетектеген Динмухаммед Кунаевди иштен алып, ордуна Москвадан Геннадий Колбинди жибергенде, казак жаштары көтөрүлгөн. Андагы демонстрация да күч менен басылган. Ошондо сталиндик коллективдештирүү заманында кырылган казактарды эскерген "Каскалдак" деген ыр жаңыча жаңырган эле.

Абдыгани Жээнбай - казакстандык журналист. Ал биринчи "Желтоксанда" казактар өз түнөгүн таштап кеткен каскалдак деген кушту Кунаевге, ал эми анын ордун баскан шөрөгей деген келгин кушту Колбинге салыштырышканы тууралуу айтып берди. 1986-жылдын 16-декабрындагы ал окуялар азыркыдай таптар аралык эмес, улуттук мүнөзгө ээ болгон эле. Казакстандын 20 жылдык көз карандысыздыгын майрамдоодо "Каскалдак" жасалгаланып, чоң сахнага чыккан.
XS
SM
MD
LG