Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Каспийдин саммитине Иран чакырылбады


2007-жылы Каспий саммити Тегеранда өткөн. Махмуд Ахмединежад (ортодо) быйыл саммитке келбейт

2007-жылы Каспий саммити Тегеранда өткөн. Махмуд Ахмединежад (ортодо) быйыл саммитке келбейт

Каспий жээгиндеги мамлекеттер Актау портунда 11-сентябрда алгачкы саммитин өткөрүшөт. Бирок аймсакка кирген өлкөлөрдүн бири – Иран – бул бейрасмий жолугушууга чакырылган жок.

Казакстандагы Актау портуна жума күнү Азербайжандын, Казакстандын, Орусиянын жана Түркмөнстандын президенттери чогулушат.

Алардын бейформал бу жыйыны тууралуу алгачкы ирет айтылганына бир ай да боло элек. Эң кызыгы - саммитке Каспий аймагына кирген беш жумурияттын бири - Иран – чакырылбай калганы болууда.

Италиялык аналитик Фредерико Бордонаронун айтымында, расмий Тегеран бу жыйынга чакырылбаганына зээни кейип турат. “Азыр аябай кызык абал түзүлдү, - дейт ал. - Иран саммитке чакырылбаганына наарызылыгын билдирген. Анан эгерде сиз 7-сентябрда орус президенти менен “Газпромдун” башчысынын жолугушуусун уккан болсоңуз, анда Медведев: “Жакынкы күндөрү Каспий боюндагы айрым мамлекеттердин саммити болот” деп айткан. Демек Каспийдеги баардык эмес, “айрым” мамлекеттер деп айтканынын да жөнү болгон бар”.

Ирандын Тышкы иштер министри Манучер Моттаки 9-сентябрда “Бул саммит Ирандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келет” деп билдирген.

Ал “Саммит деңиз боюндагы беш мамлекет суу жолдору жөнүндө кандай гана чечим болбосун, биргеликте кабыл алынат деген буга чейинки макулдашууну бузуп жатат” деп айткан.

Бордонаро болсо Моттакинин билдирүүсү жумшартылып айтылды, дейт. “Ирандыктар азыр Орусия Каспий боюнда постсоветтик мамлекеттердин катышуусунда өзүнүн жетекчилигиндеги блокту түзүүнү каалап жатат, бу дегени Каспий боюнча кандай чечим болбосун, обочодо калган Ирандын каалоосу анча эске алынбайт дегенди билдирет деп чочулашат, - дейт Борданоро. - Иран саммитке чакырылбаганына анын азыр, дипломатиялык сөз менен айтканда, кычык абалда турганы да себеп болушу мүмкүн”.

Актаудагы саммитте кайсыл маселе каралаары азырынча жарыя кылына элек. Бирок аналитиктер мында Каспийдин статусун аныктоо боюнча талкуу болушу мүмкүн экенин айтышты.

Азыр аймактагы мамлекеттер аны деңизби же көлбү деп атоонун үстүнөн ойлонуп жатышат. Негизи, Каспийдин статусу боюнча талаш-тартыштар көптөн бери эле уланып келатат. Мунун баары анын байлыгын бөлүштүрүүдөгү пикир-келишпестиктер менен байланыштуу. Бул маселеде Иран менен калган мамлекеттердин ортосунда бир мунаса табыла элек.

7-сентябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Каспийдин статусу төрт мамлекеттин бул жолку бейрасмий саммитинде талкууланбайт деп билдирди. Бирок Бордонаронун айтымында, Тегеран буга анча ишене бербегендей.

“Иран бул аймакка кирген өлкөлөрдүн катарына кошула албай жатканынын тарыхый себеби да бар. Бул жерде постсоветтик өлкөлөр менен тыгыз мамиледеги Орусия дайыма лидер болуп келген”.

Төрт президент талкуулай турган башка да маселелер көп. Мисалы, Каспийдин энергия булактарына кошулууну самаган Евробиримдик, Кытай, Индия, Пакистан, Сирия жана Түркия ар кимиси өзүнө караштуу куурларды жаткырууга кызыкдар.

Куурлардын мүмкүн болушунча көп болушу Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан үчүн жакшы жышаан. Бирок региондо энергия булактарында монополист болууну самаган Орусия муну анча каалабайт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG