Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Түштүк Кавказ: Согуштан кийинки беш жыл


Орусиянын танктары Грузиянын Гори шаарынан Түштүк Осетияга кетип жаткан учур. 22-август, 2008-жыл.
Орусиянын танктары Грузиянын Гори шаарынан Түштүк Осетияга кетип жаткан учур. 22-август, 2008-жыл.

Орусия менен Грузиянын ортосунда Түштүк Осетиядан улам беш күндүк кыска согуш тутанганына туура беш жыл толду. Андагы согуш Грузиянын коңшуларын да чочуткан эле. Мурдагы СССРдин үч республикасы байырлаган Түштүк Кавказ аймагы али Орусия менен Батыш ортосунда чайпалып турат.

Беш жыл мурдагы беш күндүк согушта Орусия жеңип чыкканы маалым. Бирок ошол эле учурда бул окуя Москванын улут аралык алака-катыш жагынан абал чыңалып турган аймактагы ортомчулук вазийпасына да олуттуу эле сокку ургандай болгон.

Тышкы байланыштар боюнча Европа кеңешинин улук иликтөөчүсү Стефан Меистер мындай дейт:

- Ал согуш постсоветтик башка өлкөлөргө Орусия өз кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн күч колдонууга чейин барарын ишара кылган. Ага катар кандайдыр бир деңгээлде Орусиянын аймакта өнөктөштөрү бар оюнчу катары ролуна да көлөкө түшүрдү.

2008-жылкы кыска согуштан кийин Орусия Азербайжан менен Армения ортосундагы Карабак чатагын жөнгөрүү боюнча ортомчулугун күчөтүүгө аракеттенди. Бирок ал кездеги президент Дмитрий Медведевдин бул демилгеси ийгилик таба албады. Президенттикке Владимир Путин кайткандан кийин болсо Арменияны да, Азербайжанды да курал менен жабдыган Москва бул ролун басаңдатты.

Соңку жылдары Москвага ишенбөөчүлүк Армениядан да, Азербайжандан да күчөгөнүн эске салган байкоочулар эки өлкө ортосунда Тоолуу-Карабак боюнча куралдуу жаңжал чыгып кетүү тобокелчилиги мурдагыдан жогорку экенин белгилешет.

Азербайжан президентинин тышкы иштер боюнча мурдагы кеңешчиси Вафа Гулузаде Орусиянын 2008-жылы Грузияга муштум көргөзүүсү бүткүл Кавказ аймагында кооптонуу жаратканына токтолду:

- Орусия менен Грузия ортосундагы согуш иш жүзүндө Орусиянын көз карандысыз Грузияга каршы агрессиясы эле. Мында эч шек жок. Бул ошондой эле Кавказда Советтер союзу кыйрагандан кийин эң коркунучтуу окуя болду. Анткени Орусия аймактын бүткүл калкына, чакан өлкөлөрүнө агрессивдүү мамиле жасаган империя экенин көрсөттү.

Түштүк Кавказдан Москвага ишенбөөчүлүктүн күчөшү бирок аймактагы үч өлкөнүн бири-бири менен тыгыз кызматташтыгына айлана албады. Бул көбүнесе, байкоочулар баамында, Армения менен Азербайжандын Карабак чатагынын айынан.

Бирок Азербайжан менен Грузия алака-катышын бекемдегенсиди. Грузия Азербайжанга мунай-газды Орусия аймагына кирбестен экспорттогудай жол берсе, Баку Тблисинин Орусияга болгон энергия көз карандылыгын олуттуу азайткыдай жардам берип жатат.

Грузияда бийлик алмашып, премьер-министрликке Бидзина Иванишвили келгенден бери Москва менен Тбилисинин мамилеси салыштырмалуу жакшырды, бирок камыр-жумур деп айтыш кыйын.

Иванишвили согуштун беш жылдыгын утурлай “Америка добушу” радиосуна курган маегинде буларга токтолду:

- Мен биз кыска убакытта калыбына келтире ала тургандын баарын келтирдик деп ойлойм. Бирок биз дагы тереңдешибиз абзел. Жакынкы келечекти алсак, кадимки аба каттамы калыбына келишин, Грузия жарандары үчүн виза режимин жумшартылышын же толугу менен жоюлуусун күтүп жатабыз. Президент Путиндин өзү менен жолугуу кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү да күн тартипте жок. Биз жактан иштөөгө даярдык бардыгына карабай, азыркы тапта мындай жолугушууну өткөргүдөй негиз да жок. Адегенде буга негиз түзүү керек, биз тараптан андай камылга бар. Бул, эртеби же кечпи, ишке ашат.

Бидзина Иванишвили мекени мезгили келгенде НАТОго мүчө боло аларын кошумчалады.

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев болсо согуштун беш жылдыгын утурлай курган маегинде 2008-жылдын августунда алар тараптан "туура" чаралар көрүлгөнүн белгилеген.

Орусия үчүн 2008-жылкы согуштун оң жыйынтыгы АКШ менен НАТОнун аймактан сүрүлүп, ошол эле учурда Грузиянын НАТОго кошулуу мүдөөсү белгисиздикке кабылышы эле.

Согуштан кийин өзгөчө президент Барак Обаманын тушунда АКШнын Түштүк Кавказдагы саясаты АКШ-Орусия мамилесинин алкагында каралып келди”,- дейт Аймактык изилдөөлөр боюнча Еревандагы борбордун директору Ричард Гирагосян.

Ошол эле учурда орус-грузин согушу Түштүк Кавказдын Евробиримдик менен карым-катнашын күчөттү. Өзү согуштун токтошуна Еврошаркет ортомчулук кылган эле. Грузия менен Абхазия, Түштүк Осетия ортосундагы административдик чек араларда Еврошаркеттин байкоочу миссиясы турган.

Мындан да маанилүүсү Евробиримдиктин 2009-жылы башталган Чыгыш өнөктөштүгү программасына Түштүк Кавказдын үч өлкөсү да жигердүү тартылууда. Москва болсо өз кезегинде Түштүк Кавказдан кеминде Арменияны учурдагы Бажы союзу, болочоктогу Евразия экономикалык шериктештигине кирүүсү үчүн кысып жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG