Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Азербайжан оппозициясы "монархияга" каршы


Азербайжан
Азербайжан

Азери бийлиги Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн 26-сентябрда референдум өткөрмөй болду. Бул демилгеге өлкөдөгү оппозиция каршы чыгууда. 17-18-сентябрда алар Бакуда нааразылык митингин өткөрүштү.

Оппозициянын 17-сентябрда «Месхул» стадионунда өткөн митингинде «Референдум эмне үчүн керек? Баш мыйзам Илхам Алиев үчүн эле өзгөрөбү?» деген суроо коюлду.

Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши өткөргөн митингде катышуучулар «Мунайдан түшкөн миллиарддар кайда кетти?», «Айлык 105 манат, окуу акысы 4000 манат», «Тойгон жоксуңарбы?», «Евробиримдик менен келишим түз» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Бүгүн элдин жашоосу эң төмөн чекке жетти. Алар банктар менен өкмөт туткунуна айланды. Жүздөгөн адамдар эркин сүйлөгөнү үчүн камалып жатат.
Иса Гамбар

«Азербайжандын элдик фронту» партиясынын лидери Али Керимли бийликтин референдум өткөрүү максаты тууралуу буларды айтты:

- Биз референдумга каршы чыгып жатабыз. Ал бир эле киши үчүн өткөнү жатат. 2002-жылы Илхам Алиевди өкмөткө алып келүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүшкөн. 2007-жылы ал кайра шайлануусу үчүн өзгөртүштү. Бүгүн алар байлардын, Илхам Алиевдин бийлигин бекемдөө үчүн өзгөрткөнү жатышат.

Баку, Азербайжан
Баку, Азербайжан

Оппозиция референдумдан тышкары саясий реформаларды жүргүзүү, соттордун жана мыйзам чыгаруу бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо, улуттук акчанын девальвациясына, баалардын өсүшүнө байланыштуу айлык жана пенсияны жогорулатуу талаптарын коюп жатат.

Митинг соңунда акция катышуучулары менен полиция кагылышып, бир нече адам камакка алынды. Алар менен кошо «Азаттыктын» азери кызматынын эки журналисти да кармалып, сурактан кийин бошотулган.

Эртеси 18-сентябрда, ушул эле «Месхул» стадионунда «Мусават» партиясы да референдумга каршы митинг өткөрдү.

- Биздин талап – келечек. Бүгүн элдин жашоосу эң төмөн чекке жетти. Алар банктар менен өкмөттүн туткунуна айланды. Жүздөгөн адамдар эркин сүйлөгөнү үчүн камалып жатат. Алар репрессияга кабылууда. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу реалдуу эмес. Анткени бул системаны Илхам Алиевдин режими түзгөн, - деди «Мусаваттын» лидери Иса Гамбар эл алдында сүйлөп жатып.

Илхам Алиевдин уулу Гейдар Алиев 19 жашта
Илхам Алиевдин уулу Гейдар Алиев 19 жашта

Иса Гамбар Алиевдин режиминин айынан бир топ адамдар түрмөдө жатканын айтты. 26-сентябрга белгиленген референдумду уятсыздыктын жеткен чеги катары сыпаттады.

D-18 жарандык кыймылынын лидери Руслан Иззятли митингде Илхам Алиев монархия түзгөнү жатканын айтып, элди ойгонууга чакырды:

- Балдардын келечеги үчүн монархияга "жок" дейли. Биздин аталар мамлекетти түптөө үчүн өз өмүрүн, тапкан-ташыганын короткон. 98 жыл өткөндөн кийин булар кайра монархияны каалап жатат. Бул - Мубарактын, Каддафинин ой жүгүртүүсү. Биз өлкөнү колго алышыбыз керек.

Азери президенти Илхам Алиевдин үй-бүлөлүк бизнесинин сырын ачканы үчүн түрмөгө жарым жыл отуруп чыккан журналист Хадижа Исмайлова өтө турган референдумга бийликти колдон чыгарбоо аракети деп баа берди.

- Бул өзгөртүүлөрдүн баары бийликтин мөөнөтүн узартууга аракет. Акча аз, оозду басууга кыйын болгон кезге даярдык. Туруктуулукту аз акча менен болсо да кармап туруу керек. Баш мыйзам бийликти сактап калууга мыкты курал болуп берет.

Бакудагы митинг, Азербайжан
Бакудагы митинг, Азербайжан

Оппозиция президенттик бийликти мурастап алат деп айтып жаткан Илхам Алиевдин уулу Гейдар Алиев азыр 19 жашта.

Азери бийлиги учурда президенттин кызматтагы мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу, эки вице-президенттин кызматтарын киргизүү, президентке парламентти таркатуу укугун берүү, парламент депутаттыгына жана президенттикке талапкерлердин жашын 18ге чейин төмөндөтүүнү сунуштоодо.

Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиевдин атасы Гейдар Алиев 1967-жылы Азербайжандын КГБсын, андан соң республиканын компартиясын жетектеген. 1982-жылы КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү болгон,1987-жылы кызматтан четтетилип, Азербайжанга кайтып келген жана 1993-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2003-жылы бийликти уулуна өткөрүп берген соң жүрөк оорудан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG