Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Таласта «Буурчак фест-2017» фестивалы өтөт


Таласта «Буурчак фест-2017» фестивалы өтөт. 11-12-мартка белгиленген иш-чараны “Талас ЖИА” бирикмеси облустук акимчилик менен чогуу уюштурууда. Фестиваль алкагында форум да уюштурулуп, 40 чамалуу дыйкан буурчактын уругун туура тандоо боюнча жапон экспертинин кеңешин угат. Мындан тышкары, ортомчулар менен ишкерлер арасындагы көйгөйлөр, түшүмдү жарнамалоо жолдору талкууланат.

Төө буурчактан жасалган тамактардын жармаңкеси уюштурулуп, аны даярдоо ыкмалары үйрөтүлөт. Иш-чарага облустагы бардык кызыккан тургундар катыша аларын уюштуруучулар билдиришти.

Дыйкандар акыркы жылдары төө буурчактын түшүмү азайып баратканын, буга жер жакшы азыктанбай жатканын айтып жатышат. Төө буурчак Кыргызстандан экспортко чыккан товарлардын 30 пайызын ээлейт. (AlS)

XS
SM
MD
LG