Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Казакстандыктар Беларуска кетүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Жума ичиндеги орусиялык маалымдоо каражаттарында Казакстанда чет жакка кеткен жарандар көбөйгөнү, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке сунушу, Тажикстанда ири мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү башталганы баяндалды.

Мигранттарды коргогон профсоюз түзүү сунушу

РИА Новости Кыргызстан Евразия экономикалык биримдиктин алкагында эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо үчүн бирдиктүү профсоюз түзүүнү сунуштаганын кабарлады. Бишкек тийиштүү демилге боюнча сунуштарын Евразия экономикалык комиссиясына жөнөткөнү маалымдалууда.

Мындай кабарды Кыргызстандын миграция кызматынын өкүлү Алмаз Асанбаев ырастап, профсоюздар мигранттарды коргоп, бир топ орчундуу көйгөйлөрдү чече аларын билдирди.

Кабарда былтыр Москва миграциялык мыйзамдарды бузуп, өлкөдөн чыгарылган 41 миң кыргызстандык жаранга Орусияга кирүүгө уруксат бергени да айтылат.

Дүйшөмбүнүн Кремлден көңүлү калдыбы?

"Экономические известия" басылмасы Тажикстан Орусиядан оолактап, Кытайга ыктоодо деп жазат. Макалада Орусиядан тажикстандык мигранттар которчу акча төрт жыл ичинде 4 миллиард доллардан 1 миллиард долларга чейин кыскарганы, орус жергесинде мигранттардын абалы оорлогону, Орусияда каза болгон тажик жарандарынын саны бир жыл ичинде 1,5 миңге жеткени айтылат. Орусиялык инвестициялар кыскарып турганда Тажикстанга Кытай салып берип жаткан жолдор, өндүрүш ишканалары саналып, айыл чарба жана алтын өндүрүүгө жумшалган инвестициялар эсептелип, Дүйшөмбү Бээжинге моюнун буруп калды деген тыянак чыгарылат. Орус-тажик алакаларын ушу тапта 201-аскердик база гана сактап турганы макалада баса белгиленет.

Казакстандан көчүп кеткендер көбөйдү

Регнум маалымат агенттиги Казакстанды таштап, башка өлкөлөргө кетип жаткан казакстандыктар көбөйгөнүн маалымдады. Жыл башынан бери коңшу өлкөдөн башка жакка көчүп кеткендердин саны 17 пайызга көбөйсө, тескерисинче келгиндер саны 24 пайызга кыскарган. Макалада казакстандыктар көбүнчө КМШ өлкөлөрүнө кетип жатканы айтылып, алардын ичинде жагымдуу өлкө катары Орусия менен Беларус белгиленет. Казакстандыктардын башка өлкөлөргө кетип жатканы социалдык жана экономикалык оор кырдаал менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле бир жыл ичинде казакстандыктардын кирешеси 6 пайызга чейин кыскарганы кошумчаланат.

Тажикстан бюджетин толтура албай убара

EurAsia Daily басылмасы тажик парламенти жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерге мамлекеттик инфраструктуралык мекемелерди убактылуу менчикке алууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун кабыл алышканын баяндайт.

Узак мөөнөткө менчикке берилчү объектилерге жолдор, бала бакчалар, унаа токтотуучу жайлар, логистикалык борборлор киргизилген. Макалада Тажикстанда мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү 2003-жылы эле башталганы, анда пландаштырылган 459 ишкананын дээрлик бардыгы менчикке чыгарылганы айтылат. Бирок үстүбүздөгү жылы «Тажиктелеком», «Телерадиоком», «Тажикхимпром», «Тажик Эйр» сыяктуу ири ишканалар, өлкөдөгү энергетика жана газ тармагы менен кошо Дүйшөмбү, Кожент, Коргон-Төбө жана Кулябдагы эл аралык аэропорттор да жеке жана чет элдик ишкерлерге менчикке берилери маалымдалган. Тажик бийлигинин мындай кадамдары өлкө бюджетин толуктоо аракетинен улам чыгууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG