Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Ооганстан боюнча серепчилер уюму бул өлкөдөн баш алган маңзаттарды андан ары ташып өтүү ишин Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери калкалайт деп билдирди. Мындай билдирүүнү чечмелеп берүүнү өтүнүп, биз Борбор Азиядагы наркосаясат борборунун жетекчиси Александр Зеличенкого кайрылдык.

"Азаттык": Эл аралык серепчилер айткандай, Борбор Азия өлкөлөрүндө маңзат ташып өтүү ишин бийликтегилер калкалап, коргоп келатабы?

А.Зеличенко: Менимче, наркотрафикти бийлик органдары калкалап алды деген туура эмес. Калкалап алды деген – кайсы бир кылмыштуу топ маңзат ташып өтүп турат, ал эми күч органдары аларды көрмөксөнгө салып, ал үчүн акча алып турат дегенди түшүндүрөт. Жагдай чынында мындай – азыр бизде кылмыштуу топторду маңзат ташып өтүү ишинен сүрүп чыгарышты. Алардын ордун уюшкан күч органдарынын кылмыштуу топтору ээлеп алды. Тактап айтканда, күч органдары наркотрафикти өздөрү көзөмөлдөп, ташып өткөрүп, керек болсо соодалап да жатышат. Биз бул маселени көптөн бери изилдеп келатып, «кара» жана «кызыл героин» деген эки термин киргизгенбиз. «Кара» дегени кылмыштуу топтор, же бандиттер алып өткөнү, ал эми «кызыл героин» - расмий күч органдары алып өткөн маңзат. Азыркы тапта Кыргызстанда жалаң «кызыл наркотиктер» калды. Мен ишиме байланыштуу наркомандар менен көп байланышам, алар ачык эле айтып атышат «бизге «кызылдардан, же күч органдарынан» сатып алган алда канча ыңгайлуу. Үйүңө алып келип беришет, сапаты да жакшы, сени эч ким кармабайт" дешет. Мен башында мындайга ишенбей жүрдүм. Кийин статистиканы карасам, абдан эле коркунучтуу экен. Героинди сатып аткан жеринен баланча полковник кармалды. Жакында күч органдарын тескеген вице-премьер -министр өзү атайын жыйында айтпадыбы, наркотрафикти күч органдары өз колуна алганын, атүгүл ташып өткөрүп сатууга аралашкан расмий адамдардын ысымдарын атады. Бир жылда маңзат менен кармалган күч органдарынын 4-5 өкүлүнөн кармалган наркотиктин көлөмү – Кыргызстандын бийликтери баарылап кармаган маңзаттан көп болуп атпайбы. Мындан башка кандай далил керек? Мен муну наркокоррупция деп атайм. Азыр бизде ошондой наркокоррупция өкүм сүрүп атат.

"Азаттык": Борбор Азия өлкөлөрү ичинен кайсыл жерде бийлик менен наркотрафик аябай күчтүү чырмалышып кеткен деп айтсак болот? Кырдаал ар кандай болсо керек.

А.Зеличенко: Мен эми кайсыл бир өлкөгө сөөмөй кезеп атынан айткым келбейт. Бирок азыр экономикасы ушул наркотрафикке байланып калган өлкөлөр бар, аларды наркоэкономика деп атасак да болот. Азыр кандайдыр күч пайда болуп, маңзат ташуу жолдорун бууп салса, экономикасы кыйрап калчу өлкөлөр бар. Биз Кыргызстанда бул көйгөйдү ачык айтып, талкуулап, аны токтотуу жолдорун издеп жатабыз. Кээ бир өлкөлөрдүн өкүлдөрү «жиндисиңерби, ушундай коркунучтуу маалыматты кантип ачык айтасыңар» деп таң калышат. Маңзат ташуу ишинде эбегейсиз акча аралашкан, ал акчага бүткүл парламентти, өкмөттү сатып алса болот. Тарыхта андай мисалдар бар. Латын Америкадагы кээ бир өлкөлөрдө наркобарондор өкмөттү, парламентти, прессаны, деги баарын акча берип сатып алганы болгон. Кыргызстан андайга жетсе, «маңзат сазынан» чыгуу мүмкүн болбой калат. Бул абдан коркунучтуу. Азыр маңзат ташуу бизде бизнес болуп калды, кадимки акча табуу булагы.

"Азаттык": Ооганстанда апийим себилген талаа аянттары жылдан жылга көбөйүп жатат. Борбор Азия өлкөлөрү ага каршы кантип күрөшө алат? Мындай коркунучтан сактануунун жолдору кайсылар?

А.Зеличенко: Биз көптөн бери айтып келатабыз. Кыргызстан өз алдынча чек араларын бул коркунучтан коргой албайт. Мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ошондуктан ЖККУ кирген өлкөлөр менен биргелешип чек араларды чогуу кайтаруу жолдорун караштыруу зарыл. Космостон байкоо салуу керек, учкучсуз башкарылчу самолеттор керек, чек ара сызыгы бизде татаал, көпчүлүгү бийик тоолуу аймактардан өтөт. Башка мамлекеттерден жардам сурап, биргелешип кайтарбаса болбойт биздин чек араларды. Америкалыктар, орустар сунуш кылган жардам берели деп. Биздикилер чек араны өзүбүз кайтарабыз, болбосо мамлекеттик сырды сактай албай калабыз дешет. Менимче, бул туура эмес. Өзүбүздүн күч органдарыбыз маңзат ташып жатканын билип калышат деп коркуп атабызбы? Билишсин, келгиле, баарылап ушул коркунучка каршы туралы деп ачык айкын эле иш жүргүзүү керек деп эсептейм.

Маектешкен Жылдыз Ороспакова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG