Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Кремлге нааразылар Батышка көчө баштады


Санкцияга илинген жер-жемиш тебеленүүдө. Орусия, 7-август.
Санкцияга илинген жер-жемиш тебеленүүдө. Орусия, 7-август.

Борбор Азиядагы ири мөңгүлөр тездик менен эрүүдө, Казакстан Кыргызстандан барган унааларга бажы салыгын 2025-жылга чейин калтырып койду, башка өлкөгө көчүп кетүүнү каалаган орусиялыктардын саны өсүүдө.

Борбор Азиянын мөңгүлөрү азаюуда

Борбор Азиядагы эң чоң мөңгүнүн жарымы 2050-жылга чейин эрип кетиши мүмкүн деп жазат Вести.ru басылмасы.

Германиянын GFZ геологиялык илимий-изилдөө борборунун окумуштуулары Тянь-Шань тоо кыркасындагы мөңгүлөр өтө тездик менен эрип жатканын аныкташкан. Соңку элүү жылда мөңгүлөрдүн аянты 18%, көлөмү 27% кыскарып, жалпысынан 3 миң чарчы километр муз эрип кеткен. Эми 2050-жылга чейин Борбор Азиядагы ири мөңгүнүн дээрлик жарымы жок болуп кетерин окумуштуулар болжолдоп отурушат. Бул мөңгүнүн эриши Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын айрым аймактарына кесепетин тийгизет. Чөлкөмдө ичүүгө жарактуу таза суунун кору азаят деп айтылат макалада. Окумуштуулар мөңгүлөрдүн өтө тездик менен эришине аба ырайынын өзгөрүшү себеп болуп жатканын далил кылып, 2021-жылдан кийин Борбор Азияда жайкысын абанын ысышы 2 градус көтөрүлөрүн болжолдошууда.

Казакстандын катаал чарасы

Кыргызстандан келген унааларга бажы төлөмүн Казакстан 2025-жылы гана алып саларын “Регнум” интернет басылмасы жазып чыкты. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү мындай жол менен Кыргызстандан келчү арзан унаага бөгөт коюлары макалада баса белгиленет. Акыркы жылдары Кыргызстанга чет өлкөлүк унаалардын саны кескин көбөйгөн. Кыргызстандык унаа сатуучулар Евразия биримдигине киргенден кийин машинелерин Казакстан менен Орусияга кымбат сатып, пайда көрүүнү эңсеген деп айтылат макалада. Эми болсо 2025-жылга чейин Казакстан Кыргызстандан келген унааларга бажы салыгын калтырып койду. Андан тышкары, 2025-жылдан кийинки бажы төлөмү боюнча жеңилдик Кыргызстанга четтен 2014-жылга чейин алынып келген автоунааларга гана тиешелүү болот.

Казакстандын каржы министрлигинин өкүлү Кайрат Маубаевдин айтымында, 2014-жылдан кийинки автоунаалар үчүн кожоюндары Евразия биримдигинин ичиндеги бажы төлөмү менен салыктардын айырмасын төлөөгө мажбур.

Орусия тамак-аш санкциясына башкаларды кошууга аракеттенүүдө

Орусия Казакстан менен Беларусту азык-түлүк санкцияларына кошулууга мажбурлайт деп жазат “Новое время” интернет басылмасы. Орусия бир жыл мурун Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына жооп катары алардан келчү азык-түлүккө эмбарго жарыялаган. Европа, АКШ, Канада, Норвегия жана Австралиядан келген эт-сүт азыктарын жана жашылча-жемишти Орусияга киргизүүгө тыюу салынган. Макалада белгиленгендей, эми Орусия Казакстан менен Беларусту азык-түлүк санкцияларына кошулууга түртүүдө. Тыюу салынган импорттук товарлар Казакстан менен Беларус аркылуу Орусияга кирүүдө деген расмий Москва үч өлкө ортосунда санкциялык азык-түлүктүн бирдиктүү базасын түзүүнү чечкен. Бажы биримдигиндеги фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдүн бирдиктүү электрондук базасы санкцияга туш болгон товарларга бөгөт коет, деп түшүндүрөт Россельхознадзордун жетекчилеринин бири Евгений Антонов.

Путинге нааразы орусиялыктар чет өлкөлөргө көчүүдө

Башка өлкөгө көчүп кетүүнү эңсеген орусиялыктардын саны көбөйүп жатканын “Независимая газета” жазды. Орусиянын коомдук ой-пикирди изилдөө борборунун сурамжылоолоруна катышкан ар бир төртүнчү орусиялык башка өлкөгө туруктуу жашоого көчүп кетип жаткандар көбөйүп жатканын айтышкан. Сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 65% Орусия үчүн эмиграция көйгөйлүү маселеге айлангандыгын билдиришкен. Борбордун директору Валерия Федорова Орусиядан кетип жаткандардын көбү жеке сектордо иштеген жана чогулткан каражаты бар активдүү, билимдүү жаштар экендигин кошумчалаган. Мына ушундай адамдардын арасында “Орусия президентине нааразылар” көп экендигин изилдөөлөр көрсөткөн. Орусиялыктар туруктуу жашоого Германия, АКШ, Канада жана Финляндияны тандашары макалада белгиленет. Мисалы, Орусиянын статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын январь-май айларында мурунку жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу АКШга көчүп кеткендер 5%, Финляндияга көчкөндөр 13% өскөн. “Коомдук ой-пикир” фондунун адиси Григорий Кертман орусиялыктардын башка өлкөлөргө кетүүсүнө бир гана саясий көз караштар эмес, өлкөдөгү экономикалык кырдаал дагы түрткү болуп жатканын айткан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG