Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Италиялык Анжело Николиси – Даниянын борбору Копенгагенде компьютер инженери адистиги боюнча билим алып жаткан студент. Ал даниялык эки досу – Мартин жана Ким менен компьютерден башка саякаттоону, жаңы жерлерди көрүп, жаңы адамдар менен таанышууну жакшы көрөт.

Март айында үч дос Даниядан Кытайдагы Улуу сепилге чейин машине айдап алып саякаттап келүүгө аттанган. Эки ай ичинде алар эки жарым миң долларга алган эски "Опелин" айдап алып, европалык бир катар мамлекеттерди, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстанды кыдырып, ушул аптада Кыргызстанга келишкен. Бишкекти аралап жүргөн жеринен саякатчы Анжело Николиси менен Венера Сагындык кызы маектешкен.

“Азаттык”: Буга чейин кайсыл жерлерди, Борбор Азиянын кайсыл аймактарын кыдырдыңар?

Николиси: Биз Европаны кыдырып чыгып, Түркия, Иранга өттүк. Ирандан кийин Түркмөнстанга келдик. Ашхабадды баштан-аяк көрүп чыгып, Кара-Кум чөлүн айланып чыктык. Ал жактан Өзбекстанга бардык. Өзбекстанда бир жума, Түркмөнстанда беш күн болдук. Өзбекстандан кийин Ошто бир күн туруп, ал жактан Тажикстанга өтүп кыдырып келдик. Эми мына силерге Бишкекте жолугуп отурабыз.

“Азаттык”: Борбор Азияны кыдырып жүргөндө кандай проблемаларга, тоскоолдуктарга туш болдуңуздар?

Николиси: Эң башкы проблема чек арадан өтүү болду. Борбор Азия – аябай кеңири аймак экен. Бири-бирине окшош жактары да бар, айырмачылыктар да көп. Эң алгачкы жана чоң проблемага Түркмөнстандын чек арасынан өтүүдө учурадык. Ага чейин Иранда карапайым эл, чек арачылар да бизге жылуу маанайда мамиле кылып жатышкан. Түркмөн чек арасында биз үч сааттай туруп калдык. Ошол жерде алгачкы ирет биздин телефондорубуз, сүрөттөрүбүздүн баары текшерилди. Ашхабад аябай кооз шаар экен, бирок өлкөнүн эбегейсиз жаратылыш байлыгы ушул баш калаа үчүн эле иштеп аткандай таасир калтырды. Анткени алыскы облус-райондордо эл аябай жакырчылыкта жашап атыптыр. Андай кедейликти биз Борбор Азиянын башка жеринен көрө алган жокпуз. Ак мармардан курулган Ашхабадды көрүп алып аябай бай мамлекет турбайбы деп ойлогон элек. Кийин Кара-Кум чөлүн айланып жүрүп, ал жактагы элдин кедей жашоосуна, ага карабастан аябай меймандостугуна таң калдык. Ашхабадда эл ачылып сүйлөбөй, түнт калктай көрүнгөн эле. Түркмөн айылдарында жолуккан карапайым адамдар бизге жардам берүүгө даяр, ак көңүл эл катары эсибизде калды.

“Азаттык”: Алар менен кайсыл тилде сүйлөшүп жаттыңар?

Николиси: Көпчүлүк учурда англис тилинде сүйлөшүп жаттык. Жаштар англисче кайсы бир деңгээлде түшүнөт экен, улуураактар билбейт. Андай учурда дене-башыбызды жаңсап түшүндүрүп аттык. Италиялыктар андай жаңсап түшүндүрүү жагынан таланттуу эмеспизби. Түркмөнстанда беш күн жүрүп, Өзбекстанга өтөөрдө чек аранын эки жагында тең 3 сааттан ашуун убакыт кармалдык. Машинебизди текшергендер чоң баштыктарга толтура балдардын оюнчук, кийим-кечесин алып алганыбызга таң калып, буларды эмне кыласыңар, сатасыңарбы деп сурап жатышты. Жок, биз белекке тараталы дегенбиз, кичинекей балаңыз бар болсо, сиз да алыңыз деп “паралап” аттык. Өзбекстанда бир жума жүрдүк, ал жерде Түркмөнстандагыдай элдин жашоосундагы ири айырмачылыкты көргөн жокпуз, Хива, Самарканд, Бухараны кыдырып чыктык. Ал жактагылар чет элдик туристтерди тейлеп көнүп калышыптыр. Англисче сизге мейманкана керекпи, эмне жардам керек деп эле сурап атышты.

“Азаттык”: Кыргызстан менен башка Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда кандай айырмачылык байкай алдыңыз?

Николиси: Алгачкы планыбыз боюнча, Өзбекстандан Тажикстанга өтмөкпүз. Айдап жүргөн машинебиз "Опел Астра", аны көргөн адамдар муну менен бийик тоолуу чек арадан өтө албайсыңар деп айтышты. Аны уккан соң адегенде Ошко баралы деп чечип, өзбек чек арасында төрт сааттай текшерүүдөн өттүк. Аябай чарчап, түнкү 11лерде Кыргызстандын чек арасына келсек, бир аскер кийимчен чек арачы турган экен. Ал дароо эле документтерибизди карай салып, Welcome to Kyrgyzstan! (Кыргызстанга кош келипсиздер!) деп кыйкырып, дарбазаны ача салды. Чек ара жабылайын деп калган экен, биз өзбек чек арасында аябай узакка кармап коюшту десек, жарым саатка жеткен жок, макул, түшүнөбүз, визанын кереги жок деп эле документтерибизди карай коюп, баары жайында деп өткөрүп жиберишти. Биз үчүн ушул эки айлык саякаттагы эң эстен кеткис учур болду окшойт.

“Азаттык”: Кыргызстандан кийин кайда барасыңар?

Николиси: Ошто бир күн болуп, Тажикстанда алты күн өткөрдүк. Аябай бийик тоолуу Памир кыркаларын өрдөгөн жерлерди көрүп, укмуштай татаал, бирок сөз жеткис керемет жерлерде жашап жатканына таң калып кайттык. Ушул Кыргызстан, Тажикстанды кыдырып жүргөн 8-9 күн ичи бизди бир да жолу полиция токтотуп, акча сураган жок. Бир да жолу бизге жардам бергиси келбеген адамга жолукпадык. Баары тең кең пейил, жардамга даяр адамдарга гана учурадык. Ушунун баарын көрүп туруп, батыштык маалымат каражаттары канчалык туура эмес пикир таратып жатканын түшүндүк. Бул жакта жашаган эл тууралуу көз карашыбыз түп-тамырынан өзгөрдү. Азыр биздей жаштар Батышта виртуалдуу дүйнөдө жашап жатышат. Дүйнөнүн башка жактарында адамдар, алардын турмушу, ой-пикири кандай экенин интернеттен окушат. Биз болсо өз көзүбүз менен көргүбүз келген. Мына баарын көрүп, дүйнө жөнүндө көз карашыбыз өзгөрүп, мурдагыдан башкача адам болуп кайра жаралуудабыз. Кыргызстандан Казакстан, Монголия, Орусия, Кытайга барабыз. Ал жакта да ушундай унутулгус учурларга туш болобуз деп үмүттөнүп турабыз.

“Азаттык”: Саякатыңар тынч болсун, аман-эсен кайтып баргыла үйүңөргө!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG