Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Ташкенде экcтремизмге шектелип кырк киши кармалды


“Хизб-ут-Тахрир” уюмунун байрагы
“Хизб-ут-Тахрир” уюмунун байрагы

Ташкенде Сириядагы жоочулар менен кызматташкан деген шек менен кырктан ашуун адам кармалды.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча алар буга чейин халифат куруу максатында тыйуу салынган “Хизб-ут-Тахрир” уюму жана “Ислам мамлекети” тобу менен кызматташкан деп шектелүүдө. Ошондой эле бул ташкендик салафилер тобу Сириядагы согушка барууга даярданганы кабарланууда. Камакка алынгандардын арасында мурда Орусияда жана Түркияда иштеп келгендер дагы бар экени айтылды.

Кармоолордун жаңы толкуну

Өзбекстандын укук коргоо органдары 6-ноябрь күнү Сириядагы жоочулар менен кызматташкан салафилер тобу кармалганын кабарлаган болчу. Укук коргоо органдарындагы маалымат булагынын айтымында, тергөөдө алардын Сирияда согушкан “Таухид валь-Жихад” же «Жаннат ошиклари” тобу менен кызматташканы аныкталган. “Азаттыктын” өзбек кызматы Заңги-Ата аймагындагы диний чөйрөдөн алган маалымат боюнча, кармалгандардын арасында диний экстремизмге катышы жок адамдар да бар. Өзүнүн ысымын жашырган Ташкендин тургуну аталган жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Булардын арасынан башында 16 адамдан турган топ 29-октябрда эле кармалган. Кийинкилери 1-2-3-4-ноябрь күндөрү кармалып, алып кетишти. Азыр кармалгандардын саны кырктан ашып кетти. Кармалгандардын бир нечеси “Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөсү. Ошондой эле бир канчасы бул уюмга мүчө деле эмес. Алар жөн эле намаз окуган адамдар болчу. Өткөн эки жумадан бери ар күнү келип, 5-6 кишиден алып кетишүүдө. Арасында жыйырма жаштардагы үйлөнө элек боз уландар да бар. Кармалгандардын арасынан бирөө-жарымы артына кайткан жок, – деди өзү дагы “Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөсү экенин айтып, ысымын жашырган Ташкен тургуну.

Ташкендик салафилердин Кыргызстан менен байланышы барбы?

Мындан сырткары Өзбекстандын укук коргоо органдарындагы маалымат булагынын ырасташынча, бул салафилер тобу “Хизб-ут-Тахрир” уюму менен тыгыз байланышта болгон. Булактын айтымында, аларды байланыштыруучу активдүү "хизбутчу" Абдулазиз Рахимов деген адам болгон. Анын көмөгү менен эки радикал топтун ортосунда туруктуу байланыш түзүлүп, жашыруун жолугушуулар өткөрүлгөн. Өзбекстандын тартип сакчылары бул топко алардын Кыргызстандагы өнөктөштөрү интернет аркылуу көрсөтмө берип турган деп шекшийт. Кармалган салафилердин көпчүлүгүн Ташкенде соода-сатык менен алектенгендер түзөт. 12news.uz сайты жазгандай, кармалгандар мурда сыртта иштеп жүрүп, ал жактан радикалдык идеяга берилген болушу мүмкүн.

Жагдай менен кабардар дагы бир Ташкендиндин тургуну бул жолку кармоонун жагдайын мындайча айтып берди:

- Айрыкча 3-4-ноярбь күндөрү УАЗдар менен келип, адамдарды кармай баштаганда мааледе тополоң чыгып кетти. Ар бир үйгө байкоосуздан кирип, адамдарды бир-бирден кармап, алып чыгып кетишти. Кармалгандардын жакындары барса, “мааледеги арыктан граната табылды, булардын террорчуларга тиешесин текшерип жатабыз” деген имиш. Мүмкүн аларды текшерип анан койо беребиз деген го. Ошондуктан ага ишенген үй-бүлөлөр эч ким менен сүйлөшпөй, көчөдөн жолуксак учурашпай, басып кетишүүдө, – дейт Ташкендин дагы бир тургуну .

Ташкенде алгач 29-октябрда “хизбутчулукка” шектелип он алты адам кармалган болчу. Бирок анда укук коргоо органдары аларга тагылган айыптоо тууралуу маалымат берген эмес. Бул жолку кармоолор туурасында дагы Өзбекстан расмийлери толук унчугуша элек. Буга чейин Өзбекстандагы айрым дин адамдары “хизбутчулукка” шектелип кармалса, эми “Ислам мамлекети” тобуна шектелип жатканы белгиленүүдө. “Хизб-ут-Тахрир” уюму халифат куруу ниетинде болгону менен “Ислам мамлекети” тобун колдобой турганын жарыялаган. Уюмдун Британиядагы өкүлү Тожи Мустафа “Ислам мамлекети” хизбутчуларды өлтүрүп жатканын айыптап, аны террорчул топ деп мүнөздөгөн болчу. Бирок ошондой иделогиялык ажырымына карабастан КМШ аймагында “Ислам мамлекети” “Хизб-ут-Тахрир” уюмун байланыштырган учурлар бар.

XS
SM
MD
LG