Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

1916: Тарыхтан – таалим (Сүрөт баян).

Астанада Эл аралык Түрк академиясы, Кыргызстандын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду ж.б. биргелешип уюштурган “Тарыхтан – таалим” аттуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү. Ал 1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналды. 23.6.2016.

Кулжанын (июндун) 23үндө, Казакстандын борбору Астана шаарында 1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхын жаңыча баалоого арналган “Тарыхтан – таалим” аттуу эл аралык илимий жыйын өттү. Казакстандын улуттук китепканасында өткөн бул эл аралык илимий жыйындын баяндамалары “1916-жылкы көтөрүлүш: Тарыхый булактар жана жаңы мамилелер”, “1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхый ролу жана Борбордук Азиядагы таасири” деп аталган багыттар боюнча жасалды. Эл аралык Түрк академиясы, Кыргызстандын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду, Казакстандын улуттук китепканасы, “Кыргыз Тарых Коому”ЭКБсы жана Казакстан Тарыхчылар Жамааты биргелешип уюштурган бул илимий жыйынга Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан (Татарстандан), Өзбекстандан, Тажикстандан жана Казакстандын ар кыл шаарларындагы университеттер менен илимий борборлордон тарыхчы жана түрколог илимпоздор катышты.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG