Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Талиптер Кабулду караңгыга чөмүлттү


Тажикстан менен чектеш Баглан провинциясында талиптер бүлгүнгө учураткан электр өткөргүч линиясы. Ооганстан
Тажикстан менен чектеш Баглан провинциясында талиптер бүлгүнгө учураткан электр өткөргүч линиясы. Ооганстан

Ооган өкмөтү адистер тобун талиптер талкалап өрттөгөндөн улам электр мамыларын кайра оңдоп орнотууга жөнөтүп убара. Башкалаа Кабулга жарык күнүнө үч сааттан гана берилүүдө.

Өткөн айда курчуган түндүк провинциялардагы ооган армиясы менен талиптердин салгылашы далай маанилүү электр зымдары менен мамыларды, чакан станцияларды зыянга учуратты.

Талиптердин мындай жаңы тактикасынан улам Ооганстандын баш калаасы Кабул 2001-жылдан бери алгачкы ирет өткөн айдан бери кээде күнү-түн караңгыга чөмүлгөн учурду баштан кечирди. Өзбекстан менен Тажикстандан электр жарыгын өткөргөн зымдар менен мамылар талкаланып өрттөлгөндүктөн Кабулда азыр күнүнө үч саат гана жарык берилип жатат. Элдин көбү тамак бышырып, үй жылытууда электр пайдалангандыктан, быйылкы кыш Кабул жана анын тегерегиндеги айыл-кыштактардын жашоочулары үчүн оор сыноого айланды.

Баглан провинциясында өрттөлгөн электр станцияны оңдогону жөнөп жаткан адистер тобунун жетекчиси Ахад Барекзай коопсуздук шарттары камсыздалса, бир-эки күндө электр жарыгы ал жердеги элге кайрадан бериле башташы мүмкүн деген оюн билдирди.

"Өкмөттү же талиптерди колдойбу, элдин баарына бирдей электр керек. Эки тарап тезирээк сүйлөшүп, бай-кедей дебей баарыбызга жарыкты эртерээк берсе болот эле. Электр жок оорукана, мектеп, мечит баары тең кыйналып турган чак", - деп сөзүн уланткан Барекзай бирок, ал станция оңдолгон күндө да, Кабулдагы жарык көйгөйү толугу менен чечилип калбасын кошумчалайт.

Da Afghanistan Breshna Shirkat деп аталган Ооганстандын улуттук электр компаниясы өткөн айда жардырылып өрттөлгөн эки чоң станциянын бири – Данд-и Шахабуддиндин тегереги миналанып, согушкерлер ал жерди буктурмадан кайтарып жаткандыктан азырынча ал маанилүү объектти оңдоп-түзөө мүмкүн эмес экенин эскертти.

Ооган өкмөтү "Талибан" кыймылы атайлап коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстандан электр өткөргөн зымдар менен бөлүштүргүч чакан станцияларга чабуул коюп жатканын билдирди.

Кабул жана анын айланасында жашаган 5 миллиондой адам быйылкыдай караңгы жашоону көп жылдардан бери көрө элек эле.

"Мен эки күндөн бери телефонумду заряддай албай жатам, байланышсыз калдык. Өкмөт электр мамыларын тезирээк оңдосо болот эле", - дейт биздин кабарчыга көчөдө жолуккан кабулдук жаш жигит.

Карапайым элдин көбү көмүр жагып үйүн жылытып, мешке тамак бышырууга өтсө, кээ бир байлар жашаган жерлерде менчик трансформаторлор орнотулгандыктан жарык өчпөй көчөлөр жаркырап турат.

Ал тапта жума күнү Баглан жана Пактика провинцияларында талиптер менен коопсуздук күчтөрүнүн салгылашы күчөп, эки тараптан тең кеминде кырктай киши набыт болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG