Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Бул аптада Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерий машыгуулары аяктады.

Машыгуу жүрүшүндө эгер Ооганстан тараптан коркунуч туулса, ЖККУ Тажикстанга саналуу күн аралыгында аскерий колдоо көргөзөрү убада кылынды. ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн азыркы машыгуулары Ооганстандын Борбор Азия менен чектеш түндүк провинцияларында согушкерлердин активдешүүсү күчөгөн учурга туш келди.

Ооганстан менен чектеш Хатлон облусундагы бир апталык машыгууга ЖККУга мүчө: Кыргызстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан жана Тажикстандын өзүнөн ыкчам аракеттенүүчү контингентке кирген 2000дей жоокер катышып, 150дөй аскерий техника тартылды.

Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн даярдыгын текшерүү үчүн капысынан уюштурулду делген машыгууга Орусия Ивановск облусундагы 98-аскер-десант дивизиясынын бир батальонун жана оор аскерий техникасынын 60 даанасын Дүйшөмбүгө эки аскерий-транспорттук учак менен жеткирди.

Машыгуулардын активдүү фазасы 19-майда Хатлон облусундагы “Харбмайдон” полигонунда жыйынтыкталды.

ЖККУнун бул машыгуулары артынан уюмга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңеш катчылары Кайракум шаарында жыйынга чогулуп, кокус Тажикстан үчүн Ооганстан тараптан адаттан тыш кырдаал жаралса, жардам абадан чукул убакытта көргөзүлөрү убада кылынды.

ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Кайракумдагы басма сөз жыйында сүйлөп жатып:

- Ооганстанга байланыштуу мен кайсы бир конкреттүү аймактагы согушкерлердин санына токтолгум келбейт. Бирок кандай болгон күндө да Ооганстандагы бейстабилдүүлүк Тажикстандагы коопсуздуктун абалына таасир тийгизет. Андыктан биз өз чараларыбызды мына ушуга таянып, чек арада штаттан тыш абал жаралбоосу үчүн мерчемдеп жатабыз. Жардам көргөзүүнүн убактысы жөнүндө айтсак, эгер ЖККУнун күч потенциалына келсек, биз бүгүн реалдуу түрдө, практикада контингенттин бул жакка (тажик-ооган чегине) карамагындагы курал-жарагынын баары, анын ичинде брондуу техникасы, артиллериясы, пулёметтору, замбиректери, автоматтары менен эки суткада келип калуусу үстүндө иштедик. Бир сутка же андан да аз убакыт аскерлерди көтөрүп, аларды күжүрмөн даярдыкка келтирүү, эки сутка Армениядан тартып, Беларус, Орусия, Казакстан, Кыргызстандан бул жакка таштоо үчүн талап кылынат. Маселен, биздин кыргыз союздаштарыбыз бир жарым сутка ичинде автоунаа менен 1000 чакырымды басып, мерчемделген убакытта ыкчам аракеттенүүчү күчтөр чогулган бекетке жетип келди. Демек, биз Тажикстанга коопсуздугун камсыздоодо жардам берүү үчүн саналуу гана күн талап кылынары тууралуу сөз кылып жатабыз.

ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа айткан ыкчам аракеттенүүнүн жамааттык күчтөрүнө Орусия менен Казакстандан бирден бригада, ал эми калган өлкөлөрдөн бирден батальон кирет.

Алар туруктуу негизде өз мамлекеттеринин эле аймагында жайгашкан. Акыркы кездери Ооганстан тараптан туулган коркунучтун деңгээли жогорулаганына машыгуулардын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Тажикстандын коргоо министри Шералы Мирзо да токтолду:

- Бүгүн жамааттык коопсуздук үчүн чакырык менен коркунучтардын негизги спектри биздин түштүк чектерибизде жыйналды. Ал жерде эл аралык терроризмдин, диний экстремизмдин, маңзат аткезчилиги байкалууда. Биздин чек араларыбыздын туура жанында мындай нерселердин болушу алдыбызга аларды ЖККУ мүчөлөрүнө жайылтпоо жана анын жамааттык коопсуздук аймагы үчүн терс кесепеттерин минималдаштыруу боюнча маанилүү милдеттерди коюуда.

Эки ортону Пяндж дарыясы бөлгөн тажик-ооган чек арасынын узундугу 1344 чакырым. Ооганстандын Бадахшан, Тахар жана Кундуз провинциялары менен чектешкен Тажикстан ооган коркунучунда ЖККУ уюмунун жардамына ишенип жатса, бул коопсуздук бирикмесине мүчө эмес Түркмөнстан жана Өзбекстан чек араны бекемдөө чараларын өз алдынча көрүүдө.

Маселен Ооганстан менен 745 чакырым чек арасы бар Түркмөнстан жыл башында запастагы офицерлери менен аскерлерин мобилизациялап, чек арасынын айрым бөлүктөрүндө тереңдиги алты метрлик аң каздырып, кошумча тикенек зым тарткан эле. Түркмөн коопсуздук күчтөрүнүн чек арадагы чаралары ооган тараптагы түркмөндөрдүн нааразылыгын жараткан болчу.

Талдоочулар Борбор Азиянын Ооганстан менен чек араларынын эң аялуу бөлүгү Түркмөнстанга туура келерин белгилешет. Анткени тажик-ооган чек арасынан айырмаланып, ал жерде тоо сыяктуу табигый тоскоолдуктар жок. Борбор Азиядан армиясы эң көп жана коопсуздукка каражатты эң көп сарптайт деген Өзбекстандын Ооганстан менен ортодон Амударья бөлгөн чек арасынын узундугу 137 чакырым.

“Азаттыктын” аймак боюнча талдоочусу Брюс Паниердин баамында, акыркы айларда Түндүк Ооганстанда жортуп жүргөн согушкерлердин көбү “Өзбекстан ислам кыймылынан” чыккандар.

Алар Борбор Азия менен чектеш аймактарды көздөй жер которууга Пакистан өкмөтү Вазиристан чөлкөмүндө тынымсыз жүргүзгөн операциялардан улам аргасыз болушту:

- Түндүк Ооганстандан биз уккан жана келген маалыматтарга караганда, мурдагы чабуулдардан, армияга кол салып качып кетүүлөрдөн айырмаланып, азыр согушкерлер кыштактарды ээлеп, кармап турууга аракеттенүүдө. Бул алар жашоого, база кылуу үчүн жай табууга аракеттенип жатканынын белгиси. Анткени алар Пакистандын акыркы он жылдан ашуун мезгилден бери байырлап келген, уруулар жашаган райондорунан сүрүлдү. Андыктан Ооганстандын түндүгүндө база түзүүгө аракеттенишүүдө. Аларда балким Борбор Азияны карай чек араны кесип, аскерий өнөктүк жүргүзгүдөй курал же адам жетишсиз. Бирок алар чек араны кесип, кол салууларды жасай бериши мүмкүн. "Өзбекстан ислам кыймылынын" жүздөгөн, балким миңден ашуун согушкерлери акыркы он эки айда Түндүк Ооганстанды бойлой тарашты. Эгер биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн тынчсыздануусунан карасак, бул согушкерлер Пакистандын уруулар башкарган аймагында жүргөндө ортодогу аралык алыс эле, эми алар чек аранын аркы тарабында эле турушат. Биз билгенден чек араны жаап салуу мүмкүн эмес. Борбор Азияны көздөй маңзат аткезчилери колдонгон жолду согушкерлер да колдонушу мүмкүн.

Ооган бийликтери чет элдик деп атап коюшкан согушкерлер менен акыркы ири уруштар өткөн айдын соңу, ушул айдын башында Кундуз провинциясында болду. Анда провинция бийликтери согушкерлер арасында тажиктер, өзбектер, чечендер, түрктөр бар деп жарыялашкан. Кундуздагы уруштар учурунда он миңдей үй-бүлө турак жайын таштоого аргасыз болуп, Кабулдан кошумча күч жөнөтүлүп, ооган бийликтеринин ырастоосунда 190дой согушкер жок кылынды.

- Акыркы апталарда Бадахшан, Кундуз провинциялардагы уруштарды көрдүк. Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, уруштарда өлгөн согушкерлердин арасында өзбектер, тажиктер болду. Тажиктер маселен "Өзбекстан ислам кыймылынын" бир канаты – “Жамаат Ансаруллонун” согушкерлери. “Өзбекстан ислам кыймылынын“ согушкерлери Түндүк Ооганстанга былтыртан тарта эле келе баштаган. Ооган кыштак тургундарынын, кошуун башчыларынын айтымында да, соңку кездери Түндүк Ооганстанда чын эле будуң-чаң салган согушкерлер тажикче, өзбекче сүйлөшөт. Бирок акцентине караганда, алар ооган тажиктери же өзбектер эмес. Борбор Азиядан барган сыяктуулар. Алардын саны көбөйсө, уруштар да көбөйүшү мүмкүн. Өткөн аптада эле түркмөн чек арасына жакын аймактарда да уруштар болду, - деди “Азаттыктын” аймак боюнча талдоочу Брюс Паниер.

Өткөн аптада Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш аймактарындагы уруштар Жаузжан жана Бадрис провинцияларында орун алган эле. Коопсуздук операцияларын азыр ооган күчтөрү өздөрү жүргүзүүдө.

Өлкөдө АКШ менен НАТОнун 10 миң 800дөй жоокери калган. Бирок алардын быйылкы жылдын башынан берки негизги вазийпасы ооган күчтөрүн машыктыруу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG