Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Казакстандык режисер Болат Атабаев Жаңы-Өзөн трагедиясы тууралуу пьеса жазууда. "Азаттык" менен маегинде Германияда сүргүндө жашаган оппозиция өкүлү кыргыздарга Казакстандагы «былык саясаттын кесепети» тийип жаткандыгын да белгиледи.

Жаңыл Жусупжан: Сиз өзүңүз чыгармачыл адамсыз. Кантип диссидент, саясатчы болуп кеттиңиз?

Болат Атабаев: Жашоо ошого алып келди. Себеби, мен көп убакыт бою үйдө телевизордун алдында, аш бөлмөдө өзүмдү сынаганды жакшы көрчүмүн. "Түй ата!" деген болуп, эч нерсени жактырчу эмесмин. Эгер эч нерсе жакпаса, өзүңө жаккандай кылып иште деп айтчумун өзүмө. 1998-жылдан баштап оппозицияга аралаша баштадым. Оппозицияда жүргөн кишилерди издеп, алар менен кездеше баштадым. Көп нерсени түшүндүм. Ошондон кийин айласы жогунан президент Нурсултан Назарбаев мени өзү оппозицияга "жетекте" деп алып келди. Анткени күндөгү тирлигим ага жакпайт, сөзү бир, иши башка.


Жаңыл Жусупжан: Кыргызда “Үйдө баатыр, жоодо жок” деп айтат. Сиз үйдө баатыр болуп отуруп тажаган турбайсызбы?

Болат Атабаев: Үйдө баатыр болуп отуруп, өзүңдүн жашооңду гана ойлоп, тынч өмүр сүргөнгө болот эле, бирок мындай өмүр сүрүү мен үчүн эмес экен. Олтура берсең, үйдө олтура бересиң. Казакстан өтө бай мамлекет, жакшы өмүр сүрүүгө бардык мүмкүндүк бар. Ошол себептен Казакстандын адамдары көзү ачык, жүрөгү таза болуш керек. Андыктан мен жүрөгү таза адамдарды табайын деп, ушундай жолго түштүм.
Атабаев "Азаттыкта", орус тилиндеги видео:

Жаңыл Жусупжан: Ошондой адамдар Казакстанда барбы? Анткени жазуучулар болобу, драматургдар болобу же өзүңүзгө окшогон режиссерлор болобу, көп учурда үн катышпайт. Көрсө да көрмөксөнгө салат же болбосо, мунун мага тиешеси жок деп, тетири бурулат. Балким, чыгармачыл адам өз дүйнөсүндө жашап, саясатка кийлигишпеси керектир?

Болат Атабаев: Мага “Эмне кыласың, спектаклдериңди коюп жүрө бербейсиңби” деп айтышты. Ал мүмкүн эмес экен. Анткени адамдын позициясы болбосо, көз карашы болбосо, анан чыгармачылык жол менен гана калкыма кам көрөм деген аракети туура эмес, ал болбогон иш. Анда спектаклиңди койдуртпайт, жумушуңду иштетпейт. Мисалы Жаңы-Өзөндөгү мунайчыларды ким аткан, ок атууга ким буйрук берген деген суроону сахнада койгум келет, бирок андай спектаклди мен Алматыда кое албайм. Анткени мунайчыларды атууга Назарбаев буйрук берген. Ошондуктан, мен мындайга ишенбейм, чыгармачыл адам чыгармачылыгы менен да, саясат менен да алектениши керек.

Жаңыл Жусупжан: Жаңы-Өзөн деп калдыңыз, сиз ал жакка барып, жумушчулар менен борбордук аянтта түнү менен калып, аларды митингге үгүттөп, петиция жазгыла депсиз. Анан сизди кантип Назарбаев жакшы көрсүн?

Болат Атабаев: Назарбаевдин жакшы көргөнү мага бир тыйын, кажети жок. Жөн гана ошол мунайчылардын маселелерин чечип бериш керек болчу. Жети жарым ай созбой, аларды кан какшатпай. Алар жети жарым ай акча жок, үйлөрүндө тамак жок, суукта, жамгырда, карда, күндүн ысыгында олтурган адамдарды депрессияга учуратып, акыры атып, өлтүрүп тынды. Максаты эмне болгон? Калкты коркутуу, элдин үрөйүн учуруу болгон. Калк корксо, ал андан ары бийиликте олтурууга мүмкүндүк алат. Коркок калк эч нерсе айта албайт. Кыргыздар сыяктуу эмес казактар. Кыргыздар эки ирет революция жасашты.

Жаңыл Жусупжан: Сиз "дяхан" турбайсызбы. Бул ат кайдан чыкты?

Болат Атабаев: "Дяха" деген ат түрмөдө олтурганда чыкты. "Дяха" деген сөз эмне?” деп сурадым. Түрмөдө "дядя" деген бар экен, анан "дядядан" жогору турган "пахан" деген кылмышкерлердин башчысы бар, ал дагы кылмышкер. "Пахан" бардык кылмышкерлерди башкарып олтурат экен, ал эми "дяха" андан төмөнүрөөгү дейт. Түрмөдө мага"дяхан" деген ат коюлду , ошол бойдон "дяхан" болуп, жыйырма күндөй абакта отурдум.
Атабаев "Азаттыкта", орус тилиндеги видео:

Жаңыл Жусупжан: Сизди эмнеге отургузуп коюшту?

Болат Атабаев: Анткени Жаңы-Өзөндөгү мунайчыларды колдодум. “Сен тартипти буздуң, элди мамлекетке каршы үгүттөдүң” деп. Кантип мен бийликке каршы үгүттөдүм? Эгер бийлик такыр иштебей жатса, бийликтики туура эмес десем, ошол үгүт болобу? Мен чындыкты айттым, ал эми чындыкты айтсаң бийликке жакпайсың. Ал эми чындык ошол, бийлик мунайчылардын жагдайын чечүүгө таптакыр аракет кылган жок.

Жаңыл Жусупжан: “Столыпинский вагон” сизге жактыбы? Ал деги кандай вагон экен?

Болат Атабаев: "Столыпинский вагон" мал ташый турган вагондор. Купенин ордуна бир жагы темир менен курчалган, терезеси жок, экинчи жагы эшиктин ордуна темир тор кылып жасап коюшкан. Алты киши олтура турган орунга он сегиз кишини олтургузуп, элүү градус ысыкта беш күн жол жүрүп, Актаудагы түрмөгө алып барышты.

Жаңыл Жусупжан: Сиздин диабет ооруңуз бар экен, элүү градус ысыкта киши тыгылган вагондо беш күн камаганды Эл аралык мунапыс уюму кыйноо деп айтмак, бирок "дяхан" катары сизге жакшы шарт түзүлдүбү?

Болат Атабаев: Ооба, кылмышкерлер саясий айыпкер деп, түрмөгө отургузгандан кийин менин статусумду бийик санашты. Анткени “сен чындыкты айткан адамсың, сен кылмыш жасаган жоксуң, сен чындыкты айтам деп ушул жерде отурасың” деп мага жакшы шарттар жасалды. "Столыпиндин вагонунда" отурган кезде кайсы жерде аба жакшы болсо ошол жерге мени олтургузушуп, суу беришип, ахвалымды карап жатышты, ошого карабастан ооруп калдым. "Диабетическая кома" деген болот, эстен танып калат, ошол ахвалга түшүп кала жаздадым. Анткени дарыны иче бергем, бирок тамак жок, тамак беришпейт, суу иче бергем, анан төртүнчү күнү канымда канттын деңгээли тез төмөндөп кетип, уйкум келип куладым, ойгонсом чайга кантты салып, сиропту оозума куюшкан экен, ошентип тирилтип алышты.

Жаңыл Жусупжан: Анан түрмөдөгүлөргө лекция окудуңуз, көркөм өнөрдүн тарыхын үйрөттүңүз?..

Болат Атабаев: Көркөм өнөрдү кабыл алуунун психологиясын, кантип кабыл алуу керек деген темада лекцияда окудум.

Жаңыл Жусупжан: Кандай кабыл алышты?

Болат Атабаев: Албетте, андайды угуп көрбөгөн, беш, он, он беш, он жети жыл түрмөдө отурган жигиттер ооздорун ачып, көздөрүн жуумп угушту. Алар да баарын билгиси келет, анткени аларда да ой бар. Олтургандардын тең жарымы өзүн күнөөсүз эсептешет, кой уурдаган, уй уурдаган.

Жаңыл Жусупжан: Миллионду уурдагандар Швейцарияда олтурат да!

Болат Атабаев: Миллионду уурдагандар өйдөдө олтурушат, ал эми булар кой уурдаган, тай уурдаган. Ошон үчүн түрмөдө олтурушат, соттолуп төрт жыл, беш жылга түрмөгө кесилишет.

Жаңыл Жусупжан: Сиз жанараак Кыргызстанды айтып кеттиңиз, бирок бизде мисалы, Аксы окуясында алты киши атылды, анын айынан 2005-жылы революция болду. Кийин бир адам бийликти ээлеп алган, бир журналист, бир оппозиция өкүлү өлтүрүлдү, ошондон кийин эл кайра көтөрүлдү. Казакстанды карап көрсөк, Нуркадилов баш болгон бир канча киши шектүү жагдайларда өлүп кетти, Жаңы-Өзөндө он жети киши өлдү, казактар козголгон жок. Бул улуттук өзгөчөлүкпү?

Болат Атабаев: Козголбойбуз. Коркокпуз.

Жаңыл Жусупжан: Коркоктуктанбы же сабырдуулуктанбы?

Болат Атабаев: Коркоктуктан, анткени байлыгымдан айрылып каламбы дейбиз. Жумуштан айрылып каламбы же нанымдан айрылып каламбы дейт. Мисалы, кыргыздар айрылып кала тургандай, ал жерде байлык жок. Өздөрүнүн аягындагы кишенден башка эч нерседен айрылбайт.

Жаңыл Жусупжан: Сиз "Кыргыздар итке минген жакыр, ошон үчүн төңкөрүш кыла берет" деген Назарбаевдей айтып койдуңуз го?

Болат Атабаев: Назарбаев элди, оппозицияны “Кыргыздар бири-бирин атып жатышат, өлүп жатышат” деп коркутту, террористер менен да коркутту. Биз коркокпуз, коркуп олтурабыз. Казакстанда территория чоң, тигил баштан бул жакка жеткенче, эл көтөрүлгөнчө, ойлонгончо, толгонгончо убакыт кете берет, кете берет. Бир жагы көтөрүлүп жатканда, экинчи жагы басыла берет, экинчи жагы көтөрүлүп жатканда, бери жагы басыла берет, ошону менен биримдик жок, уюмдашуу жок. Кыргыздардын территориясы чакан, өздөрү да бирдиктүү, бири-бирин колдоп кетет. Ошондуктан сиздер бизге караганда демократияга тезирээк жеттиңиздер.

Жаңыл Жусупжан: Биздеги демократиянын да өзгөчөлүктөрү бар. Казакстанда деле демократия бар деп айтышат. Сиз өзүңүз деле "Бизде көк помидордой демократия бар" деп айттыңыз. "Кызарбайт" дегениңиз "уялбайт" деген маанидеби же болбосо "чирибейт", "бузулбайт" деген мааниде айтып жатасызбы?

Болат Атабаев: Ооба, кызарбайбыз биз. "Страна вечнозелёных помидоров" деп атайм. Кызарып, уят болуп, бала-чакабызга, неберелерибизге уят болуп, аларга кандай өлкөнү таштайбыз, алар кандай мамлекетте өмүр сүрөт деп ойлонбойбуз. Бир тойгонубузга, кийгенибизге, ичкенибизге ыраазы болуп жүрөбүз.

Жаңыл Жусупжан: Сиз дагы "биздин муун, чириген муун" деп айтасыз. Сиздерден кийин келаткан муунга ишенесизби?

Болат Атабаев: Ишенем, анткени биздин муун эмне болуп жатканын алар көрүп турушат, алар бизге сын көз менен карайт. Бирок алардын арасынан чыгабы, чыга коёбу? Бирок чыгышы керек. Чыгаарына ишенем.

Жаңыл Жусупжан: Сиз "Мен жаран экенимди көрсөтө алган жокмун" деп айтып жатасыз. Анда Казакстанда деги ким жаран?

Болат Атабаев: Жарандын баары, өздөрүнүн ою, максаты, үмүттөрү бар адамдар, түрмөдө олтурушат. Мисалы, Владимир Козлов, Вадим Курамшин, Роза Төлөтаева, Совет Ибраевдер азыр түрмөдө. БТА банкта иштеген банкир кыз-жигиттер олтурушат, Аблязов менен бирге жумуш иштеген үчүн олтурушабы? Түшүнбөймүн! Ошолордун баарын карап, унчукпай олтурабыз...

Жаңыл Жусупжан: Бүгүнкү күнгө карата кыргыздар менен казактар кандай мамиледе болуп жатат? Кайсы жакка баратат деп ойлойсуз?

Болат Атабаев: Кыргыз менен казак тагдырлаш калк. Эгер Казакстанда демократия орносо, мүмкүн кыргыздардын демократиясы башкача болмок. Биздин Ак Ордобуздун кылган кылыктары азыркы кыргыз элинин бийлигине таасирин тийгизбей койбойт. Анткени экономикалык байланыш болгондон кийин, саясий байланыш да болот. Кыргыздар экономика жагынан казактарга көз каранды. Казакстан суу жагынан Кыргызстанга көз каранды. Ушулардын баары бири-бирине таасир этпей койбойт. Ошондуктан, эки элде тең демократия орносо, эки элде тынчтык болсо, баарыбызга жакшы болоор эле. Биздеги болуп жаткан нерселер силерге таасир этпей койбойт.

Жаңыл Жусупжан: Же тескерисинче. Азыр Кыргызстан Казакстанга сүт экспорттоп жатпайбы. Бир күнү революцияны дагы экспорттоп жибериши мүмкүнбү?

Болат Атабаев: Жакшы болоор эле, бирок андай болбой жатат.

Жаңыл Жусупжан: Революциянын түрлөрү бар. Сиз "нааразылык билдирүүнүн маданияты" деп айтасыз. Ал кандай болуш керек? Тынчтык жол менен, элдин мамилесин өзгөртүү, агартуучулук, тамаша, мисалы, театр менен төңкөрүш жасаса болобу, же сөзсүз кан төгүлүшү керекпи?

Болат Атабаев: Кан төгүлгөн жаман. Бийлик бир адамдын дагы өмүрүнө турбайт. Ошондуктан "Кет!" деген кезде, адам өзү кетиши керек. Адам өзү мен эмнеге өз убагымда кетпейм, мен эмнеге маңги болуп олтурам деп ойлонушу керек. Демек былыгы бар, ал жумуштан кетсе калк соттоорун билет, ошон үчүн кете албайт. Ошондуктан руханий тазалануу, руханий тазалык керек. Руханий жаңыруу, руханий тазалыкка жетүү үчүн адам өзүнө сын көз менен караш керек. Ал эми биздин бийликте олтурган адамдар өздөрүнө сын көз менен карашпайт, аларды сындасаң жакпайсың. Ошондуктан эки элде тең тынчтык орнотуш үчүн, эки эл чындыктын жолунда болуусу зарыл. Куу түлкү оюн, коррупция, бири-биринен жашыруу болбош керек. Мисалы, Курманбек Бакиев биринчи эмнеге Казакстанга жашынды? Ага шарт түзгөн ким? Назарбаев. Демек, ал дагы кылмышкер. Бир кылмышкер экинчи кылмышкерди жашырат. Эгер андай болбосо, башкача жашаар элек! Мүмкүн кыргыздардын ахвалы башкача болмок, экономика жагынан күчтүрөөк болмок.

Жаңыл Жусупжан: Сиз азыр Бертольд Брехтин мекенинде жашап жатасыз. Сизди эл аралык Мунапыс уюму бир кездерде "абийир туткуну" деп атаган. Азыр башыңыз бош, эркин коомдо жашап жатасыз. Бирок балким, сиз Казакстанда калсаңыз, ошол жакта болгонуңузда, казактарга пайдаңыз көбүрөөк тиймекпи?

Болат Атабаев: Эгер мен Казакстанда калсам, түрмөдө олтурат элем. Ал эми бул жерде оозумду жаппайм. Мүмкүн элиме деген көмөгүм, жардамым ушул болоор.

Жаңыл Жусупжан: Албетте, ар кандай жол менен жардам берсе болот. Анын ичинде Бертольд Брехт сыяктуу көркөм чыгарма менен адамдардын аң-сезиминде "төңкөрүш" жасоо мүмкүн. Сиздин көркөм өнөр жаатындагы, театрдагы пландарыңыз кандай?

Болат Атабаев: Азыр Жаңы-Өзөн окуялары тууралуу пьеса жаздым. Ошол пьесамды Германияда коём. Ал пьесада өлгөндөр менен тирүү калгандардын ортосундагы байланышты көрсөтөм. Өлгөндүн көзүн тирүү адам жабат, өлгөн адам тирүү адамдын көзүн ачат. Ошондуктан ал спектаклдеги, пьесадагы башкы маселе - ким менин баламды аткан, ким менин күйөөмдү аткан, ким менин тууганымды өлтүрдү?- деп тирүү калгандар ыйлайт. Мунун жообун өлгөндөр айтат.

Жаңыл Жусупжан: Арбактар менен сүйлөшүү болот турбайбы?

Болат Атабаев: Ошол тирүү калгандар арбактарды эстебейт. Арбактар Назарбаев аткан деп айтып жатса да, тирүү калгандар бул чындыкты уккусу келбейт, коркот.

Жаңыл Жусупжан: Пьесанын аталышы кандай болот?

Болат Атабаев: Атын азыр коё элекмин, бирок алдын ала "Жанаозен" деп атадым.

Жаңыл Жусупжан: Сизге чоң рахмат, чыгармачык ийгилик көп болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG