Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Кытай-Борбор Азия: Алака “алтын доорго” өттүбү?


Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде, 13-сентябрь, 2013-жыл

Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде, 13-сентябрь, 2013-жыл

Кытай президенти Си Цзинпиндин Борбор Азиядагы жакынкы сапарын “улуу коңшунун” партиялык басма сөзү эки тараптуу алака-катышта “алтын доордун”, ал эми кытай тышкы иштер министрлиги “жаңы тарыхый этаптын” башталышы катары мүнөздөдү. Кытай боюнча талдоочулар анын аймакта экономикалык таасиринин күчөшү бара-бара саясий таасирдин өсүшүнө да алып бараарын болжолдоп жатышат. “Азаттыктан” “Өңүт” апталык берүүсүнүн кезектеги санында мына ушул маселе талдоого алынды.

Азыркы Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн бери бийликтин эң жогорку тепкичинде беш муун алмашты. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү көз карандысыздык алгандан бери Кытайдагы бийлик үчүнчү муундун колуна жаңыдан өттү.

Кытай боюнча билермандар бийликке келген улам кийинки муун биринчиден, мурдагыларынан көбүрөөк прагматик болорун, экинчиден, алар 90-жылдардагы партиялык жетекчилерден айырмаланып, мурдагы СССРден билим албагандыктан, Борбор Азия республикалары менен алака-катышта жумшактык көргөзбөй турганын айтып келишкен.

Быйыл марттан тарта Кытайдын эң жогорку кызматтарын колго алган Си Цзинпин бийликтеги бешинчи муундун өкүлү.

Кытай Казакстанга 30 миллиард доллар инвестиция салды. 12-декабрь, 2009-жыл

Кытай Казакстанга 30 миллиард доллар инвестиция салды. 12-декабрь, 2009-жыл

Ал мамлекет башчы катары Борбор Азияны он күн кыдырган учурунда аймактын өлкөлөрүн прагматикалык кызматташтыкка жакындоого жана өз ара ишенимди тереңдетүүгө үндөдү.

Си Цзинпин ошондой эле Кытайдын буга чейинки президенттеринин оозунан чыкпаган сөздү айтты.

7- сентябрь күнү Астанада, Назарбаев университетинде сүйлөп жатып, Кытай лидери Бээжиндин Борбор Азияда үстөмдүк орнотуу, аймактагы өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү мүдөөсү жок деп ырастады:

- Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү алака-катышты өнүктүрүүдө сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүккө туш келүүдө. Мен Кытай өз ара ишенимди чыңдай алат, достукту бекемдейт жана Борбор Азия өлкөлөрү менен чогуу өнүгүүгө, бакубатчылыкка көмөктөшө алат деп үмүттөнөм. Кытай аймактык иштерде эч убакта үстөмдүккө умтулбайт, таасир көргөзүү чөйрөсүн жаратууга аракеттенбейт. Кытай байланышты жана координацияны күчөтүүгө, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрү менен камыр-жумур жашаган аймакты жаратуу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө даяр.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев кытай лидери жогорудагы сөздөрдү Бишкектен же Ашхабаддан эмес, Астанадан туруп айтышын төмөнкү жагдайлар менен байланыштырат:

- Мисалы Казакстанда акыркы кездери антикытайлык билдирүүлөр көп болгон. Бөтөнчө Кытайдын Казакстан экономикасындагы ролунун күчөшүн, биздин республикада такай эскерилип турган демографиялык коркунучту айтсак болот. Мен билгенден Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө, маселен Кыргызстанда да кытай жумушчулары менен көйгөй чыккан. Демек, аймакта антикытайлык маанай бар. Казакстанда ал өзгөчө сезилип турат. Андыктан, Си Цзинпин мунун баарын Казакстандан туруп айтканы таң калычтуу эмес. Менимче, бул анын Бээжинди тынчсыздандырган соңку тренддерге карата реакциясы болду.

Өзгөндөгү жергиликтүү эл менен чатакташкан кытай жумушчулары, 9-январь, 2013-жыл

Өзгөндөгү жергиликтүү эл менен чатакташкан кытай жумушчулары, 9-январь, 2013-жыл

​Си Цзинпиндин сапары учурунда Кытай жетекчилигинин дарегине Борбор Азия лидерлери да жылуу сөздөрүн арнашты.

Өзбек президенти Ислам Каримов Кытай эки тараптуу кызматташтыкта эч качан шарт койбосун баса көргөзсө, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев эки өлкө ортосунда саясий жана башка пикир келишпестик жоктугун белгиледи. Казак президенти Нурсултан Назарбаев да кытай лидеринин жаңы демилгелерин оң баалады.

​Борбор Азия менен эки тараптуу мамилелеринин жаңы тарыхы жыйырма жылдан ашып калган Кытайдын батыш ыптасындагы аймакка карата стратегиясы барбы, болсо ал ал ачык – айкынбы?

​Биз бул суроону Стокгольмдагы эл аралык Тынчтык институтунун “Кытай жана глобалдык коопсуздук” долбоорунун Бээжиндеги иликтөөчсү Оливер Бройнерге (Oliver Bräuner) жолдодук:

- Стратегия барбы же жокпу деген суроо Борбор Азияга эле эмес, Кытайдын тышкы саясатынын башка чөйрөлөрү үчүн да тийиштүү. Борбор Азияга көңүл буруу күчөгөнү айкын, бирок бул макулдашылган, Кытайдагы институттардын баары карманган стратегиянын бир бөлүгү деп айтыш кыйын. Анткени Кытайда да түрдүү оюнчулар көп. Борбордук өкмөт, коопсуздук мекемелери, ири компаниялар, жеке соодагерлер, өнүгүү банктары жана алардын ар бири өз кызыкчылыктарын көздөшөт да. Бирок Кытайда чечим кабыл алуу жараяны ачык-айкын эместиги белгилүү. Менимче, Борбор Азияга көңүл бурууну күчөтүү боюнча кандайдыр бир стратегия болушу керек, бирок бул оюнчулардын баары эле бир нускоону аткарып жатат дегенди туюндурбайт.

Данкан Иннес – Кер (Duncan Innes-Ker ) баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Economist Intelligence Unit иликтөө уюмунун Кытай - Борбор Азия алакасын билген эксперти. Ал “Азаттык” менен маегинде Кытайдын Борбор Азия менен кызматташтыгындагы эки өзөк максаттын бири - Бээжин үчүн өтө ийгиликтүү ишке ашып жатканына токтолду:

Кытай чөлкөмдөгү энергия булактарын колго алууга көңүл бурууда

Кытай чөлкөмдөгү энергия булактарын колго алууга көңүл бурууда

- Менимче, алар энергия жаатында гана чоң ийгиликке жетише алды. Бул бир жагынан Кытай менен энергия багытында мамиле түзүүгө аймактагы өлкөлөр да кызыкдар экендигинде. Себеби бул Орусия менен ушул эле маселени сүйлөшүүдө алардын турумун бекемдейт да. Анткени Борбор Азия өлкөлөрүндө өзүнүн энергия булактарын экспорттоонун эки гана жолу бар: Орусияга жана Орусия аркылуу же Кытайга. Кайсыл тарап жакшы шартты берсе, ошол жакка ооп кете алышат. Менимче, Кытай энергия жаатындагы келишимдер үчүн жакшы баа, салыштырмалуу жакшы шарттарды жана каражат берүү менен тараза ташын өз тарабына оодара алды.

Энергия жаатындагы кызматташтык демекчи, президент Си Цзинпиндин Борбор Азиядагы алгачкы сапары учурунда бул багыт миллиарддаган доллардык жаңы келишимдер менен бекемделди.

Кредиттик жамгыр

Кытай президенти оболу Ашхабадга токтогон кезинде Түркмөнстандын Кытайга газ экспортун 2020-жылга карата болжол менен азыркы көлөмдөн үч эсеге же жылына 65 миллиард куб метрге чейин көбөйтүүнү караган келишимге жетишти. Бул үчүн Түркмөнстандан Кытайга багытталган газ куурдун жаңысы Кыргызстан аркылуу да өтө турган болууда.

Ашхабаддан кийин Астанада болгон кезинде Кытай жана Казакстан жалпы суммасы 30 миллиард доллардык келишимдерди түздү. Алардын арасында Казакстандын мамлекеттик “КазМунайгаз” компаниясы өлкөдөгү эң ири Кашаган кенинен кара май алуучу концорциумдагы 8,3% үлүшүн Кытайдын мамлекеттик CNPC компаниясына болжол менен 5 миллиард долларга сатуусун, кытай тараптын Казакстанда мунай иштетүүчү завод куруусун караган келишимдер бар.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттык” менен маегинде Казакстанда Кашаган долбооруна кирүү - Кытайдын чоң максаты болгонун эске салды:

Казакстанды кесип өткөн Түркмөнстан-Кытай газ кууру

Казакстанды кесип өткөн Түркмөнстан-Кытай газ кууру

- Менимче, Кытай Эл республикасынын жаңы төрагасынын Казакстандагы сапарынын башкы максаты – кытайлыктар Кашаганга кирүү мүмкүнчүлүгүн алганы үчүн казак жетекчилигине ыраазылык билдирүү болду. Кашаган дүйнөнүн акыркы 40 жыл ичи ачылган эң ири мунай-газ кендеринин бири да. Кытайлыктар ага кирүүгө узактан бери аракеттенип келген. Жакында бул маселе чечилди. Алар Кашагандан үлүш алууга 2003-жылы эле аракеттенишкен. Бирок анда башка чет элдик акционелер каршы чыккан болчу. Быйыл жайда Conoca Philiphs компаниясы өз үлүшүн Казакстанга сатты. Казакстан болсо Кытайга сатууну чечти. Кезинде бул үлүштү Кытай менен Индиянын мунай-газ компаниялары катуу талашкан. Кытайдын Казакстандын мунай-газ секторундагы туруму буга чейин эле күчтүү болгонуна карабай, артыкчылыктын Кытайга берилгени Казакстан үчүн алыскы Индияга караганда, жакынкы коңшусу маанилүү экенин көргөзүп турат. Бул бир жагынан Кытайды көздөй газ-мунай куурлары төшөлгөндүктөн, аларды толтуруу керектиги менен да байланыштуу.

4,8 миллиард тонна мунай бар деп болжолдонгон Кашаган кенинен алгачкы кара май ушул аптада өндүрүлдү. Кытай экономикасы боюнча эксперттердин эсебинде, Бээжин эгер 2006-жылдары сырттан 60 миллион тонна карай импорттосо, 2020-жылга карата бул муктаждык 250-300 миллион тоннага чейин көбөйөт.

Си Цзинпин Казакстандан кийин Өзбекстанда болгон кезинде Ташкент менен Бээжин сарпталуучу акчасы 15 миллиард доллардык келишимдерди түздү. Ал эми жаңы макулдашуулардын натыйжасына Кыргызстанга салынуучу инвестиция көлөмү 3 миллиард долларга чаап бараары айтылуда.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев Кытайдын миллиарддаган доллардык насыяларды жеңил эле берип жатышын төмөнкү себептерден көрөт:

- Бул жерде объективдүү болуу менен түшүнүүбүз керек. Кредиттик жамгырды Кытай Борбор Азияда эле эмес, бүткүл дүйнө боюнча ишке ашырып жатат. Бул алардын экономикалык кызыкчылыктарына жооп берет. Анткени ал өзүндөгү доллардык массаны жигердүүлүк менен азайтып жатат. Кезинде Кытайдын колунда 2 триллионго чейин доллар болгон. Ал бул доллардык массасын активге айлантууда. Насыя гана бербестен өзгөчө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө чийки зат өндүрүү менен байланышкан активдерди сатып алып, тигил же бул кендерди иштетүү боюнча долбоорлорго кошулуп же иштеп жаткан өндүрүш структураларынын акционерине айланууда. Борбор Азия өлкөлөрү болсо кытайлык кредитти Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында да алат берет. Сөзсүз Кытай муну биринчиден, саясий максатта, башкача айтканда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Бээжинге лоялдуулугун күчөтүү, аймактагы мамлекеттердин экономикасын Кытайга байлоо үчүн да жасайт. Анан насыя берүү адатта Кытайдын кытай жабдууларын алуу, кытай жумушчу күчүн пайдалануу жөнүндөгү талаптары менен коштолот. Демек акырында барып, акча кайра эле Кытайдын өзүнө кайтып жатат. Бул саясатты Кытай биздин аймакта да активдүү колдонот.







Жибек жолу коридору

Борбор Азиядагы сапары учурунда, атап айтканда Казакстанда болгон кезинде кытай президенти Си Цзинпин “Жибек жолу экономикалык коридорун” түзүү демилгеси менен да чыкты. Кытай лидеринин пикиринде, байыркы “Жибек жолунун” боюнда азыр 3 миллиарддай киши жашайт жана масштабы менен потенциалы жагынан дүйнөдө мындай аймактык базар жок. Байыркы “Жибек жолун” жандандыруу аймактагы өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан тарабынан да мурда эле айтылган концепция.

Жулиан Чанг (Julian Chang) - АКШдагы Гарвард университетинде “Бизнес жана өкмөт” борборунун Азия программасынын аткаруучу директору.

Ал “Азаттыкттын” Вашингтондогу кабарчысы менен маегинде кытай лидеринин “Жибек жолу экономикалык коридору” жөнүндөгү демилгесин мындайча комментарийледи:

- Албетте, бул потенциалы эбегейсиз базар да. Бирок менимче, кытай лидери негизги көңүлдү энергия стабилдүү келишин камсыздоого, Кытайдын чек араларындагы тынчтыкка буруп жатат. Менимче, экономикада курду бекем тартуу, же бошотуп салуу Кытайдын кабак-кашына көз каранды нерсе. Азыркы сапарында кытай президенти төрт өлкөгө он миллиарддаган долларды бербедиби. Мындан пайданы Кытай же Борбор Азия өлкөлөрү көбүрөөк көрөбү деген маселеге келсек, эки тарап үчүн тең уттурбагыдай мүмкүнчүлүктөр бар. Кытайдын энергия коопсуздугуна кам көрүүсүнөн Борбор Азиянын элдери пайдаланып калса болот. Анын үстүнө Кытай азыр бул маселенин башка өңүттөрүн, атап айтканда бизнес менен бирге айлана-чөйрө жөнүндө да ойлонуу зарылдыгын билет. Кытай өкмөтүнүн акыркы директиваларында чет өлкөгө бара турган кытай ишканаларынын жергиликтүү шарттар, маселелер боюнча маалымдуулугун күчөтүү тууралуу айтылат. Акыркы жылдары имидж маселеси кытайлыктар үчүн да маанилүү болуп бара жатат.

Кытай лидеринин “Жибек жолу” экономикалык коридорун түзүү демилгеси канчалык реалдуу? Биз бул суроону баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Economist Intelligence Unit иликтөө уюмунун эксперти Данкан Иннес-Керге жолдодук:

- Экономикалык корридор түзүүдөгү проблема – энергия маселесин эске албаганда, Борбор Азияны жалпысынан экономикалык жактан динамикалуу аймак деп айтууга болбойт. Европа базарына жетүү үчүн Борбор Азияны транзит иретинде пайдалануу жагынан кызыкчылыктар бар. Бирок логистикалык чыгым, коррупция боюнча тынчсыздануулар бул өңдөнгөн пландардын ишке ашуусуна жолтоо болуп келет. Ооба, аймакта Жибек жолу коридорун куруу концепциясынын бекем тарыхый тамыры бар жана бул Кытай үчүн бир нече жагынан маанилүү. Бирок Кытайдан Борбор Азияга ири көлөмдө товар экспорттолгону менен бул бир тараптуу гана агым. Энергия продуктуларын эске албаганда, экинчи тарапты көздөй көп деле нерсе кеткен жок да.

Данкан Иннес-Кер кытай лидеринин “Жибек жолу экономикалык коридорун” куруу жөнүндөгү демилгесин Шанхай кызматташтык уюмунун дарегине анын ишинде экономикалык аспект аз экендигине байланыштуу айтылган сындардан улам чыккан болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Орусия менен атаандаштык

Эксперт Данкан Иннес-Кердин пикиринде, Кытайдын аталган демилгеси Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүн Бажы союзуна кошуу мүдөөсүнө каршы келет:

Кытай төрагасы Си Цзинпин менен орус президенти Путин. 5-август, 2013-жыл

Кытай төрагасы Си Цзинпин менен орус президенти Путин. 5-август, 2013-жыл

- Бул эки демилге экөөсүнүн ортосунда аймак үчүн атаандаштык бардыгын көргөзүүдө. Бул Борбор Азия экономикасынын келечеги үчүн жакшы, бирок эки учурда тең талкуу экономикалык приоритеттерге караганда, саясий фактор жана стратегиялык мамилеге көбүрөөк ыктап турат. Эгер сиз Борбор Азия менен Кытай, же Борбор Азия менен Орусия ортосундагы сооданын масштабына көңүл бурсаңыз, ал албетте Кытай-АКШ, Кытай-Евробиримдик ортосундагы соодадан кыйла эле аз. Андыктан мында көңүл экономикалык сооданын көлөмүнө эмес, аймактагы стратегиялык баланска канчалык таасир этерине көңүл бурулат.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев болсо Кытай умутулгандай, эгер Шанхай кызматташтык уюмунда экономикалык өңүт бекемделсе, бул Бажы биримдигин мүдөө-максаттарына каршы чыгат:

- Менимче, эгер бул ишке ашып кетсе, бирнчи скрипканы Орусия ойноого аракеттенген Бажы союзуна Шанхай кызматташтык уюму атаандаш болот. Анын үстүнө Казакстанда болгон кезинде Кытай лидери өз ара эсептешүүнү доллар эмес юан жана тенге менен да жүргүзүүнү сунуш кылды. Кытай акырындык менен юанын аймактык валюта катары да түртүүдө. Келечекте Борбор Азия өлкөлөрү да бул багытта турумун бекемдөөгө аракеттенип жаткан Кытайдын валюта саясатына да байланышы мүмкүн.

Ошентип Кытайдын Борбор Азияда экономикалык таасири күчөшүнө Орусия эмне дейт?

Алексей Маслов - Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин Чыгыш таануу бөлүмүнүн башчысы. Ал “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы менен маегинде Москванын турумун мындай чечмеледи:

- Расмий тараптан Орусия эч кандай тынчсыздануусун билдирген жок. Бирок менин көз карашымда, Кытайдын соңку кадамдары, албетте, Орусия кызыкчылыктарынын салттык чөйрөсүнө кол салгандык. Мунун баары күтүлгөн эле. Анткени, Кытай Борбор Азияга активдүү кирүүнү 2008-2009-жылдардагы экономикалык кризис учурунда баштаган. Ушул мезгилде эле Кытай ири өлчөмдөгү насыяларды Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга берүү менен Борбор Азиянын экономикасына колдоо көргөздү. Ошол учурда бөлүнгөн насыялар Борбор Азияны Кытайга байлоонун бир каналы болуп калды. Экинчиден, Кытай азыр дагы бир маанилүү тезисти колдонууда. Ал Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхый тагдыры бир экенин, ага катар Кытай менен Өзбекстан Улуу жибек жолу менен сооданы баштаган алгачкы өлкөлөр болгонун ырастап жатат. Менин көз карашымда, бул Кытайдын эле демилгеси эмес, Орусия менен Кытай ортосунда да кандайдыр бир деңгээлде макулдашуулар болгон. Бул Кытай тышкы саясий аренада Орусиянын демилгелерин активдүү колдогонуна байланыштуу. Орусия болсо өз кезегинде Кытайдын Борбор Азиядагы активдүүлүгүнө көз жумууда.

Алексей Маслов коопсуздук, стабилдүүлүк, терроризмге каршы күрөш маселелеринде Орусия менен Кытайдын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары шайкеш келерин, бирок экономикага келгенде кайчы чыгарын кошумчалады.

Ал эми Германия - Орусия форумунун Орусия – Борбор Азия алакасы боюнча эксперти Александр Рар “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы менен маегинде орус президенти Кытайдын Борбор Азияга жигердүү киришине аргасыздан макул болгонун айтат:

- Бул бекем жана татаал тандоо болду. Бирок тандоо жасалды. Анткени Путин бир эле учуда бир жагынан НАТО жана Батыш, экинчи жагынан Кытай менен Борбор Азияга таасир боюнча геосаясий күрөшкө бара албайт да. Бирок Кытайдын Борбор Азияда таасири артышында Орусияны соороткон нерсе- Бээжин менен Москванын ортосунда идеологиялык ири айырмачылык жоктугунда. Орусия Кытайдын Борбор Азиядагы экономикалык кызыкчылыктарын билет, бирок азырынча Бээжин саясий кызыкчылыгын көргөзүү жагынан өтө эле сак болуп келе жатат. Башкача айтканда, дипломатиялык жактан акылдуулукту көргөзүүдө. Бирок мен Бээжиндин Борбор Азияда саясий кызыкчылыгы да бар экенине ишенем, болгону алар бул тууралуу Еврошаркет өзүнүн Чыгыш өнөктөштүгү программасын түрткөндөй кылып ачык айтышпайт.

Экономикадан кийин саясий таасирби?

Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүндө бийлик жыйырма жылдап алмашпаса, бир партия башкарган Кытайда, өздөрүндө кабыл алынган тартипке ылайык ар он жылда алмашат. Эми алдыдагы он жылдыкта кызматташтыктын ыргагы кандай кетет?

Бул сурообузга баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Economist Intelligence Unit иликтөө уюмунун эксперти Данкан Иннес-Кер жооп берди:

- Кыска мөөнөттөн алганда, биз соода-сатыктын өнүгүшүнө күбө болобуз. Анткени Кытайдын энергияга болгон муктаждыгы алдыдагы беш-он жылда дагы өсөт. Ал эми узак мөөнөттүү өнүгүш Орусиянын Борбор Азияга таасиринин Кытайда таасирине көчүүсү кандай аяктарына көз каранды болот. Башкача айтканда, узак мөөнөттүү божомолубуз азырынча булаңгыр. Анткени, Кытай азырынча экономикалык чөйрөдөн башка кызыкчылыктарын агрессивдүү түрдө түртө элек. Бул балким беш-он жылда өзгөрөт. Ал аймактын ички иштерине кийлигишүү, үстөмдүк орнотуу ниети жоктугун айтып жатпайбы. Бирок анын экономикалык таасири артып жатканын эске алганда, ал аймакта үстөмдүк кылуучу оюнчуга айланары шексиз. Орусия менен тарыхый байланыштарды эске алганда, Борбор Азиянын Орусия таасиринен Кытайдыкына өтүүсү узак убакытты алат. Менимче, Кытай үчүн да проблема бар. Анын аймактагы өлкөлөр менен карым-катышы күчөгөн сайын, Борбор Азиядагы аймактык талаштардан, мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштардын сыртта болуу кыйынга турат. Ал аймактык саясатка аралашпай, андан оолак турууга аракеттенгени менен каалайбы же жокпу, аралашууга туура келет.

Ал эми Стокгольмдагы эл аралык Тынчтык институтунун “Кытай жана глобалдык коопсуздук” долбоорунун Бээжиндеги иликтөөчсү Оливер Бройнер “Азаттык” менен маегинде Кытай-Борбор Азия кызматташтыгынын келечеги тууралуу буларды айтты:

- Менимче, бул Борбор Азиянын өзүндөгү өнүгүүлөргө да көз каранды болот. Аймактын эки ири өлкөсү: Казакстан менен Өзбекстандын президенттери башка лидерлерге салыштырмалуу карып калды. Айтайын дегеним алака-катыштын өнүгүшү бул эки өлкөнүн кийинки президенттери ким болоруна да көз каранды. Себеби, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн алака-катышы жетекчилер деңгээлинде жогору, ал эми ылдыйкы, элдин деңгээлинде анча эмес. Тескерисинче, эл арасында кызматташтыктан чочулоо, скептизм, тынчсыздануу бар. Андыктан алака-катыштын келечеги Казакстан менен Өзбекстанда саясий система, бийликтеги режим кандай өзгөрөрүнө, антикытайлык маанай ички жана тышкы саясатка кандай таасир көргөзө аларына да көз каранды. Кытай азыр коопсуздук менен экономикалык кызматташтыкка басым жасаса, келечекте эми билим берүү, маданий жана гуманитардык кызматташтыкка да басым жасайт.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттык” менен маегинде мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрү Кытайды ичинен иликтөөгө маани берүүсү керектигине токтолот:

- Казакстанда азыр Кытайды изилдөө боюнча атайын институт
түзүү жагы утур-утур айтылып жатат. Казакстанда али мамлекеттик деңгээлде Орусиянын Кытай, Латын Америкасы же араб дүйнөсүн иликтөө боюнча институттарындай аналогия жок. Бизде Кытай боюнча да институт жок, болгону кытай таануучулар, бирок алар деле көп эмес. Бул таң калычтуу. Кытайды иликтөөгө олуттуу көңүл бурбаганы менимче, казак жетекчилигинин кемчилиги. Андыктан Кытай жөнүндө чечим кабыл алуу деңгээлиндегилер деле көптү билишпейт.


Вашингтондогу "Пью" иликтөө борбору быйыл июлда келечекте дүйнөдө биринчиликти талашуучу АКШ менен Кытайдын ааламдагы бедели боюнча жаңы иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоого Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары тартылган эмес, бирок ал Кытайга коңшу да, коңшу да эмес 38 мамлекетте өткөрүлүптүр.

Сурамжылоо Кытайды дүйнөнүн башкы экономикалык державасы деп санагандар саны 2008-жылга салыштырмалуу 14% көбөйгөнүн көргөзгөн. Бирок Кытайга карата түз көз карашын айткандар 38 өлкөнүн 19унда гана басымдуулук кылган.

Кытайдын калк арасындагы бедели Африка, Латын Америка чөлкөмүндө, Пакистан, Малазия, Индонезия өңдүү мусулман мамлекеттеринде жогору болсо, Европанын басымдуу бөлүгүндө, Түндүк Америкада, Жакынкы Чыгышта төмөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG