Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Соңку 20 жылдагы Борбор Азия киносу


Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” тасмасы

Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” тасмасы

Борбор Азия киносу эгемендик жылдары кандай өзгөргөнү тууралуу “Азаттык” белгилүү киносынчы Гүлнара Абикееваны кепке тартты.

Гүлнара Абикеева - Борбор Азиядагы киночулар арасында аты кеңири таанымал сынчы, 1984-жылы Москвада Бүткүл союздук кинематография институтун (ВГИКти) аяктагандан бери өмүрүн Борбор Азиянын киносун изилдөөгө арнап келаткан сейрек изилдөөчүлөрдүн бири. Региондун киносу жөнүндө жазган беш китеби үчүн ал бир топ абройлуу сыйлыктарга ээ болгон. Көп жылдардан бери Абикеева Казакстанда “Евразия” эл аралык кинофестивалынын арт-директору катары иштеп келатат.

Анын айтымында, незиги Советтер союзунун учурунда Борбор Азиянын киносунун эң ийгиликтүү учуру 1960-жылдардын башынан 1970-жылдардын алгачкы учуруна чейинки 10 жылдыкта гана байкалды. Дал ошол учурга ал Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” (1966), Абдулла Карсакбаевдин “Менин атым Кожа” (1963), Ходжакули Нарлиевдин “Келин” (1972) тасмасын кошот.

Гүлнара Абикеева: Мунун баары Советтер союзунун болгону 10 жылына туура келди. Дал ушул тасмалардан региондогу элдер өздөрүнүн нукура улуттук жүзүн, нарк-насилин, маданиятын, баалуулуктарын көрө алышты. Андан кийинки 70-80-жылдары тартылган тасмаларда коммунизмде бийликти түптөө, өндүрүштү бутуна тургузу өңдүү көбүрөөк советтик стандарттарга ылайыкташтырылган тема басымдуулук кылган.

Анан 1990-жылдары гана региондогу өлкөлөр эгемендикке ээ болушкандан кийин, кайрадан улуттук мүнөздү көрсөткөн тасмалар тартыла баштады. Бул процесс ошол учурдагы каатчылыктын канчалык оор болгонуна карабай жүрүп жаткан.

Гүлнара Абикеева

Гүлнара Абикеева

Мен кинотаануучу катары эгемендиктин алгачкы мезгилиндеги бул жараянды жакшы жагынан гана көрө алам. СССР учурунда биз жалпысынан советтик гана тасмаларды билчүбүз: бир аз грузиндердики, бир аз украиндердики, анан жалпы Борбор Азияныкы деп гана айырмаланбаса, өз алдынча маданият катары бөлүп кароо деген кыйын болчу. Эгемендик такыр башка көз-карашты, резонансты алып келди.

Төрөкул Дооров: Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы кыйынчылыктарга карабай, баары бир тасмалар тартылып жаткан. Ошолордун ичинде региондогу элдердин нукура элдик каада-салтын, маданиятын көрсөткөн кайсыл эмгектерди атай аласыз?

Гүлнара Абикеева: Казак тасмаларынан алсак, Серик Апрымовдун “Акыркы аялдама” (1990), Амир Каракуловдун “Ажырашууга себепкер кыз” (1991), ошондой эле, Абай Карпыковдун “Ашык болгон балыгын” (1989) атаса болот. Өзбекстанда кадимки махалледеги элдин турмушун көрсөткөн “Таң атканга чейин” (1994) деген жакшынакай фильм тартылган. Кыргыздан ири фигура катары суурулуп чыккан Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир” (1998) тасмасы азыр бүтүн дүйнөгө белгилүү. Бул эмгектердин баарында Борбор Азия мурдагыдан башкача, жаңыча көрсөтүлдү.

Төрөкул Дооров: Гүлнара, кийинчерээк региондогу киночулардын багыты, жанрдык табити да өзгөргөндөй болду. Бир өлкөдө коммерциялык кино өнүктү, экинчисинде социалдык тасмалар тартылды, кайсыл бир өлкөдө автордук киного артыкчылык берилгендей болду. Бир эле региондо мурда бирдей акыбалдагы кино кийин ар кандай багытта өнүгүшүнө эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Гүлнара Абикеева: Таң калтырган бир нерсе – 1990-жылдардын эң башында Борбор Азиянын баардык киночулары дээрлик бирдей эле шартта болушкан. Маселен, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды алсак, фильмдерди тартыш үчүн берилген советтик квота да бирдей эле болчу. Өзбекстанда жылына 7-8, Кыргызстанда 4, Казакстанда 4-5 көркөм тасма тартылып турду. Андан ашып кетчү эмеспиз.
Кыргыз киносунда жаңы муун жетилип бараткан учуру

Бүгүн болсо Өзбекстанда жылына 45 жакын көркөм фильм тартылат. Бул, менимче, өзгөчө таң калыра турган көрсөткүч. Бирок алардын көпчүлүгү - арзан фильмдер: 30-60 миң доллардын тегерегинде эле жалаң видеого, дигиталдык форматта тартылып калды. Эң башкысы – ал кинонун көбү тез эле өзүн актайт, анткени жергиликтүү калк жалаң өзүнүн тасмаларын көрөт. Өзбекстан өзү саясий жактан жабык болгондуктан, киночулар да шартка жараша иштегенге үйрөнүштү.

Алар тээ Советтер союзунда бизде Индиянын киносу кандай жылуу кабыл алынганын эске алып, ошондой жанрда тарта башташты. Мурдагыдан айырмасы – индиялык актерлордун оордуна өзбектер ырдап бийлешет. Булар көбүнчө жанрдык, көңүл ачуучу фильмдерди гана тартып жатышкандыктан, мен аларды “Борбор Азиядагы Болливуд” деп атап жүрөм. Азыр өзбек тасмаларын Казакстандын да, Кыргызстандын да базарларында кеңири таба аласыз. Анткени аны көргүсү келгендер көп.
Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасынан сүрөт

Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасынан сүрөт

Тилекке каршы, бул өлкөлөрдүн киночуларынын ортосунда мамлекеттик деңгээлде байланыш жакшы болбогондуктан, тартылган фильмдердин көбү биздин прокатка кире албайт. Эгерде биз бир маданий мейкиндикке киргенибизде, маселен, казак прокатынын 30% өзбек киносу ээлемек деп ишенем. Казакстандын прокатын азырынча Голливудда, Орусияда тартылган тасмалар ээлеп турат.

Кыргызстанга келсек, ал жерде, Өзбекстан же Казакстанга салыштырмалуу, акчанын аздыгынан кеңири коммерциялык фильмдерди тарта алышпайт. Бирок 2009-жылы Эрнст Абдыжапаров “Уурунун махабаты” деген жанрдык өтө жогору деңгээлдеги кооз тасма тарткан. Кыргызстандагы кинопроцесске байкоо салсаң, алар башкаларга такыр окшошпойт, өздөрүнүн жолун табышты. Актан Арым Кубат, Марат Сарулу, Темир Бирназаров, Эрнст Абдыжапаров – булар лидерлери.

Алардын артынан азыр жаңы толкун келатат. Азырынча ал жаш киночулар кыска метраждуу фильмдери менен белгилүү. Кыргыз киносунда жаңы муун жетилип бараткан учуру. Мен муну толук жоопкерчилик менен айта алам. Анткени биз быйыл сентябрда өткөргөн “Евразия” кинофестивалында Кыргызстандан “Ашыктыкты айтуунун ритуалы” деген фильм көрсөтүлдү – жаш кинорежиссерлордун үч башка тасмасынан турган новелла. Бул мыкты деңгээлдеги терең ойлуу тасмалар. Кыргыздар кеңири финансылык мүмкүнчүлүктөр болбогону менен, күчтүү жаңы муунду тарбиялап жатканы өзгөчө урматка татыйт.

Төрөкул Дооров: Сиз Өзбекстанда саясий режим жабык болгондуктан, кайсыл бир деңгээлде киночулар көңүл ачуучу тасмаларды гана тартып, Болливудга айланышына түркү болду дедиңиз. Өзбекстандын кошунасы Түркмөнстан да күчтүү авторитардык жетекчилиги, жабыктыгы менен белгилүү. Бирок бул жерде режимдин катаалдыгы Өзбекстандагыдай көңүл ачуучу жеңил фильмдердин жаралышына түрткү болбоду окшойт. Негизи, тигил же бул саясий режим кино өндүрүшүнө кандай таасир этет?

Гүлнара Абикеева: Түркмөнстан тууралуу бирдеме айтыш мен үчүн азыр, чынын айтсам, оңой эмес. Анткени мен ал жакта көптөн бери боло элекмин. Негизи, эгемендиктин эң алгачкы жылдарында Түркмөнстандын гана киночулары региондогу эң активдүүлөрүнөн болгонун билебиз. 1992-жылы Хаджикули Нарлиев башында турган киночулар “Күмүш жарым ай” деген эл аралык кинофестиваль өткөрүшкөн. Анда алар бүтүндөй түрк тилдүү элдердин киносун чогултканга жетишкен эле. Кийин 1995-жылга чейин жылына семинарларды өткөрүшчү, кинематограф үчүн үлкөн пландар жасалып жаткан.
"Түркмөнфильмде" 1965-жылы тартылган "Акыркы кадам" тасмасынан сүрөт

"Түркмөнфильмде" 1965-жылы тартылган "Акыркы кадам" тасмасынан сүрөт

Бирок 1998-жылы түркмөнбашы Сапармурат Ниязов опера, балет сыяктуу эле кинону да “түркмөндөр үчүн жат” деп, “Түркмөнфильм” киностудиясын жоюп салганда, кудум тарыхтын байланышы үзүлгөндөй болду. Студия 10 жылдай жабык турду, кино тартылбай калды. 10 жыл кино үчүн өтө эле узак мезгил. Мындан үч жыл мурда киностудия кайра иштей баштаган. Мен өзүмдүн айрым түркмөн кесиптештерим менен байланышып турам. Аларда азыр жылына 3-4 болсо да, баары бир кино тартылып жатканына сүйүнүш керек. Түркмөн киносу кайра өнүгөт го деп үмүт артып туралы.

Төрөкул Дооров: Региондогу дагы бир өлкө - Тажикстандын – кино тармагы өзгөчө кызыктуудай туюлат. Анткени бул жакта эгемендиктин орношу менен Ирандын маданий таасири көп болгону белгилүү. Ирандык белгилүү кинорежиссер Мохсен Махмальбаф да Тажикстанда жашаганын билебиз. Эгемендиктин алгачкы жылдары өлкө жарандык согушту баштан кечирди. Мына ушунун баары тажик киносуна кандай таасир этти?

Гүлнара Абикеева: Махмальбаф, албетте, азыркы дүйнөлүк кинонун улуу классиктеринин бири. Ошондуктан ал азыр дүйнөдө качкын болуп, ар жакта жүргөнү чындап өкүнтөт. Ал Ирандан Тажикстанга көчүп, 4-5 жыл жашагандан кийин Францияга көчүп кетти. 1998-жылы режиссер өзүнүн “Сукут” (же “Жымжырттык”) аттуу тасмасын Тажикстанда тарткан. Бул – көзү азиз бала жөнүндөгү аябай кооз фильм. Ал айланадагы ар кайсыл үндөрдү угуп, ошол аркылуу өзүнүн дүйнөсүн жаратып алган. Тасманын аягында бала базарда каңылтырдан буюмдарды жасаган усталардын ишин угуп, Бетховендин 9-симфониясы эсине түшөт.

Мохсен Махмальбаф

Мохсен Махмальбаф

Фильм тартылган учур - 90-жылдардын этеги болчу, Тажикстан жарандык согуштан эми гана өзүнө келе баштаган учур эле. Ушунчалык кооз, анан мүнөзү боюнча толугу менен тажикче тартылган тасма жергиликтүү көрүүчүлөр тараптан да, чет өлкөлүктөр тарабынан да көптөн күтүлгөн, жакын нерседей көрүндү. Махмальбаф тажик киносуна жаңы дем бергендей болду. Анын артынан жергиликтүү киночулар ошол кездегидей жалаң эле согуш, качкындар жөнүндө социалдык кинону гана эмес, тажик маданияты тууралуу да тасмаларды жарата башташты.

Махмальбаф өзү да ушул кездеги тажик киносунун өнүгүшүнө чоң салымын кошкон: мастер-класстарды өткөрдү, жаштар менен иштеди, жаңы тасмалар үчүн гранттарды алууга жардам берди, анан “Дидор” эл аралык кинофестивалын уюштурду. Анын президенти болчу.

Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы улуттук кинонун өнүгүшүнө Кыргызстанда өзгөчө роль ойногон фигура катары гениалдуу Актан Арым Кубатты алсак, Тажикстанда Махмальбафты атай алабыз. Жалпысынан Иран киносу ал кездери Тажикстандын эле эмес, Азербайжандын да жаңы кинематографынын жаралышына чоң таасир калтырды.

Советтер Союзунун кыйрашы менен маданияттагы “темир тосмо” да алынгандай болду. Географиялык жактан бири-биринен алыс турганына карабай, Индиянын жана Өзбекстандын киносунда жакындык бар экенин аңдадык.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG