Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Оскар-2015: “Бөрдмэн” тасмасы эң мыкты деп табылды


Быйыл “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты тасма” номинациясы АКШда тартылган “Бөрдмэн” фильмине ыйгарылды. Аны тарткан Алехандро Гонсалес Иньярриту “Эң мыкты режиссер” наамына татыктуу болду. Ошондой эле аталган тасма “Эң мыкты сценарий” жана “Эң мыкты операторлук иш” багытында да жеңүүчү аталды. Фильмге Эммануэл Любецки оператор болгон.

Ал эми жылдын “Эң мыкты актеру” наамын Эдди Редмэйн “Стивен Хокингдин ааламы” фильминдеги ролу үчүн, “Эң мыкты актриса” деп Жулианна Мур “Дагы эле Элис” тасмасындагы образы үчүн аталды.

Ошондой эле “Эң мыкты костюм”, “Мыкты грим”, “Фильмди койгон эң мыкты сүрөтчү” жана “Мыкты музыка” багыты боюнча төрт сыйлык “Гранд Будапешт отели” тасмасына берилди.

Жей Кей Симмонс “Экинчи пландагы мыкты актер”, Патриция Аркетт “Экинчи пландагы мыкты актриса” наамына ээ болушту. Дагы башка ондогон наамдар боюнча Америка киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгын тапшыруу салтанаты 22-февраль күнү Лос-Анжелесте өттү.

Кино тармагындагы мыктыларды аныктоо аземи 87-жолу өткөрүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG