Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Тажик президенти Эмомали Рахмондун дагы бир мөөнөткө шайлануусу Борбор Азиянын “түшпөс хандары” атыккан президенттери деги алмашабы деген суроолорду жаратты.

Элден кезектеги жети жылга мандат алган Эмомали Рахмон бул бийлик мөөнөтүн толук өтөсө, өлкөнү 28 жыл башкарган болот, жаш курагы 68ге чаап барат.

ЕККУ байкоочулары белгилешкендей, Тажикстанда бул ирет да реалдуу шайлоо, атаандаштык, плюрализм болгон жок. Тажик оппозициясынын айрым өкүлдөрү болсо соңку саясий өнөктүктү шайлоо эмей эле “трагикомедия” деп аташты.

Өз жактоочуларын шайлоону бойкоттоого чакырган жана анын жыйынтыгын тааныбаган Социал-демократтар партиясынын лидери Рахматулло Зоировдун айтымында, Рахмон эми президенттигинин “эң татаал” бөлүгүнө кирүүдө. Анткени Зоиров белгилегендей, өлкө реформаларга муктаж жана аларды ишке ашыруу Рахмон үчүн берилген акыркы мүмкүнчүлүк болот.

Тажикстандык эксперттердин баамында, коомчулук Рахмондон алдыда жумушсуздук көйгөйүн чечүү менен катар саясий реформаларды, саясий эркиндиктерди калыбына келтирүүнү күтүшөт. Бирок мындай реформалар ишке ашабы? Бул али жоопсуз суроолордун бири.

Дүйшөмбүлүк журналист жана саясат таануучу Саймудин Дустов “Азаттык” менен маегинде буларды айтты:

- Эксперттик коомчулук окуялардын өнүгүшүнүн эки сценарийин күтүп жатат. Биринчиси - эски-жаңы президенттин саясий-экономикалык реформаларга киришүүсү. Кол алдындагы кадрларды алмаштырып, тажик мамлекеттүүлүгүнө кам көргөн чыныгы улуттук лидерге айлануусу. Тилекке каршы бул реформачыл маанайдагы адамдардын көбүнүн каалоосу менен күтүүсү гана. Өнүгүүнүн реалдуулукка жакыныраак сценарийи мындай болот: саясаттагы негизги оюнчулардын баары өз ордуларында калат. Орун которуштуруулар жүрүп, биринин зоболосу жогорулайт, экинчисиники төмөндөйт. Балким өкмөттүн структурасы реформаланат. Бирок Тажикстанда өкүм сүргөн непотизм саясаты улантыла берет. Өнүгүүнүн ушул экинчи варианты чындыкка жакындай көрүнүп турат.

Рахмон алдыдагы жети жылдык мөөнөтүндө кандайдыр бир олуттуу саясий реформарларга бараарына оппозиция президенттикке бирдиктүү талапкер катары көрсөткөн, бирок каттоодон өткөрүлбөгөн Ойнихол Бобоназарова да ишенбейт. Бобоназарова “Азаттык” менен маегинде алар өз тарабынан саясий реформалар боюнча концепцияны турмушка ашыруу багытындагы ишти улантышарын ырастады:

- Биз реформачыл күчтөр союзун түзгөнбүз. Ал жакка катталган эки партия, катталбаган эки партия жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Жарандык коомубуз, албетте, Кыргызстандыкына салыштырмалуу алсызыраак. Арабызда илимпоздор, илимдин докторлору да бар. Биз концепциябыз жалпы улуттук документке айланышы үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. 2015-жылы кезектеги парламенттик шайлоо болот, ага катышканга аракеттенебиз, башка саясий иш-чараларга да аралашабыз. Бийлик азыркы шайлоо менен эле бизди сындырдык десе жаңылышат. Тескерисинче биз күчтөнөбүз, арабызга кошулуучу адамдар саны көбөйөт. Жактоочуларыбызга олуттуу кысымдар көргөзүлүүдө, бирок бул бизди коркутпайт. Эмнеге бара жатканыбызды билебиз жана реформаларды талап кылууну уланта беребиз. Анткени реформаларсыз, биздин ишенимибизде, сенектик абалынан чыга албайбыз, өнүгүү болбойт.

Тажикстанда өзүн реформачыл күчтөр деп атагандар президенттик шайлоо алдында жарыялаган концепция өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүп, бийлик алмашуусуна шарт түзүүнү максат кылат. Оппозициянын андагы сунуштары боюнча Тажикстанда да парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өткөрүлүшү керек, президенттин бийлиги чектелип, азыркы ыйгарым укуктарынын бир бөлүгү премьер-министрге берилүүсү зарыл. Мурдараак Реформачыл күчтөр союзу талапкери президенттик шайлоодо жеңген учурда ал өткөөл жана реформа жүргүзүүчү президент катары бир мөөнөт гана иштей турганын айтып чыккан.

Дүйшөмбүлүк саясат тануучу Саймудин Дустов кандай программа сунуш кылышпасын бүгүнкү шартта Тажикстанда оппозициянын бийликти алмаштыруусу күмөндүү, бул үчүн аларда азырынча интеллектуалдык, уюштуруучулук, каржылык да ресурс жетишсиз деп эсептейт. Андыктан, Дустовдун болжолунда, 2015-жылкы шайлоо деле бийлик кандай кааласа, ошондой өтөт. Оппозициянын жана “чөнтөк” партиялардын өкүлдөрү парламентке бийлик каалаган санда гана койо берилет. Ал эми Рахмондун кийинки пландары же анын ордун ким басарынын белгилери азыркы мөөнөттүн ортосуна барып, билине баштайт:

- Мураскердин бийликке келишин камсыздоого даярдык 2016-2017-жылдан тарта башталат. Менимче, мураскер үй-бүлөгө жакындардын арасынан болот. Бирок бир опурталдуу маселе бар. Бизде азыркы башкаруучу элита шарттуу түрдө экиге бөлүнөт. Биринчиси - үй-бүлө жана коргонтөбөлүктөр. Экинчиси - кулябдыктар. Мен кулябдыктарды шарттуу түрдө саясаттагы эркин оюнчулар деп атап койоор элем. Андыктан бийликти мурастоо үчүн күрөш башкаруучу элитанын ушул эки канаты ортосунда жүрөт. Үй-бүлөгө жана коргонтөбөлүктөрдүн тобуна тигил же бул себептен улам кирбеген кулябдык топтун ичинде да белгилүү жана саясий кызматтарды ээлеген адамдар бар, алар экономикага да таасир эте алат.

Тажик саясат таануучусу шарттуу атаган жана бийликтеги мураскерлик үчүн күрөшөт деген элиталык эки топтогулар тең жерлиги боюнча Тажикстандын азыркы Хатлон облусунан чыккандар. Президент Рахмон өзү аталган облус аймагына кирген жана Коргон-Төбөгө чектеш жайгашкан Куляб районунун Дангара айылынан болсо, жубайы Коргон-Төбөдөн.

Эксперттер жарандык согушту башынан өткөргөн Тажикстанда биринен экинчиси реванш алууга умтулган саясий кландар ортосунда карама-каршылыктын күчөшү опурталдуу экенин эскертишет.

Тажик оппозициясы президенттикке көрсөткөн Ойнихол Бобоназарованын айтымында, Конституция боюнча кийинки шайлоого Рахмон өзү бара албайт. Бирок өлкөдө бийлик алмашуунун туруктуу жана мыйзам кепилдеген механизми же салты жок болгондуктан ыңгайына жана кызыкчылыкка жараша ар кандай варианттар карала бериши мүмкүн:

- Рахмондун кадамдарын болжолдоо кыйын. Ал буга чейин Баш мыйзамды эки ирет өзгөрткөнүн эске алганда, дагы өзгөртүшү мүмкүн. Андыктан бир нерсени болжолдош кыйын.

"Бийликти жоготуу баарын жоготуу"

Батыштык айрым саясат таануучулар Борбор Азиядагы саясий режимдерди же бери дегенде колдонулуп келаткан саясий практиканы илимий тилде неопатримониалдык деп аташат. Башкаруунун мындай ыкмасында өлкөдө укуктук жана бюрократиялык структуралар бар болгону менен бардык бийлик түздөн-түз жолбашчынын колунда топтолгон. Ал эми жолбашчынын өзүнүн легитимдүүлүгү идеология же демократиялык жараяндар аркылуу келбестен жеке башына сыйынуучулук жана ал бийлик берген адамдар тобунун канчалык эффективдүү иштөөсүнө жараша камсыздалат.

Саясат таанучулар неопатримониалдык системада бийлик алмашуу өтө чоң саясий тобокелчилик менен да коштолорун белгилешет.



Бакулук саясат таануучу Арастын Оруджлунун айтымында, башкаруунун Борбор Азиянын төрт өлкөсүндө өкүм сүргөндөй моделинде бийлик алмашуусуна башкаруучу элитанын өзүндөгү ажырым гана түрткү бериши мүмкүн:

- Бул өлкөлөрдүн ичиндеги баш оорунун баары бийлик ичиндеги импульстан тутанат. Мындай өлкөлөрдө, мындай моделдерде бийликтин өз ичиндеги ажырымсыз кардиналдуу өзгөрүүлөр тууралуу айтуусу, тилекке каршы, мүмкүн эмес. Бийликтин ичинде болсо ажырым үчүн потенциал такай бар. Анткени бийлик абдан эле борборлоштурулган жана пирамиданын моделинде курулган да. Эгер бийликте ажырымдын белгилери байкалбаса деле, бул ажырым жок дегенди билдирбейт. Ажырым дайыма бар, бирок маселе ал ажырым канчалык терең жана ажырымдын тереңдеши үчүн шарт жаралдыбы же жокпу дегенде жатат. Ал эми андай шарт-жагдай биринчи кезекте ошол “улуу лидерлердин” саламаттыгы менен байланыштуу. Эгер лидердин саламаттыгында кандайдыр бир көйгөй жаралса, бийликтеги ар бир топ өлкөнүн эмес, өзүнүн келечеги жөнүндө ойлоно баштайт. Кокус бул өлкөлөрдүн президенттеринин үй-бүлө мүчөлөрү арасында проблема чыкса, ага таң калуунун кереги жок. Бул логикага сыйган эле көрүнүш.

Бакулук саясат таануучу Арастын Оруджлу Борбор Азиянын Каримов, Назарбаев өңдүү президенттеринин жашы улгайып калганына карабай, бийликти таштай албай жатышынын объективдүү жана субъективдүү себептери аралашып кеткендигин кошумчалады:

- Мунун объективдүү себептери алдында субъективдүү себептер да жатат. Объективдүү себептердин эң башкысы - калыптанып калган, күчтүү саясий системанын жоктугу. Бийлик ыйгарым укуктарынын бөлүштүрүлбөгөнү же башкаруунун институционалдык системасынын жоктугу. Мындай шарт-жагдайда бийликти кимдир бирөөгө өткөрүп берүү абдан чоң маселе да. Анткени ошол кимдир бирөө мамлекеттин тагдырын аныктоодо чечүүчү фигура болот. Бирок бул объективдүү себеп кайра субъективдүү себептерден улам келип чыккан. Субъективдүү себеп, субъективдүү мотивация саясий системаны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген жок. Бийликти таштай албоодо бул президенттер (Каримов, Назарбаев) тарыхтагы ордун эле ойлонгон жок. Алар реалист, прагматик адамдар да. Алардын колдорундагы эбегейсиз байлык жумшак айтканда легалдаштырылган эмес. Андыктан бийликти жоготуу, баарын жоготуу дегендик да.

Казак жана өзбек президенттери бийликте 24-25 жылдан бери турушканын эске алганда өз өлкөлөрүндөгү түрдүү элиталык топтордун кызыкчылыктарын тең салмактап кармоо жагынан өтө чебер саясатчылар катары саналышат. Бирок эки лидердин тең жаш курагы жетимиштин ортосуна келип калганын эске алганда, бул эки коңшуда бийлик бир колдон башкага өтүүчү мезгил жакындап калгандай. Бирок алмашуу кандай жол менен кандай деңгээлде, кандай формада болот деген суроонун жообу али бүдөмүк.

Өзбекстан: Каримовдон кийинки бийлик үчүн күрөш кызыдыбы?

Өзбекстандан чыккан соңку кабарларды айрымдар бийлик үчүн күрөш чечүүчү баскычка өткөнүнүн белгиси катары баалашты. Ал жерде соңку күндөрү буга чейин Батыш өлкөлөрүндө проблемалары болгон президент кызы Гүлнара Каримовага караштуу делген телерадио каналдар жабылып, анын менен байланышы бар делген адамдар камалып же өлкөдөн качып жатат. Каримова бул үчүн интернеттеги Twitter социалдык түйүнү аркылуу өлкөнүн атайын кызматынын төрагасы Рустам Иноятовду айыптоого өттү жана анын президент болуу мүдөөсү бар болгонун жазып чыкты. Ал эми өзүнүн бийликти мурастап калуу ою жок экенин айтууда.

Лондондо жашаган өзбекстандык талдоочу Алишер Илхамовдун пикиринде, Ислам Каримовдун саясатчы жана адам катары буга чейин байкалган сапаттарын эске алганда, ал бийликтен көзү тирүүсүндө өз эрки менен баш тартып, мураскери катары кимдир бирөөнү алып чыгышы күмөндүү. Кийинки шайлоого чейинки ыктымал сценарийлерден бири катары Алишер Илхамов төмөнкүнү атады:

- Каримов бийликти көзөмөлдөөдөн четтесе, мындан өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн тагдырына терс таасир тийиши мүмкүндүгүн түшүнөт. Андыктан ал өзүнүн чечүүчү бийлик укуктарын сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасайт. Бирок жаш курагын эске алуу менен ыйгарым укуктарын башка адамдарга аларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу шарты менен бериши мүмкүн. Өзү Каримовдун башкаруу стили спорттук аянтча кайсы жерге курулганын, отургуч кайсы жерге орнотулганын текшерип, майда-баратка чейин киришүү менен айырмаланчу. Алдыда ал анча принципиалдуу эмес маселелер боюнча көзөмөл функцияларын башкаларга берип, өзүнө жалпы жетекчиликти калтырып, бийлик укуктарынын бир бөлүгү берилген кызмат адамдарын алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн сактап калса керек. Бул кантип ишке ашарынын механизмдери, формуласы изделүү жараянында болсо керек. Менимче, кийинки шайлоого чейин азыркы абалды сактай турган формула табылып, бир нерсе иштелип чыгат. Өзбекстанда буга Конституция тоскоол боло албайт. Эгер зарыл болсо, анын каалаган беренесин өзгөртүп, учурдагы саясий максатка, өлкөнүн эмес, режимдин кызыкчылыгы, көзөмөлдү сактоо үчүн өзгөртүп койо алышат.

74 жаштагы Ислам Каримовдун кезектеги бийлик мөөнөтү 2014-жылдын декабрында аяктайт. Өлкөдө бир эле учурда президенттик да, парламенттик шайлоону өткөрүү болбойт деп табылгандыктан кийинки шайлоо 2015-жылдын жазында болот деп күтүлүүдө.

Талдоочу Алишер Илхамовдун айтымында, өзбек президентинин айланасында да бийлик үчүн атаандашкан топтор бар, бирок тобокелчиликтин чоңдугунан улам алар озунуп чыгуудан чочулап турушат:

- Бул эми бир жагынан бийлик бөлүшүүдөн кечигип калбоодон, экинчи жагынан эрте чыгып алуудан ар бири чочуган татаал шахматтык оюн да. Анткени эрте чыгып алгандык бул - өтө чоң тобокелчилик. Менимче бардыгы президент кандай аракеттерге, ким менен кандай чегинүүлөргө бараарына көз каранды. Кокус кимдир бирөө төңкөрүш же кутум даярдап жатат деген маалыматтар чыкса, ал адамды бат эле нейтралдаштырып коюшат. Мындай учурлар көп болгон.

Алишер Илхамов президент кызы Гүлнара Каримова соңку күндөрү кийинки президент болууну көздөйт деген Рустам Иноятов деле улгайган адам экендигин, эки тараптын ачыкка чыгып кеткен чатагы президент Каримов үчүн жаңы көйгөйлөрдү жаратканын кошумчалады:

- Биз азыр күбө болгондой Гүлнара Каримова менен Иноятовдун ортосунда жаңжал тутанды. Гүлнара өзү да майдандан четтеп кете элек, жаңжал болсо ачык баскычка өтүп, прессага, социалдык түйүндөргө чыгып кетти. Мындай шартта Гүлнаранын жактоочулары эмес, Иноятовдун каршылаштары үчүн ага каршы оюн жүргүзгүдөй жакшы мүмкүнчүлүк жаралып турат. Президент болсо өзү менен көп жыл иштешип калган Иноятовду анын ордуна дайындалуучу адам толугу менен лоялдуу болоруна ишенсе гана алмаштыра алат. Бул - Каримов үчүн олуттуу проблема. Айланасындагылардын ар бир лоялдуулугун, берилгендигин көргөзүшү мүмкүн. Бирок бул канчалык нукура эч ким айта албайт. Каримов кайсы бир мураскерге токтолгонун белгилери байкалбаганы бир жагынан аны жеке сапаттарына байланыштуу. Жеке мүнөзүндө шектенүүчүлүк, ыктымал кутумдардан чочуй берүү күчтүү болгондуктан тандоо жагынан анда чоң проблема бар. Менимче кимди тандабасан, ал бир да адамга акыр-аягына чейин ишенбейт.

Казакстан: Самат Абиштин ысымы көп жаңыра баштады

Президент алмашуусу кандай формада өтөрү Казакстанда белгисиз бойдон калып жатат. Саясий тобокелчиликтерди иликтөөгө адистешкен борбор – Берлиндеги Тобокелчилик институтунун эксперттери жазган баяндамага караганда, бул өлкөдө башкы бийлик үчүн атаандаштык президенттин үй-бүлө мүчөлөрү менен анын досторунун тобу ортосунда өкүм сүрүүдө.

Немис эксперттери эң маанилүү эки элиталык топтун бири катары президенттин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин тобун аташат. Негизинен жаңы бизнес элитанын өкүлдөрү кирген бул топ, немис талдоочуларынын болжолунда, өлкөнү саясий жактан ачууга артыкчылык берсе, Назарбаевдин узактан берки кызматташтарынан турган эски гвардия мында этият болууну жактайт.

Оппозиячыл саясатчы Амиржан Косановдун айтымында, өлкөдө азыр бийликтен четтеп калбоого умтулган элиталык топтордун саны он чакты жана бийликтин болочоктогу конфигурациясы алар өз ара кандайча келише аларына көз каранды болот:

- Бизде Назарбаевге түз кирип чыга ала турган, ага таасир эте ала турган он чакты топ бар. Алар бийликти талашпаса, эртең буга чейин жыйнаган капиталдарына кепилдик жок экенин билишет. Мындан улам алар кандай болгон күндө да Назарбаевден кийинки бийлик конфигурациясына сөзсүз түрдө аралашууну көздөйт. Ансыз мүмкүн эмес. Цивилизациялуу мамлекеттерде, капиталдын кепили мыйзам болсо, бизде бийлик.

Президент Назарбаев өзү бул талылуу темага өтө эле сейрек кайрылат. Быйыл 4-июлдагы телеинтервьюсунда ал Сингапурдун, Малазиянын, Орусиянын мисалдарын келтирип, жаңы лидер келген учурга өлкөдө “туруктуу система” орноосу керектигин айткан.



Бирок баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан иликтөө уюму – Эл аралык Кризис тобу өткөн айда “Казакстан өзгөрүүлөрдү күтүүдө” деген ат менен жарыялаган баяндамасында белгилегендей, проблема Казакстанда мындай система жок экендигинде, өлкөдөгү саясий институттар ачык атаандаштыкка жана плюрализмге ылайыкташпаганында.

Аталган иликтөө уюму ошондой эле өз баяндамасында, Казакстанда бийликти өткөрүүнү караган пландын бар-жогу жана качан ишке ашары ачык эместигине токтолот. Көпчүлүк баяндамачылардын пикиринде, мунун саясий тобокелчилик азыраак модели – бийликти тандалган мураскерге өткөрүү.

Коомдук проблемаларды иликтөө боюнча Алматыдагы институттун директору Меруерт Махмутова “Азаттык” менен маегинде:

- Мураскерди дайындоо менимче Казакстандын жарандарынын баары үчүн кемсинткендик болот. Анда жарандардын ой-пикири такыр эле жерилип, акыркы жыйырма жылда бийликте тургандардын капиталына кепилдик берген адам коюлуп калып жатат. Мен албетте эркин жана ачык шайлоолор өтүшүн каалайт элем. Бирок бул вариант бийликте тургандар үчүн ыңгайсыз. Менимче эгер бул маселе (президент алмашуу) өз учурунда чечилбесе, бизди сарай төңкөрүшү варианты күтөт.

Казакстандык оппозициячыл саясатчы Уалихан Кайсаровдун пикиринде, президент Назарбаев көзү тирүүсүндө өз бийлигин эч кимге бербейт. Кокус мураскер жөнүндө сөз жүрсө бул ага кан жагынан жакын адам гана болушу мүмкүн.

Казак президентинин ыктымал мураскери катары жакындарынан буга чейин кызы Дарига, агасынын улуу баласы Кайрат Сатыбалды, өз күйөө баласы Тимур Кулибаев аталып келген эле. Бирок жакындан бери эң ыктымал мураскер катары Назарбаевдин көзү өтүп кеткен агасы Сатыбалдынын кичүү баласы, азыр Улуттук коопсуздук комитет башчысынын төрага орун басары кызматын аркалаган, 35 жаштагы Самат Абиштин ысымы көбүрөөк айтыла баштады.

Оппозициячыл саясатчы Амиржан Косанов бийликти өткөрүүдө түрдүү моделдер колдонулушу мүмкүндүгүн, бирок президент ыктымал мураскерин кай чөйрөдөн алып чыкпасын саясий легитимдүүлүк маселеси чечилүүсү керектигин айтат:

- Ар кандай вариант болушу мүмкүн. Путиндин варианты колдонулушу мүмкүн. Мураскерликке буга дейре калк назарына илине элек адам чыгарылышы ыктымал. Бирок эки шарттын орундалышы талап кылынат. Биринчиси - ыктымал мураскердин саясий легитимдүүлүгү. Экинчиси - коомдун талаптарына, мүдөөсүнө канчалык шайкеш келери. Башкача айтканда, ал Казакстанда болочокто үчүнчү, төртүнчү Назарбаев болбогудай шарт-жагдай жарата алаар-албасы.

73 жаштагы Назарбаев президенттикке акыркы ирет беш жылдык мөөнөткө 2011-жылдын апрель айында шайлаган. Мыйзам боюнча кийинки шайлоо 2016-жылдын башында өтүүсү керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG