Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

"Газпром" түркмөн бийлигин жоошутууга өттү


Түркмөнстан менен Орусия ортосундагы газ чыры 2009-жылы ачыкка чыккан.
Түркмөнстан менен Орусия ортосундагы газ чыры 2009-жылы ачыкка чыккан.

"Газпром" менен "Түркмөнгаздын" баа келишими боюнча Стокгольмдо өтө турган соттук угууга бир ай калганда орус тарап түркмөн бийлигин сүйлөшүүгө чакырды.

Мурдараак газдын баасын түшүрбөсө, эл аралык сотто сүйлөшөбүз деген "Газпром" эми Түркмөнстанга өзү кол созууда.

Түркмөнстан-Орусия ортосундагы газ чырынын төркүнү тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын журналисти Гулен Кудайбердиевага суроо узаттык.

"Азаттык": "Газпромдун" акыркы билдирүүсү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Анткени мунун алдында "Газпром" "Түркмөнгазды" эл аралык сотко бергенин билдирген эле?

Гулен Кудайбердиева: Кечээ күнү "Газпром" түркмөн тарап менен соттошпостон талаш маселени өз ара сүйлөшүп чечүүгө даяр экенин билдирди. Түркмөнстан менен Орусия ортосундагы талаш өткөн жылдын орто ченинде чыккан. Орусиянын ири компаниясы түркмөн тарап келишим шарттарын аткарбады деген жүйө менен Стокгольмдогу эл аралык сотко кайрылган эле. Түркмөнстан өз кезегинде "Газпром" алган газынын акысын төлөөгө жөндөмдүү эмес деп билдирүү тараткан. Ошондон кийин акыркы бир жыл ичинде эки өлкөнүн газ мамилеси токтогон.

Кремл бул компания аркылуу өзүнүн саясий максатын канааттандырып келгенин, Борбор Азиядагы майда мамлекеттерге таасир этүү үчүн "Газпром" эң мыкты куралга айланганын белгилеп келишет.

"Азаттык": ​Айтсаңыз, "Газпромдун" назданып, экономикалык мамиледе бир таарынып, бир жазылуусунун төркүнү эмнеде?

Гулен Кудайбердиева: Бул тууралуу бирдеме деп так кесе айтуу кыйын. Анткени эки тарап тең талаштын себебин техникалык жана баа маселелерине байланыштырып келет. Бирок аналитиктердин баамында, эки мамлекеттин газ мамилесиндеги кадамдар экономикалык алкактан саясий алкакка чыгып кеткен. Кремл бул компания аркылуу өзүнүн саясий максатын канааттандырып келгенин, Борбор Азиядагы майда мамлекеттерге таасир этүү үчүн "Газпром" эң мыкты куралга айланганын белгилеп келишет.

"Азаттык": ​Биздин баамыбызда, "Газпром" менен "Түркмөнгаздын" ортосундагы талаш бир канча жалдан бери уланып келет. "Түркмөнгаз" газды көбүрөөк көлөмдө жана кымбатыраак сатууга кызыкдар экени түшүнүктүү. Бирок бул мамилелер алдын ала түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынышы керек го.

Гулен Кудайбердиева: Эки мамлекет ортосунда газ мамилесиндеги талаш 2009-жылы Орто Азия центр түтүгүндөгү жарылуудан кийин ачыкка чыкты десек болот. Жарылуунун келип чыгышына эки мамлекет бири-бирин айыптап чыгышкан. Маселен, түркмөн тарап орус компаниясы газ алууну эч эскертүүсүз токтотуп салгандыктан, түтүк ичиндеги басым чектен чыгып, жарылууга себеп болгон деп билдирген. Орус тарап "Түркмөнгаздын" бул доосун четке каккан. Ал түркмөн газына муктаж эмесин айтып, мурун түзүлгөн келишимдерге карабай газ алууну токтотуп койгон.

"Азаттык": Ушу тапта Түркмөнстандан албай койгон газды "Газпром" Өзбекстандан сатып алууда. Өзбек газы менен түркмөн газынын баасында же чыгымдарында кандай айырма бар деп ойлойсуз?

Гулен Кудайбердиева: Өзбекстанда өз өлкөсүнө газ жеткен же жетпегенине карабай сыртка сатууга камдаган жаратылыш газы бар десек болот. Мурда Түркмөнстан "Газпромго" жылына 40 миллиард куб көгүлтүр отун сатып турган. Азыр Өзбекстан 4-5 миллиард куб гана сатып жатат. Экономисттердин айтымында, бул экономикалык эмес, саясий күрөш.

"Азаттык": ​Азыркы тапта Түркмөнстан сыртка газ экспорттоп жатабы?

Гулен Кудайбердиева: Түркмөнстан газды азыр Кытайга жана азыраак өлчөмдө Иранга сатып жатат. Андан сырткары Евробиримдик менен да сүйлөшүүдө. "Транс Ооган" газ кууру курула баштады. "Транс Каспий" газ куурун куруу долбоору да каралып жатат.

XS
SM
MD
LG