Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Каримова үй камакта ачка кармалууда


Гүлнара Каримованын жаңы жарыяланган сүрөттөрүнүн бири.
Гүлнара Каримованын жаңы жарыяланган сүрөттөрүнүн бири.

Шейшембиде өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын үй камактагы жаңы сүрөттөрү анын Лондондогу өкүлү Лоскли Райан тарабынан маалымат каражаттарына жарыяланды.

Сүрөттөрдө Гүлнара үй кийимчен бир үйдүн короосунда жүрөт. Аны бир нече аскер формачан адамдар курчап алган. Бул сүрөттөрдү 16-сентябрда прессага анын Лондондогу өкүлү Лоскли Райан таркатты.

Анын айтымында, Гүлнара Каримова кызы экөө медициналык жардамга өтө муктаж жана аларды камакта ачка кармап жатышат.

42 жаштагы Гүлнара Каримова буга чейин ырчы, зер буюмдарын жасаган дизайнер, коомдук ишмер катары таанымал эле. Ал негизинен Европада жашап келген.

Өткөн күздөн тарта бийлик тараптан кысымга кабылып, маалымат империясы, ондогон кымбат дүкөнү жана башка бизнестери жабылып, анын шериктерине салыктан качкан, мыйзамсыз финансы иштерин жасаган деген олуттуу айыптар тагылган.

Бир нече күн мурда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каримова уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары шектелип, ага карата кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Лоскли Райан белгилегендей, Гүлнара Каримова саясий жүйөлөрдөн улам үй камакта кармалууда жана аны менен болуп жаткан окуянын бардыгы кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу. Анын айтымында, президенттин кызына карата куугунтукту Ислам Каримовдун айланасындагы адамдар уюштурууда. «Алар муну менен президентке болгон таасирин сактап калууну көздөп жатышат» деген Лоскли Райан Гүлнаранын Өзбекстандын саясатында эч кандай кызыкчылыгы жок экенин кошумчалады.

​Өткөн айдын соңунда Би-би-си кызматынын журналистинин колуна Гүлнараныкы делген үн жазылган аудио жана кыска видео тасма тийген. Аудиодо добушу Каримованыкына окшош аял көп айдан бери үй камакта отурганын, акыбалы начарлап кеткенин, кызы экөөнө жаман мамиле жасап жатышканын айткан.

XS
SM
MD
LG