Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Казак театры Сирияга барбоого үндөйт


"Жаннат" спектаклинен бир көрүнүш
"Жаннат" спектаклинен бир көрүнүш

Батыш Казакстан облусундагы Уральск шаарынын театрында Сириядагы урушка кетип жаткан жаштар жөнүндө спектакль коюлду. Мындай оюн жергиликтүү дин башкармалыгынын суранычы менен ишке ашууда. Казакстандын атайын кызматтары жихадчылардын катарында казакстандык 300дөй киши бар деп билдиришкен.

“Жаннат” деп аталган спектаклде көп балалуу үй-бүлөнүн тагдыры баяндалат. Анын Сүйүнүч деген тун уулу Казакстанда салттуу эмес диний агымдын жолдоочуларынын катарына кошулуп кетет. Ал сакал өстүрүп, намаз окуган, жалаң ошол диний топко кирген чаласабат, исламды жакшы билбеген кишилер менен гана мамиле курган жигит катары сүрөттөлгөн.

Сүйүнүч бир туугандарын, апасын “туура эмес жашайсыңар” деп улам сындап, үй-бүлөнүн ыркы кетет.

Спектаклдин дагы бир каарманы – Асан аттуу жергиликтүү имам казактар эзелтен эле ханафи мазхабын карманганын түшүндүрүүгө аракеттенет.

Бирок жигит апасы дүйнө салып, динчил шериктери Сирияда согушкерлер катарына кошулган жаштарды каржылоо үчүн каракчылыкка барып, кармалгандан кийин өзүнө келе баштайт. Буга чейинки көз караштары жалган экенин аңдап түшүнөт.

Спекталь соңунда ал жакындарынан кечирим сурап, сакалын алдырат.

Мындай оюн коюу демилгесин облустун дин иштери боюнча жергиликтүү башкармалыгы көтөрүп, театрга заказ бериптир. Башкармалыктын жетекчиси Талгат Нигметовдун айтымында, драманын сюжети реалдуу турмуштан алынган.

Ал эми режиссер Мукангали Томанов театр мамлекеттик идеологиянын таянычы болбоого тийиш, бирок бул окуяга өзгөчө маани берилген деп белгилейт:

- Мындай окуя чын эле болгонбу же жокпу билбейм. Спектаклге катышкан актерлордун көбү намаз окуйт, ханафи мазхабын карманышат. Театр идеологиялык курал болбошу керек экенин жакшы түшүнөм. Бирок бул проблема азыр коомдун баш оорусу болгондуктан, мен башкаларга пайда алып келүүнү гана ойлодум. Оюнду коюу үчүн гонорар алган эмесмин. Театр мамлекеттик болуп эсептелет, мен маяна гана алам. Бул - менин кызматым.

Жазында өлкөнүн маалымат каражаттары Батыш Казакстан облусундагы сот процесси тууралуу жазышкан. Сирияга барып, «Ислам мамлекети» радикал тобуна кошулууну көздөгөндүгү үчүн айыпталган үч киши 3,5 жылга түрмөгө кесилген.

Буга чейин Казакстандын атайын кызматтары Сириядагы урушка казакстандык 300дөй киши катышып жатканын билдиришкен. Алардын жарымы – аялдар. «Ислам мамлекети» интернетте жарыялаган видеолордо казак тилинде сүйлөгөн эркектер менен жашы жетелек балдар да тартылган.

XS
SM
MD
LG