Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Мурдагы казак премьеринин үй камагы узартылды


Серик Ахметов.
Серик Ахметов.

Коррупция боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Серик Ахметовдун үй камагында отуруу мөөнөтү Караганда шаардык сотунун бүгүнкү чечими менен 18-февралга чейин узартылды.

56 жаштагы Ахметов казак өкмөтүн 2012-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын апрелине чейин башкарган.

Ал “мамлекеттик бюджеттен ири өлчөмдөгү акчаны уурдаган жана кыянат пайдаланган” деген айып менен үй камагына былтыр ноябрда алынган.

Ага чейин октябрь айында ал коргоо министри кызматынан кетип, бул Ахметовдун өз чечими катары түшүндүрүлгөн эле.

Ахметов үй камагына отургузулар алдында коррупция боюнча айыпталып, Караганда облусунун губернатору Бауржан Абдишев, Караганда шаарынын мэри Мeйрам Смагулов жана башка расмий өкүлдөр да камалган. Караганда облусу - үй камагында отурган мурдагы премьердин кичи мекени. (UE)

XS
SM
MD
LG