Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:46

Ж. Цефало: Борбор Азия журналистикасы коркунучта


Геннадий Павлюк 24-декабрда Ысык-Көлдө жерге берилди. 2009-жыл.

Геннадий Павлюк 24-декабрда Ысык-Көлдө жерге берилди. 2009-жыл.

“Журналисттерге кол салуулар дүйнө боюнча күчөп баратат. Андыктан Борбор Азиядагы журналисттердин абалы кооптондуруп жатканы да таң калтырбайт”, - дейт алматылык серепчи Ж. Цефало. Анын оюнда, киши колдуу болгон журналисттердин өлүмүн иликтөөгө жергиликтүү бийликтер кызыкдар эмес.

Кыргызстандагы маалымат каражаттарына иштеген журналисттер – 51 жаштагы Геннадий Павлюк менен 27 жаштагы Саят Шулембаев – экөө тең декабрда Алматыда белгисиз бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөн.

Павлюкту 16-декабрда колу-бутун байлап, алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада жаткан жеринен өзүнө келбей, алты күндөн кийин көз жумду. Ал эми 26-декабрда Шулембаевди Алматыдагы үйүндө өлтүрүп кетишти.

Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин администрациясы бул иштер терең иликтениши үчүн укук коргоо органдары бүт аракетин жумшайт деп билдирди. Борбор Азиядагы өкмөттөр буга чейин деле мындай убадаларды берип келишкен – натыйжа болгон эмес.

Себеп

Павлюк кыргыз оппозициясы менен тыгыз иштешкен, жогорку кызматтардагылардын коррупциялык иштерин ачкан макалалары менен белгилүү эле. Ал оппозициялык “Ата-Мекен” партиясынын басылмаларын чыгарууну пландаштырып жаткан болчу. Шулембаев болсо Павлюктун өлүмү тууралуу кабарлап жаткан экен. Кыргыз бийликтери бу журналисттердин өлүмү саясатка байланышы жок дешкени менен, акыркы чабуулдар кыргыз режими да, өзбек, казак, тажик коңшуларындай эле, өзүн сындагандардын оозун тыйганга катуу киришкенин көрсөтөт.

Саят Шулембаев баш-кеңсеси Бишкекте жайгашкан «Stan. TV» телеканалынын кабарчысы эле
Былтыр жайында Кыргызстандын түштүгүндө көзкарандысыз журналист Алмаз Ташиевди милиция кызматкерлери токмоктоп салып, кийин журналист андан эсине келбей көз жумду. Ал эми Павлюк өлгөн апта Бишкекте дагы бир топ журналистти уруп кетишти.

“Чекарасыз кабарчылар” деп аталган эларалык уюм мунун баарын оппозициялык партияларга жакын журналисттерди коркутуу аракети катары сыпаттады. Кыргыз бийликтеринин убадаларына карабай, азырынча ал окуялар үчүн эч ким жоопко тартыла элек.

Батышта кеңири сөзгө алынган окуялардын бири Ошто 2007-жылы өзбек улутундагы кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун өлүмү болду.

Көптөгөн замандаштары Саиповду Өзбекстандын атайын кызматтары эле өлтүргөн деп ишенет. Бирок журналисттин өлүмүн дурус иликтей албаган кыргыз бийликтери соңку окуяларда ийгилик жаратаарына ишеним жок.

Сыноо

Быйыл 1-январдан тарта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жетектей баштаган Казакстан Павлюк менен Шулембаевдин өлүмүн иликтөөгө олуттуу киришсе дурус болмок. Бул логикага сыярлык иш болмок эле.

Бирок өзүндө талаштуу маселе боюнча белгилүү укук коргоочусу Евгений Жовтисти төрт жылга түрмөгө кескен казак бийлиги журналисттердин өлүмүнө байланышкан иш боюнча дурус жооп айтаары деле күмөн санатат.

Кыргыз режими сынды басууда чекти билбей калды
Борбор Азиядагы мамлекеттер бири-бири менен бул маселелер боюнча кызматташуусуна режимдердин лидерлери ортосундагы жекече атаандаштык да кедерги болушу мүмкүн. Региондо экономикабы, коопсуздукпу, айтор, көп тармактар боюнча лидерлер бири-бирин уккусу жок.

Ошентсе да, Павлюк менен Шулембаевдин өлүмүн иликтөө Казакстан үчүн өзү башкарган ЕККУнун стандарттарына өзү канчалык баш ийээрин аныктай турган алгачкы чоң сыноо болуп калат.

Бирок казак бийликтери журналисттердин өлүмү боюнча ишти дурус иликтегенге деле ашыкпай тургандай.

Кыргызстандагы журналисттердин укугун коргоочу “Журналист” коомдук уюмунун төрагасы Марат Токоев “Кабарчыларды коркутуп-үркүтүү, өлтүрүү өңдүү фактылар башка калем ээлерине чоң психологиялык басым болууда, - дейт. - Кылмыштардын көбү ачылбай калат жана мунун өзү коркунучту жаратат”.

Тилекке каршы, сынды көтөрө албаган борбор азиялык авторитардык лидерлерине бул абал майдай эле жагат.

Ж.Цефало - Борбор Азия маселелери боюнча алматылык адис.

Мында айтылгандар – автордун гана пикири жана ал “Азаттык” үналгысынын турумуна туура келбеши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG