Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Украина президенти Орусияга санкцияларды күчөтүүгө чакырды


Таанылбаган республиканын паспорту.
Таанылбаган республиканын паспорту.

Петро Порошенко буга Орусия тараптын Украина чыгышындагы жикчилдер тарабынан берилген паспортторду расмий таануусун себеп кылууда. Ал муну 21-февраль күнү Евробиримдиктин комиссары Христос Стилианидес менен жолуккан учурда билдирди.

Кремль өзүнүн чечимин жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын тургундарына жардам берүү максаты менен түшүндүрүүдө.

18-февралда расмий Москва президент Путиндин жарлыгын жарыялаган. Анда Украинанын Луганск жана Донецк облусунда жашаган адамдарга жикчилдер тарабынан берилген документтер Орусия тарабынан таанылары айтылган.

XS
SM
MD
LG