Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Казакстанда "Жигули" мингендер көбөйдү


"АвтоВаздын" Lada Samara жана Lada Priora маркалары былтыр Казакстанда жаңы унаалар ичинен эң көп сатылган болду.
"АвтоВаздын" Lada Samara жана Lada Priora маркалары былтыр Казакстанда жаңы унаалар ичинен эң көп сатылган болду.

Казак өкмөтү өзбекстандык өндүрүштөн чыккан Daewoo автоунааларын өлкөгө импорттого тыюу салынганын ырастады.

Расмий өкүлдөрдүн түшүндүрмөсүнө караганда, мындай чечим Бажы биримдигинин техникалык эрежелерине байланыштуу кабыл алынды. Байкоочулар Бажы биримдигинин саясатынан улам Казакстанда калктын орто катмары бара-бара Орусия өндүрүшүндөгү унааларга артыкчылык берүүгө аргасыз экенин айтышат.

Өзбекстандагы Uz-Daewoo ишканасынын Daewoo Nexia жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааларын Казакстанга алып келүүгө тыюу салынганын бул өлкөнүн Индустрия жана жаңы технологиялар министрлиги ушул аптада гана ырастады. Казак өкмөтүнүн расмий чечими болсо жыл башында эле кабыл алынган.

Министр орун басары Альберт Раунун айтымында, мындай чара Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдө 2015-жылдан тарта жаңы техникалык регламент киришине байланыштуу көрүлүүдө.

Ага ылайык, коопсуздук жаздыкчасы, ABS тормоздук системасы жок унаалар сатыкка түшпөөсү керек. Казакстандын Ишкерлер палатасынын башкармалык мүчөсү Тимур Назханов “Азаттык” менен маегинде бул иш-чара авто сүйүүчүлөргө кедергисин тийгизерин айтты:

- Бул балким аларды Казакстандын базарына киргизбөө үчүн шылтоо гана. Орусиялык өндүрүштөгү ДЭУлардан кийин өзбек автоунаалары да акыркы эки-үч жылдан бери активдүү сатылып жаткан. Анткени европалык моделдерге салыштырмалуу алардын баасы төмөн болчу.

Тимур Назханов “Азаттык” менен маегинде Казакстандын өзүндө да автоөндүрүш акырындык менен кеңейе баштаганын, бирок ички муктаждыкты канааттандырууга азырынча кудуретсиздигин кошумчалады:

- Орусиялыктар утилизациялык төлөм киргизишкен да. Мындан улам биздин өндүрүшчүлөргө да көйгөй жаралышы мүмкүн. Бул маселе бизде азырынча чечиле элек. Орусиялыктар сыяктуу биз да утилизациялык төлөмгө көчкөнүбүздө, ички базарда өндүрүлүп, сатылган унаа баасы кымбаттайт.

Калк "Жигули" алууга аргасыз

Мындан эки жарым жылча мурда Бажы биримдигинин тарифтери күчүнө кирер алдында өлкө тургундары, өзгөчө ортоңку катмар Европа, АКШ же Жапониядан унааларын сатып алууга ашыккан эле.

Бажы биримдигинин эрежелери күчүнө кирип, машине кымбаттагандан кийин өзгөчө Алматы шаары менен Алматы облусунун тургундары Кыргызстан аймагынан унаа сатып алышып, кыргыз номерлери менен жүрүүгө өтүшкөн.

Бирок казак полициясынын кыргыз номерлүү автоунааларга каршы рейддери бул тенденцияны басаңдаткандай. Мындай шартта орто катмардагы алармандар орусиялык өндүрүштөгү автоунаага артыкчылык берүүгө аргасыз болду. Бажы брокерлер ассоциациясынын төрагасы Геннадий Шестаков “Азаттык” менен маегинде:

- 2013-жылы сатылып алынган унаанын басымдуу бөлүгү Орусиянын өндүрүшүнөн чыккандар болду. Алардын арасында "Жигули" маркасы үстөмдүк кылды. Орусиялык авто өндүрүштөн, албетте, “Форд”, “Рено” өңдүү маркалардын да базарда өз үлүшү бар. Бирок орусиялык линиядан чыккандардан “Жигули” басымдуулук кылды. Биз ушундай тенденция болорун Бажы биримдигине кирер алдында айтканбыз, азыр да айтып жатабыз. Азырынча калк бүгүн баа, сапат жана ишеним жагынан ошону алууга аргасыз. Демек, Казакстандын эли ушул унаа үчүн добуш берип койду десе болот.

Геннадий Шестаков “Азаттык” менен маегинде бажы тарифтеринин кымбаттыгынан улам үчүнчү өлкөлөрдөн мурда колдонулган автоунаа алып келүү такыр эле мүмкүн болбой калганын, былтыр болгону чек арадан бир жарым миңи гана өткөнүн кошумчалады.

​Жергиликтүү “Концепто” консалтинг компаниясынын эсебине караганда, 2013-жылдын жыйынтыгы Казакстанда сатылган жаңы машинелердин 50% ашуунун орусиялык, 20% жакынын жергиликтүү өндүрүш ээлеген.

Ал эми Uz-Daewoo компаниясынын импорттоого тыюу салынган маркалары Орусиянын “Ладасынан” кийин эле экинчи орунду ээлеп, 13 миң даанадан ашуун машине соодаланган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG