Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Казакстан: Теңге рублду ээрчиди


Алматыдагы акча алмаштыруучу жай, 11-февраль, 2014.

Алматыдагы акча алмаштыруучу жай, 11-февраль, 2014.

Казакстанда теңгенин девальвациясы аймактагы ири валютанын – рублдун артынан ишке ашты. Эки валютанын куну кетишинин ортосунда байланыш барбы?

“Азаттыктын” суроолоруна Лондондогу Economist Intelligence Unit басылмасынын Борбор Азия боюнча серепчиси Алекс Найс жооп берди.


“Азаттык”: Акыркы жумаларда Казакстан валютасын арзандаткан экинчи өлкө болуп калды. Январь айында Орусияда рубль долларга карата 10 пайызга арзандаган. 11-февралда АКШ долларына каршы казак тенгеси 19 пайызга кунун жоготту. Рублдун наркынын түшүшү ансыз деле бир нече факторлордон улам алсызданган теңгеге кошумча басым жасаган жокпу?

Найс: Январдан бери өнүгүп келе жаткан экономикалуу өлкөлөрдүн улуттук валютасынын долларга салыштырмалуу кескин ылдыйлашын байкап жатабыз. Казактарга рублдун арзандашы таасир эткендир, бирок башка факторлор да бар – бул мунайдын арзандашы, экспорттун басаңдашы жана импорттун ылдам өсүшү.

Жалпысынан алганда теңгенин рублдун артынан наркы түштү десек болот. Акыркы ири девальвация 2009-жылы болгон. Анда да рублдун баасы кескин ылдыйлаганда, бул тенгеге таасир эткен. Мунун себеби - эки өлкөнүн экономикалары окшош, экөө тең мунайдын ири экспортерлору. Ошону менен бирге эле Орусия Казакстандын ири соода өнөктөшү жана мунайдан тышкары Казакстандан экспорттолчу продукцияга кардар. Рублдун куну кетип, Орусиядагы казак продукциясына баа жогорулап, бул тенгенин девальвациясына салымын кошту.

“Азаттык”: Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Кайрат Келимбетов өкмөттүн чечими боюнча, 1 доллар 185 теңге болоорун айтты. Бул бааны борбордук банк туруктуу кармап тура алат деп күтсөк болобу?

Найс: Валюта базарында божомол жасоо өтө кыйын. Бирок казак бийликтери өтө эле тез түшүрүп жиберишти. Мисалы, рубль 10 пайызга арзандаса, казак теңгеси 20 пайызга түштү – бирок Казакстанда инфляция азыраак болчу да.

Мени кызыктырганы, бийликтер алдын-ала өздөрүнө бир мүмүкүнчүлүк алып, жакынкы арада кайра тенгени күчтөнтө башташаар? Бирок теңгени күчтөнтүү бир нече факторлордон көз каранды. Бул жыл ичи мунайдын баасы ылдыйлай берсе, бул өз кезегинде экспорттун азайышына алып келип, анда Казакстан үчүн кайра өз валютасын девальвациядан коргоп алууга кыйын болот.

“Азаттык”: Теңгенин кунунун кетиши казак экономикасындагы инфляцияны күчөттүбү?

Найс: Чет өлкөдөн импорттолгон керектөөчү буюмдардын баасы шексиз жогорулайт. Бул өз кезегинде инфляцияны күчөтөт. Бирок келечекте Казакстан экономикасы диверсификациялоого аракет жасап жатканын эске алып, алсыз теңге жергиликтүү өндүрүүчүлөргө жардам берет, себеби айрымдар жергиликтүү продукцияны сатып алууну каалашат.

Бирок жакынкы келечекти алсак, инфляция абдан курчуйт жана бул чоң көйгөй. Дал ушул нерсе Казакстандагы ортоңку катмарга чоң таасир этет жана аны жиндентет.

“Азаттык”: Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн экономикасы да Орусия менен тыгыз байланышта. Валютанын девальвациясы эми Кыргызстанда жана Тажикстанда уланбайбы? Эки өлкөнүн экономикасы тең Орусияда иштеген мигранттар жөнөткөн рублдан көз каранды да...

Найс: Кыргызстанда да, Тажикстанда да импорт экспортко караганда кыйла көп. Эки өлкө тең Орусиядан келген акча которуулардан көз каранды. Рублдун наркынын төмөндөшү ошол акча которуулар азаят дегени туюндурат. Мунун жыйынтыгында кыргыздын сомуна жана тажик сомонисине да басым жасалат.

“Азаттык”: Өзбекстан сумун кандай тагдыр күтөт?

Найс: Өзбекстанды алсак, ал жерде эки көрсөткүч бар: расмий жана бейрасмий. Бейрасмий базарда сумдун баасы 30 пайызга арзан. Биз байкагандай, сум акыркы жыл кыйла эле алсырады жана бул жараян менимче келерки жылы да уланат, “кара” базарда да ушундай кырдаал түзүлөт. Бирок Казакстандагыдай чукул девальвациянын ишке ашышы күмөн, себеби Өзбекстандын бул жааттагы саясаты жабык.

“Азаттык”: Түркмөнстандачы?

Найс: Биз өнүгүп келе жаткан экономикалуу өлкөлөр тууралуу кеп салып жатабыз, ошондуктан Түркмөнстанга деле таасир этет.

Алекс Найс менен "Азаттыктын" кабарчысы Чарль Рекнегел маектешти. Аны кабарчыбыз Аида Касымалиева кыргызчалады.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG