Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Казакстанда миңдей жейрен кырылды


Жейрендер. Орусия, 2004-жыл
Жейрендер. Орусия, 2004-жыл

Казакстанда бийликтердин билдиришинче, өлкөнүн түндүгүндө дагы 100дөй жейрендин өлүгү табылды. Кызыл китепке кирген бул жаныбар жугуштуу ылаңдан кырылганы болжолдонууда.

Кустанай облусундагы Амангелди ооданында кечээ жакында эле миңге чукул жейрендин өлүгү табылган. Эми дагы жүз чакты жаныбардын өлүгү чыкканын 13-майда айыл чарба министринин орун басары Эрлан Нысанбаев Астанада кабарчыларга билдирди.

Нысанбаевдин сөзү боюнча, прокурорлор жана өкмөт кырдаалды иликтөө үчүн атайын жумушчу топторун түзүштү. Алар топурактан, суудан жана жаныбарлардын өлүгүнөн алынган үлгүлөрдү баш калаадагы мамлекеттик лабораторияга жиберишти. Анализдин жыйынтыгы бир апта ичинде белгилүү болууга тийиш.

Жейрендин өлүгүнөн күч колдонулганын айгинелеген жараат же башка өзгөчө белгилер байкалган эмес.

Нысанбаевдин сөзү боюнча, жейрендер пастерелез деп аталган инфекциядан жайран болгон болушу мүмкүн. Бул инфекция адатта малдын оозунда жана дем алуу органдарында болот.

Казакстандын Кустанай облусунда буга чейин да бөкөндөр кырылган. 22.05.2012-жыл

Биология илимдеринин кандидаты, Ал-Фараби атындагы казак улуттук университетинин профессору Кылышбек Мырзабеков да жейрендер жугуштуу ылаңдан кырылган деген пикирин билдирди.

Окумуштуунун пикиринде, буга чейин да жейрендер көп санда кырылган учурлар болгон жана жаныбарлар узак кышта алсырап кеткендиктен, тез ылаңдашат. Буга жол бербөө үчүн Мырзабеков кышкысын жаныбарларга витамин кошулган жем берүүнү сунуш этти.

Казактар кийик, элик деп да атаган, ургаачысы бөкөн деп аталган жейрендин мүйүзү тибет жана кытай медицинасында колдонулат деп эсептелинет жана бир даанасы Казакстандын кара базарында 80 долларга бааланары айтылып келет.

Кой түспөлдүү, бирок өтө тез чуркаган, көздөрү тостойгон, тик, кыска мүйүздүү жейрен дээрлик жок болуп бараткан жаныбарлардын катарына кирет. СССР кулагандан кийин аёосуз жок кылынган жейренден азыр Евразиянын талааларында 50 миң чактысы гана калган деп саналат.

Байкоңурда "Протон-М" ракетасынын жарылышы
Байкоңурда "Протон-М" ракетасынын жарылышы

​Көп сандагы жейрен браконьерлер колдуу болгон жана жогоруда окумуштуу айткандай, азыркыдай таң калычтуу жагдайда массалык кырылган учурлар буга чейин да катталган. 2012-жылдын май айында Кустанай облусундагы миңдей жейрендин өлүмүн активисттер Орусия өзүнүн космостук программасында колдонгон Байкоңур космодрому менен байланыштырган.


Байкоңурдан учуп чыккан бир нече "Протон-М" ракеталары Казакстандын үстүндө жарылып, талааларга өтө зыяндуу күйүүчү май чачылган эле.

Ал кырсыктарда уулуу булуттар пайда болуп, жергиликтүү тургундарды катуу нааразы кылган.

Жейрен бүгүн Казакстандан тышкары Монголияда жана Орусиянын Калмык жумуриятында кездешет.

XS
SM
MD
LG