Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Рио: Казакстан бир күндө эки алтын утту


Жеңишке кубанган оор атлетчи Нижат Рахимов
Жеңишке кубанган оор атлетчи Нижат Рахимов

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада топтолгон медалдардын саны боюнча Казакстан бир күндө 30-орундан 11-орунга көтөрүлдү. 10-август күнү Дмитрий Баландин жана Нижат Рахимов аттуу спортчулар Казакстандын капчыгына алгачкы эки алтынды салып беришти.

23 жаштагы оор атлетчи казакстандык Нижат Рахимов 160 килограммды булкуп көтөрдү. Кийинки түртүп көтөрүү боюнча көнүгүүдө ал 214 килограммды багындырды.

Негизги атаандашы болгон кытайлык спортчуну артка калтырып, Казакстандын капчыгына биринчи алтын медалды салды. Ал 2013-жылы Азербайжандан Казакстанга көчүп келип, казак жарандыгын алган.

Нижат Рахимов чемпион болуу үчүн канча салмак болсо да көтөрүүгө даяр экенин айтты:

- Мен бала кезимен бери спортко кошкон эмгегимди эстеп ыйладым. Өзүмө өзүм "биринчи аракет медал, экинчи аракет жеңиш болот" деп сөз бергем. Мени колдогон өлкөгө чоң рахмат. Мен ал колдоолорду көрүп, угуп турдум.

Рахимовдун машыктыруучусу Алексей Ни Рио-де-Жанейродо жеңиш алып келген салмакты ал мурун көтөрбөгөнүн айтты:

- Рахимов машыгуу учурунда мындай салмакты көтөрүүгө жетишкен эмес. Булкуп көтөрүүдөн кийин кытайлык спортчудан 12 килограмм артта бараттык. Бирок мен түртүп көтөрүүдө жеңиш биздики болоруна ишенип турдум. Мындай спортчулар дүйнө боюнча үчөө эле. Алардын эң мыктысы Казакстанда.

Казакстан капчыгына экинчи алтынды сууда сүзүү боюнча спортчу Дмитрий Баландин салды. Ал 200 метрлик аралыктын биринчи 50-метринде 4-орунда баратса, 100-метрде 2-орунга чыгып, акыркы 50-метрде ылдамдыгын арттырып, марага биринчи болуп жеткен.

21 жаштагы спортчуну Рио-де-Жанейрого коштоп барган апасы уулунун жеңишине кубанып ыйлап турду. Ал америкалык жана орусиялык атаандаштарын артка калтырды. Бул таймашта Америка күмүш, Орусия коло медал тагынды.

Дмитрий Баландин
Дмитрий Баландин

- Мен олимпиада чемпиону болгонумду али сезе элекмин. Муну кабыл алуу үчүн бир аз убакыт керек. Эң кыйыны артта калды. 8-катарда сүздүм. Адатта мындай катарда сүзгөн спортчудан эч ким жеңишти күтпөйт. Бирок ал башкаларга карап алаксыбай сүзгөнгө ыңгайлуу. Мен бүгүн бүт күчүмдү жумшап, Казакстан үчүн алтын медалды жеңдим. Жаш кезимде мен жарым финалга да жетчү эмесмин. Бирок бир жолу кайсы бир спортчу жеңгенде стадион түп көтөрүлдү. Ошондон кийин мындай жеңиш үчүн бүт өмүрдү арнап койсо болорун түшүндүм. Алга Казакстан!, - деди Дмитрий Баландин:

Учурда Казакстандын капчыгында эки алтын, эки күмүш жана үч коло медал бар. Жалпысынан жети медалы менен Казакстан дүйнө өлкөлөрү арасында 11-орунда баратат.

Казакстан быйылкы Рио-де-Жанейродогу жайкы олимпиада оюндарына 104 спортчусун жиберген.

XS
SM
MD
LG