Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

Казакстанда төлгөчүнү сөккөн киши сынга кабылды


Алматыдагы борбордук мечит, 26-октябрь, 2012-жыл
Алматыдагы борбордук мечит, 26-октябрь, 2012-жыл

Казакстанда төлгөчү аялга атырылып коркуткан кишинин тасмасы сынга кабылды.

Муфтият жана башка диний өкүлдөр өлкөдө диний экстремизмдин күч алышына тынчсыздануу билдирип, жалпы эле салттуу диний түшүнүктөгү адамдар менен касташуулар көбөйгөнү айгине болду.

7-январда "Фейсбукта" төлгөчү аялды белгисиз эркек коркуткан тасма жайгаштырылган эле. Киши өзү камераны кармап тургандыктан анын ким экенин көрө албайсыз. Ал көчөдө кар үстүндө бир кызга бал ачып отурган аялдын алдындагы үстөлчөнү өтүгү менен көмөлөтө тээп ыргытканын көрөбүз жана орто жаштагы аялды орусчалап сөккөнүн угабыз.

Киши аялды "Аллахка ишен" деп көкүтүп, "бул жерге экинчи келчү болбо" деп ызырынат.

Кыздар туруп кеткенде, түрмөдөн эми чыккан кылмышкердей сөгүнгөн киши «мечитке баргыла, намаз окугула, Аллахтан сурагыла» деп, артынан сөгүнсө, адамдын төбө чачы тик турат.

Бул окуя качан, кай жерде болуп, кандайча бүткөнү белгилүү эмес. Видеону көргөндөрдүн көбү төлгөчү аялга асылган эркекти сындап чыгышты.

Канат Камбарбеков "жакпаса карабай кой, күч менен кудайга ишендире албайсың, төлгөчүлөргө бей-бечаралар кайрылышат" деп жазды.

Мурат Хажаев "Исламды кудайга жаккан ишиң менен жеткиришиң керек. Бул киши исламга үндөбөй эле, ага каршы үгүттөйт» деди.

Диний лидерлердин туруму кандай болду?

Казакстандын Мусулмандар биримдигинин жетекчиси Мурат Телибеков видео тасмадагы кишинин аракети «исламга көө жабууга тете» деп мүнөздөдү.

«Динди өтүгүнүн күчү менен үгүттөө нагыз исламга эч кандай тиешеси жок караңгы түркөйлүк (варварство)» деп билдирди Телибеков "Азаттыктын" казак кызматына.

Телибеков ошондой эле бул окуя расмий дин өкүлдөрү үчүн да, мамлекетик идеологдор үчүн да кооптуу белги экендигин эскертти. Анын айтымында, Казакстанда диний экстремизм күч алып жатканы менен, бийликтер идеологиялык алсыздыгын көрсөтүп, социалдык абал курч алып баратат.

Ал эми Казакстандын муфтиятынын диний-агартуу бөлүмүнүн өкүлү Муарат Абдулла уулунун кат жүзүндө берген жообунда: «Зөөкүрлүк динге көө жабат, мындай көрүнүштөрдөн мусулмандарды жек көрө башташат» деп айтылды.

Казакстандагы «эмчи-домчу, экстрасенс, бүбү-бакшылар «Адам жана руханий дарыгерлер» деген борборго биригишкен. Бул борбордун 11 облуста 600 күбөлүк алган адистер иштеген филиалдары бар.

XS
SM
MD
LG