Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Казакстан түштүгүндөгү тополоң тынчыды


Ютюб каналындагы Ынтымак айылындагы тополоңдон деп айтылган видеодон скриншот
Ютюб каналындагы Ынтымак айылындагы тополоңдон деп айтылган видеодон скриншот

Казакстандын түштүгүндөгү 5-февралдагы тополоңдо бир нече машина өрттөлүп, үйлөргө залал келди. Киши өлгөндөн башталган, күбөлөр анын улуттар аралык маңызына көңүл буруп жаткан бул окуялар орун алган аймакта азыр абал тынчыганы кабарланууда.

Кабарларга караганда, Өзбекстан менен чек арадагы, казактар менен тажиктер аралаш жашаган Ынтымак айылындагы тополоң жергиликтүү тургун, улуту казак Бахтыжан Артыковдун өлүгү 4-февралда коңшулаш Бостандык айылынын жанынан табылгандын эртеси башталды.

Ютюб каналындагы Ынтымак айылындагы тополоңдон деп айтылган видеодон кар баскан көчөдө эркектердин уу-дууга түшүп жаткандыгын, ал эми социалдык тармактарга чыккан сүрөттөрдөн аңтарылып, өрттөлгөн машиналарды көрүүгө болот.

Өкмөт өкүлдөрү Артыковду өлтүргөн деп шектелген улуту тажик Навметдин Нарметовго издөө жарыялангандыгын билдирди.

Полиция кызматкери "Азаттыктын" казак кызматына телефондон тополоңго тажиктер менен казактардын ортосундагы "түшүнбөөчүлүк" себеп болгондугун билдирди.

Бийликтер аскер, полиция киргизгенден кийин Ынтымак айлында кырдаал тынчыгандыгын айтышууда.

Казак туусунун алдында турган жоокер
Казак туусунун алдында турган жоокер

Казакстандагы тажиктердин "Авиценна" маданий борбору менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Бул борбордун жетекчиси Бекпулат Ташпулатов өткөн айда жергиликтүү сыналгыдан Казакстандагы улуттар аралык ынтымакка жогору баа берип, бул өлкөдөгү негизинен дыйканчылык менен алектенген тажиктер казак экономикасына колдон келген салымын кошуп жаткандыгын айткан. Ал ошондой эле негизинен өлкөнүн түштүгүндө отурукташкан тажиктер Казакстанды өз мекени деп санай тургандыгын баса белгилеген:

– Бул жерде биздин ата-бабаларыбыздын сөөгү көмүлгөн. Биз эч жакка барбайбыз. Анткени Казакстан биздин да мекенибиз. Биз ушул жерде туулганбыз. Келечегибиз ушул жакта.

Ал эми Казакстандагы өзбектердин маданий борборунун жетекчиси Икрам Хашимжанов "Азаттыкка" чатактын улуттар аралык жаңжал эмес деп ырастады:

- Азыр бул болгон маселе жөнүндө областтык прокуратура, ички иштер башкармалыгы өтө жогорку деңгээлде жумуш аткарып, тополоң токтотулду. Мында эч кандай улуттар аралык маселе жок. Бул жөн эле эки киши урушуп кеткенден чыккан чыр. Бирок бүгүнкү күндө бардык жагдай жакшы. Бардык адамдар үйлөрүнө келип, кадимкидей жашап жатышат.

Хашимжанов ошондой эле Казакстанда күчтүү президенттик бийлик болгондуктан, улуттар аралык жаңжалга жол берилбейт деди.

Күбөлөргө шилтеме берген "Азаттыктын" казак кызматынын кабарлашынча, тополоң Ынтымак айылында башталып, Бостандыкта уланып, алтургай коңшулаш Енкес деген айылда да чырлуу окуялар болгон шекилдүү.

Казак-өзбек чек арасындагы бекет
Казак-өзбек чек арасындагы бекет

Өзбекстан менен чек арадан болгону эки чакырым аралыкта турган Ынтымак айылында 18 миң киши жашаса, алардын үчтөн бири, ал эми Бостандыкта эки жарым миңдей тургундун дээрлик 90 пайызы тажиктер. Алардан башка казак, өзбек, орус, түрк, корей, татарлар да бар. Казакстандын аймагына тажиктер 1930-жылдары көчүп келишкен.

"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, чатак учурунда "тажиктер кетсин" дегендер болду жана мектептер жабылып, бир катар тургундар Өзбекстандагы же Чимкенттеги туугандарына качып кетишти.

Ошол эле убакта бул окуялар тууралуу расмий булактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес. Аталган айылдар жайгашкан Сары-Агаш районунун прокуратурасынан "Азаттыкка" эч кандай маалымат бере албай тургандыгын айтышса, райондун акими Бухарбай Парманов "эч кандай окуя" болгон жок деди.

Чатак чыккан мезгилде бул айылдарда интернет жана чөнтөк телефон байланышы өчүп калгандыгы айтылууда. Полиция тополоң башталгандан бир сааттан кийин келген. Айрымдар тартип коргоочулар тополоң салгандарды токтотууга анча далалаттанбагандыгын белгилешти.

Ынтымак айылындагы чырды казак медиясы дээрлик чагылдырган жок. Ал эми ал тууралуу жазган "Азаттыктын" казак кызматынын интернеттеги маалыматы блокировкага туш болду.

Былтыр августта Карамурт айылындагы окуяларды жазган "Фергана.ру" сайты Казакстанда жабылып калган эле, ошол бойдон ал сайтты бул өлкөдө ачып окуу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG